Дүйнө боюнча алдыдагы жакынкы жылдарда эшектердин саны кескин кыскарып кетүү коркунучу турат. Мындай жыйынтыкка Англиянын Девон графчылыгында эшектердин көбөйүшүнө көз салган уюмдар келишкен. Негизинен Кытайда Эцзяо салттуу медицинасы үчүн эшектин терисине болгон суроо-талаптын өсүп жатышына назар салышкан. Under The Skin Update аттуу изилдөөдө эгер өкмөттөр кийгилишпесе, анда дүйнө боюнча эшектердин саны алдыдагы беш жылда эки эсе кыскарып кетиши айтылат.
Кытайдын салттуу ejiao медицинасы аркылуу эшектин терисинен алынуучу, сууга жибип кетүүчү паста кан иштелип чыгууга жардам берет жана өпкө, боор жана бөйрөк үчүн пайдалуу. Ошонун айынан жылына миллиондогон эшектер өлтүрүлүп жатканы өкүнүчтүү. Кытайдын ejiao өнөр жайы жылына 4,8 миллион эшектин терисин талап кылат. Изилдөө көрсөткөндөй, 1992-жылда Кытайда 11 миллион эшек болсо, азыр болгону 2,6 миллион эшек калган.
Кытай өндүрүүчүлөрү эшектерди көбөйтүү үчүн өкмөттөн субсидияларды сурап жатышат, бул болсо мыйзамсыз эшек соодасын азайтаар эле дешет. Ал эми айрым чет өлкөлөрдө эшек терисин экспорттоого тыюу салуу менен радикалдуу кадамдарга барышууда.