Эми 2050-жылга карата ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастарына кирген 50 объекттин үчтөн бири эрип жок болмокчу. Акыркы 20 жылда Батыш Тянь-Шандын – Казакстандын, Кыргызстандын жана Өзбекстандын аймагындагы мөңгүлөр 27 пайызга кыскарды. Африка менен башка өлкөлөрдөгү абал мындан да оор. Бул тууралуу ЮНЕСКОнун климат тууралуу жаңы докладына шилтеме берип, www.news.un.org кабарлады.
Докладда айтылгандай, ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастарына кирген 50 объекттин аймагында жалпы аянты 66 миң чарчы километрди түзгөн 18600 мөңгү жайгашкан. Бул болсо, Жер шарындагы бардык мөңгүлөрдүн 10 пайызын түзөт. Анын ичинде эң эле жогору жакта турган Эвересттин жанындагы, Аляскадагы жана Африканын узатасынан жаткан акыркы мөңгүлөрү бар.
Эң кейиштүү жери – дүйнөлүк мураска кирген мөңгүлөр жыл сайын күндүн ысып баратканынан улам эрип, 58 миллиард тоннадан муздар жок болуп турат. Бул Франция менен Испаниянын таза сууга болгон жылдык керектөөсүнө туура келет. Мөңгүлөрдүн эрип кетиши, андан сырткары, глобалдуу деңиз деңгээлинин 5 пайызга көтөрүлүшүнө себеп болот.
Эсептөөлөрдөн маалым болгондой, 2050-жылга карата Кытайдын Юньань провинциясындагы “Үч жарышкан суулар” улуттук паркынын аймагында жайгашкан мөңгү жок болуп кетет. Бул – ЮНЕСКОнун тизмесиндеги эң бат эрип бараткан мөңгү.
Ага чейин эле, 25 жылдан кийин Пиренейдеги Мон-Пердю тоосундагы, Италиянын Доломит Альпы тоолорундагы, АКШнын Йеллоустон улуттук паркындагы мөңгүлөр жоголушу күтүлүп жатат. Ал эми Батыш Тянь-Шандагы мөңгүлөр 2000-жылга эле салыштырганда 27 пайызга азайып кетти. ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастарына кирген Африкадагы, анын ичинде Климанжаро улуттук паркынын аймагындагы, Кения тоосунун башындагы мөңгүлөр 2050-жылга карата толугу менен эрип, жок болушат.
ЮНЕСКОнун эксперттеринин айтымында, дүйнөлүк мурастардын калган үчтөн экисинин аймагындагы мөңгүлөрдү азырынча сактап турууга болот. Аны үчүн күндүн ысышын индустриалдык мезгилге чейинкисине салыштырмалуу 1,5 градустан ашырып жибербөө аракетин көрүү ылаазым.
Мөңгүлөр бат эрип кеткен кезде миллиондогон адамдар суу каптоолорго кабылышат. Деңиз деңгээлинин көтөрүлүшүнөн улам жашаган жерин таштап кетүүгө мажбур болушат. Айрым аймактарда кургакчылыктан жана андан келип чыгуучу кесепеттерден азап чегишет.