Апрелдин башында Бишкекте Кыргызстан-Кытай (СУАР — Синьцзян-Уйгур автономиялуу району) бизнес форуму болуп өтүп, анын жыйынтыктары менен эки ортодо жалпы көлөмү 1 миллиард АКШ долларынан ашкан пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу келишимдерине кол коюлду. Муну менен кыргыз-кытай кызматташтыгынын жаңы реалдуу кадамдары ташталып жатканы көрүнүп калды.
Деген менен, бул форумга Кыргызстан жана СУАР тараптан жалпысынан 300гө жакын өкмөттөрдүн министриликтеринен, элчиликтен жана түрдүү багыттарда (негизинен, энергетика, айыл-чарба жана туризм) иштешкен компаниялардын өкүлдөрү, потенциалдуу инвесторлор катышты.
Форумдун башталышында Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кытай тилиндеги кыскача видеоролик көрсөтүлүп, андан ары Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу, айыл чарба, кайра иштетүүчү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев инвестиция үчүн жагымдуу кендер жана кыргыз-кытай кызматташтыгы үчүн мүмкүнчүлүктөр тууралуу сөз сүйлөдү. Анда ал Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы товар жүгүртүү өткөн жылга салыштырмалуу 30 пайызга өскөндүгүнө, өткөн жылы Кытайдан келген чет элдик тике инвестициялар 27 пайызга жогорулаганына, Кыргызстанда айыл чарбасын инвестициялоо үчүн көп аянттагы жерлер бар болуп, аларда көптөгөн пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүн экенине токтолду.
Ошондой эле, азыркы учурда кыргыз-кытай мамилелери эң жогорку стратегиялык деңгээлге көтөрүлгөнүн жана бул иш-чара мындай мамилелердин далили экенин белгилеп өттү. Ал өз сөзүндө Кыргызстандын жашыл энергетика жаатындагы потенциалына көңүл буруп, кытайлык инвесторлорду биргелешкен ишканаларды көбүрөөк түзүүгө чакырды. Буга чейин өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалынын 10 пайызы гана ишке ашырылып келгенин, күн, шамал жана геотермалдык суулар үчүн чоң инвестициялык мүмкүнчүлүктөр турганын, чакан жана орто ГЭСтерге инвестиция салуу үчүн Кыргызстанда бизнес коргоо жана инвестиция салууну андан ары да өнүктүрүү үчүн либералдуу мыйзамдар барлыгын, инвесторлор ошондой эле иштеп тапкан капиталын коргоо жана өлкөдөн транзакциялоодо либералдык банктыктык система иштеп жатканын баса белгиледи. Кыргыз тарап кытай тарап менен иштешүүдө өз ара эсептешүүлөрдү жарым-жартылай кытай валютасында — юань аркылуу жүргүзүүгө өтүү үчүн сүйлөшүүлөргө даяр экенин жана бул кадам кыргыз экономикасын финансы системасын диверсификациялоого өбөлгө түзө турганын айтып өттү.
Андан кийин,СУАР Элдик өкмөтүнүн төрагасы Эркин Тунияз Синьцзяндын Борбордук Азия менен Улуу Жибек Жолу алкагындагы тарыхый байланыштарына жана географиялык жактан ыңгайлуу байланыштарга кыскача токтолуп, Кытай өкмөтүнүн экономикалык жетишкендиктери, ошондой эле элдер аралык жалпы тагдыр жөнүндө кыскача баяндама жасады. Кыргызстанды жалпы келечектүү коомчулукту бирге курууга жана СУАР аймагындагы бизнес мүмкүнчүлүктөрдү кенен пайдалануу менен бирге Кытай-Кыргыз мамилелеринин өнүгүүсүнө салым кошууга чакырды.
Форумдун негизги уюштуруучулары болгон КР Президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттик жана Кытайдын Эл аралык сооданы өнүктүрүү боюнча кеңешинин маалыматы таянсак, Форумдун жыйнтыгы боюнча жалпы суммасы 1 миллиард 151 миллион АКШ доллары өлчөмүндө төмөнкү макулдашууларга жана меморандумга кол коюлду:
-Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен Синьцзян шаарындагы «Даченглонгюан Энерджи Технолоджи» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда Алай районунун кыргыз-кытай чек арасындагы «Эркечтам-автодорожный» өткөрүү пунктуна жакын жерде конвейердик ленталуу көмүр логистикалык борборун куруу долбоору боюнча инвестициялык макулдашууга кол коюлду (Ош облусу);
-Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен Синьцзяндагы «Даченглонгюан энержи технологи» ЖЧКсынын ортосунда Алай районунун (Ош облусу) Эркештам аймагында шамал электр станциясын куруу боюнча меморандумга кол коюлду;
-Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен кытайлык Tebian Electric Appartus электр жана фотоэлектрдик компаниясынын ортосунда ТЭЦтин №3 жана №4 блокторун капиталдык оңдоо боюнча кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду (Бишкек шаары);
-«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы менен Кытай Эл Республикасынын Шуйчэн районундагы «Хуасинг көмүр өнөр жай компаниясы» компаниясынын жана Кыргыз Республикасындагы «Умар Тоо Кен» ЖЧКсынын туунду компаниясынын ортосунда Көк-Суусунун “Түлөк” участкасын биргелешип иштетүү боюнча биргелешкен иш-аракеттер жөнүндө макулдашууга кол коюлду — Көк-Жаңгак көмүр кени (Жалал-Абад облусу);
-«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы менен Кытай Эл Республикасынын Шуйчэн районундагы Huaxing Coal Industrial Company компаниясынын ортосундагы Көк-Жаңгак көмүр кенинин (Жалал-Абад облусу) «Түлөк» участкасында биргелешкен геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү боюнча биргелешкен иш-чаралар жөнүндө макулдашууга кол коюлду;
-«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы менен Кытай Эл Республикасынын Шуйчэн районундагы «Хуасинг» көмүр өнөр жай компаниясынын ортосундагы Көк-Жаңгак көмүр кенинин Маркай участогун (Жалал-Абад облусу) биргелешип иштетүү боюнча биргелешкен иш-чаралар жөнүндө макулдашууга кол коюлду;
-Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен “Zhongtian Zhicontrol Technology Holding Co., Ltd. – (Zhongtian Zhicontrol Technology Holding. Co. Ltd.) дрон чогултуучу заводду куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча меморандумга кол коюлду.
Тыянактар:
Кытай тарап Борбордук Азияда өлкөлөрүн инвестиялоо саясатында өзүнүн стратегиясын кеңейтип жатат. Себеби, биринчиден, Кытай үчүн, мисалга алсак, Тажикистандагыдай Рогун ГЭСин же Кыргызстанда Камбар-Ата сыяктуу узак мөөнөттө актала турган жана абдан чоң инвестияны талап кылган долбоорлор анчалык кызыктырбайт. Экинчиден келечекте Борбор Азия регионунда суу тартыштыгынан келип чыга турган чыңалууларга себепкер болуп калуу тобокел коркунучу да бар. Ошондуктан, азыркы Кытай экономикасын салыштырмалуу арзан жана көп убакытты талап кылбаган долбоорлор кызыктырат. Анын үстүнө, мындан 15-25 жыл мурда Кытайды Кыргызстандагы алтын кен казып алуу долбоорлору кызыктырса, акыркы бир нече жылдарда өлчөмү жагынан абдан чоң финансылык салымды талап кылбаган орто жана чакан алтернативдуу (жашыл) энергия өндүрүп чыгаруу долбоорлоруна инвестиция салганга кызыкдар экени көрүнүп турат. Ошондой эле, энергетикалык ресурстарын өндүрүүдө биргелешкен Кыргыз-Кытай форматындагы ишканалардын санынын көбөйүшү жана орто-жогорку звенодогу жумушчу орундарына жергиликтүү калктын өкүлдөрүн кызматка алуу — жаңы тенденция. Негизинен, Кытайда стратегиялык багытта иштеген үлкөн кирешелүү корпорациялар дайыма мамлекеттин көзөмөлүндө турат же колдоосунда ээ болуп келет. Бул болсо, өз кезегинде, глобалдык кризистик мезгилде дүйнөнүн башка корпорациялары менен атаандаштыкта артыкчылык берет.
Эркинбек КАМАЛОВ.