Москва шаарындагы кыргыз диаспорасынын демилгеси жана уюштуруусу менен 31-август күнү Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 28 жылдыгына багышталып, кеңири програмдагы маданий жана спорт иш-чаралары болуп өттү. Бул тууралуу Кыргыз диаспорасынын Координациялык кеңеши билдирди.
Алынган маалыматка караганда, майрамдык иш-чаралар Москва шаарындагы “Кузьминки” эс алуу багында өтүп, ага диаспоранын мүчөлөрү, КРнын Россия Федерациясындагы элчилигинин, Россия Федерациясынын аткаруу бийлигинин жана Мамлекеттик Думанын, башка да тилектеш диаспоралардын, жергиликтүү орус маданий тобунун өкүлдөрү, кыргызстандыктар катышышкан.
Майрамдык иш-чаранын алкагында расмий коноктор, диаспоранын өкүлдөрү кыргызстандыктарды куттуктап, жакшы каалоолорун айтышты. Кыргыз жана тилектеш башка диаспоралардын, жеригиликтүү орус маданий тобунун күчү менен уюштурулган чоң программадагы концерт тартууланды. Улуттук даамдуу тамак-аштардын, кол өнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмөсү уюштурулуп, катышуучулардын кызыгуусун пайда кылды.
Кыргыз күрөшү, ордо, волейбол, стол тенниси, аркан тартыш сыяктуу спорттун түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлүп, жеңүүчүлөр сыйланышты. Андан тышкары, жаш балдар үчүн атайын кызыктуу программалар уюштурулду. Кыркалекей тигилген кыргыздын боз үйлөрү көз жоосун алып, жеригиликтүүлөрдү кызыктырды.
Боз үй тигүү боюнча конкурс өтүп, Кыргызстандын 7 областынан баргандар 7 үй тигишкен. Мында Сузак районунун өкүлдөрү дем берген Жалал-Абад коомунун боз үйүнүн жасалгасы, жасаган тамак-ашы байгелүү 3-орунга татыктуу болду.
Ал эми аркан тартыш оюну боюнча 40 команда катышып, мырзалар арасында Сузак районунун өкүлдөрүнөн турган Карамарт командасы 2-орунду ээледи. Жалпысынан аркан тартыш оюнунда мырзалар арасында Кара-Кулжа командасы 1-орунду, Карамарт командасы 2-орунду, Лейлек командасы 3-орунду камсыз кылган. Ал эми аялдар арасында 1-орунду “Жоролор” командасы, 2-орунду “Мисс” командасы, 3-орунду “Өзгөрүш” командасы ээледи. Мырзаларга 15 миң рубль, айымдарга 5 миң рубль сыйлык берилди.
Маданий иш-чарага активдүү катышкан мыкты ырчы-күүчүлөргө да сыйлыктар берилип, Сузак районунан чыккан таланттуу ырчылар Гүлүйпа Карымшакова менен Майрам Туралиева Ардак грамота менен сыйланышты.
-Быйыл Москва жана Тюмень шаарларындагы кыргыз диаспора мүчөлөрү, алардын аксакалдар кеңештери активдүүлүктү көрсөтүштү. Мекенден алыста жүрүшсө да жүрөгү Кыргызстан деп согуп турган мекендештер Эгемендүүлүктү жакшы даярдыктар менен өткөрүштү. Жакшы уюшкандык, активдүүлүк, демилгелүүлүк байкалды. Бул бир эсе жүртсүйөрлүк көрүнүш, экинчиден улуттук маданиятты сыртка жайылтуу эсептелет. Буюрса мындан ары да мындай жакшы саамалыкты колго алабыз, — дейт Тюмень шаарындагы кыргыз диаспорасынын акскалдар кеңешинин мүчөсү Байдылда Борбукеев.
КРнын Россия Федерациясындагы элчилиги да Москвадагы өткөн бул иш-чаралардын масштабдуу жана уюшкандыкта өткөнүн белгилеп, ыраазылык билдирди.