Жалал-Абад областында ыктыярдуу кан тапшыргандар жалпы кан тапшыргандардын 10 пайызын түзүп келген болсо, быйыл аны 20 пайызга көтөрүү пландалган. Бул тууралуу Жалал-Абад областтык кан борборунун директору Урматбек Боржуев билдирди.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өткөн жылы өлкө боюнча ыктыярдуу кан тапшыргандар жалпы кан тапшыруучулардын 2,5 пайызын гана түзгөн.
-Акысыз ыктыярдуу кан тапшыргандардын санын көбөйтүү үстүндө иштешибиз керек. Анткени бизде көп учурда канга муктаж бейтаптардын туугандары кан беришет. Алар өз учурунда жакыны үчүн оорусун жашырып айтпай коюшат. Ансыз да текшерүүдөн өтөт, бирок жакынкы күндөрү тиш даарыгерине барганын, же ушул сыяктуу жагдайларын жашырып коюшу мүмкүн. Анткени ал тууганын сактап калгысы келет. Ошондуктан ыктыярдуу донолор көп болушу керек, анткени эртең кайра өзубүзгө ошол кан керек болуп калышы толук ыктымал, — дейт У. Божуев.
Канга көбүнчө төрөт учурунда аялдар муктаж болушат. Канга муктаждык да каттоодо турган кош бойлуу аялдардын санына же былтыркы жылдагы төрөлүүлөрдүн санна карай алдын ала аныкталып турат.
Кыргызстанда ыктыярдуу кан тапшыргандарга “Ардактуу донор” наамы ыйгарылгандан кийин ай сайын 1000 сомдон акча каражаты берилип турат.