Сот органдарынын тийиштүү чечимдерине карабастан Ош областынын Кара-Суу райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы Кара-Суу районундагы Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн 3,28 гектар жер аянтына болгон укугун каттоодон баш тартууда. Мамкаттоо органы илгерки союз учурунда ал жер башка юридикалык жакка да берилгенин бетке кармаса, буга айыл аймагында жашаган тургундар нааразы болушууда. Анткени бул жер аянтын айыл аймагындагы социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүү үчүн пайдалануу, элдин турмуш-шартын жакшыртууга иштетүү максаты 14 жылдан бери ишке ашпай, жалаң гана соттошуу менен алек болуп келишүүдө.
Башында жер кимге берилген эле?
Эгер бул талаш маселенин мурдагы таржымалына кайрыла турган болсок, иштин жөнжайы төмөнкүдөй экенин көрүүгө болот. Тээ 1987-жылы 23-мартта Эл депутаттарынын Кара-Суу райондук совети №60 чечим менен 4 гектар жер аянтын “Кыргызстан” совхозуна өткөрүп берген. Анан 1987-жылдын 29-декабрында ошол эле Эл депутаттарынын Кара-Суу райондук совети №402 чечим менен жогорудагы жер аянтынын 2 гектарын Ош областтык керек-жарак коомунун жана кооперативдеринин биримдигинин Кара-Суудагы райондор аралык базасына берген. Андан кийин Эл депутаттарынын Ош областтык аткаруу комитетинин 1988-жылдын 28-апрелиндеги №156 чечиминин негизинде да, 1987-жылдын 16-февралындагы жер аянттарын өз ара алмаштыруу боюнча актылардын негизинде да аталган 4 гектар жер аянты азыркы Жаңы-Арык айыл өкмөтүнө таандык экени тастыкталып турат. Бул жагынан эч кандай деле талаш нерсе жок.
Андан тышкары, 1992-жылы “Кыргызстан” совхозу менен областтык керек-жарак коомунун Кара-Суу райондор аралык базасынын ортосундагы 1993-жылдын 1-июнуна чейин ошол эле жер аянты боюнча жерди ижарага алуу келишими түзүлгөн. Келишимдин негизинде областтык керек-жарак коомунун Кара-Суу райондор аралык базасы ижара акысы иретинде 400 метр темир жолун куруу жана аны бойлото 10 метрлик автоунаа жолун куруу милдетин алган. Эгер бул иштер келишимдик мөөнөттө аткарылбаган болсо, анда келишим шарттары бузула турганы да көрсөтүлгөн. Иш жүзүндө болсо, бул келишимдик милдеттер аткарылбай кала берген.
Ушул жагдай жана документтердин негизинде Жаңы-Арык айыл өкмөтү Кара-Суу райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына Ош областынын Кара-Суу районундагы Кең-Сай айылынын Ценобаза көчөсүндөгү 4 гектар аянтына укук берүүчү каттоо документтерин алуу үчүн кайрылган. Натыйжада 2008-жылы 8-октябрда Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн жалпысынан 3,19 гектар жер аянтына менчик укугу 5-04-14-1002-0027, 5-04-12-1002-0028 индентификациялык коддору менен катталып, “Б” №008030 саны менен жер аянтын мөөнөтсүз пайдалануу жөнүндө бирдиктүү мамлекеттик акты берилген.
Соттошууга кеткен он төрт жыл
Бирок, аталган 4 гектар жер аянты мурда таандык болуп келген Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтү ал жерди кайтарып алгысы келет. Ошол себептен 2008-жылы айыл өкмөтү Эл депутаттарынын Кара-Суу райондук совети тарабынан 1987-жылы 23-марттагы №60 чечим менен берилген 4 гектар сугат жер аянтын кайтарып алуу максатында доо арыз менен Ош областынын райондор аралык сотуна кайрылган. Бирок, райондор аралык соту бул маселени карап, өндүрүштөн кыскартуу жөнүндө чечим кабыл алган. Кийинки бир канча соттук териштирүүлөр да бул ишке чекит коюп, жер аянты Жаңы-Арык айыл өкмөтүнө таандык экени толугу менен аныкталып бүткөн.
Кийин бул жер аянтына Гүлмира Иманова аттуу жаран ээ катары чыгып, өзүнүн укугун талашкан. Ош областынын райондор аралык соту 2011-жылдын 8-июнундагы чечими менен ошол жер аянтынын 2 гектары Г. Иманованын менчиги деп тапкан. Анан ал чечимди Ош областтык соту 2011-жылдын 15-августунда өзгөртүүсүз калтырып, Г. Иманованын пайдасына чечим чыгарган. Бирок, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту биринчи жана экинчи инстанциядагы соттордун бул маселе боюнча чыгарган чечимдерин четке какты. Ошентип, 2012-жылдын 5-апрелиндеги токтому менен Ош областынын райондор аралык сотунун жана Ош областтык сотунун жогорудагы чечимдерин жокко чыгарды да, ишти жаңыдан кароо үчүн Ош областынын райондор аралык сотуна кайра жиберди.
Ош областынын райондор аралык соту бул ишти кароонун экинчи айланпасын баштап, 2013-жылдын 27-сентябрындагы аныктамасы менен Г. Иманованын арызы боюнча сот ишин жүргүзүүнү өндүрүштөн кыскартат. Бирок, бул жер талаш ошону менен эле токтоп калбай, Г. Иманова кайра эле сотко доо арыз менен кайрылат. Бул жолкусунда Кара-Суу районунун ошол талаш болуп жаткан жер аянтында жайгашкан, Пролетарская көчөсүндө мурунку райондор аралык базага кампаларды куруу үчүн берилген 2 гектар жер аянтына менчик укугун каттоону жана аны күбөлөндүргөн мамлекеттик актыны берүүнү райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлк укуктарын каттоо башкармалыгына милдеттендирүүнү өтүнөт.
Ош областынын райондор аралык сотунун 2014-жылдын 2-апрелиндеги чечими менен Г. Иманованын арызы канааттандырылып, 2 гектар жер аянтына анын менчик укугун каттоо жана күбөлөндүрүүчү документтерди даярдап берүү милдеттендирилген. Кийин Ош областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы 2015-жылдын 19-июнундагы токтому менен Ош областтык райондор аралык сотунун жогорудагы чечими толугу менен бузулган жана доогер Г. Иманованын арызы канааттандыруусуз калтырылган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку соту да кезегинде бул ишти карап, 2016-жылдын 9-августундагы Ош областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2015-жылдын 19-июнундагы токтомун күчүндө калтырган.
Ал ортодо Гүлмира Иманова менен Жазгүл Батырова 2015-жылдын 26-февралында ошол Савай айыл өкмөтүнүн Кең-Сай айылындагы 2 гектар аянтты соодалашып, сатуу-сатып алуу келишимин түзүшкөн. Ошентип, талаш болуп жатан жер ага чейин эле сатылып кеткени белгилүү болот. Ошого байланыштуу Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн башчысы М. Матраимов ошол сатуу-сатып алуу келишимин жокко чыгарууну сурап сотко доо арыз менен кайрылган.
Кара-Суу райондук соту аны 2017-жылдын 3-май күнү карап, доо арыз канааттандырылган жана Г. Иманова менен Ж. Батырованын ортосундагы келишим жокко чыгарылган. Кийин Ош областтык сотунун 2017-жылдын 20-июлундагы аныктамасы менен Кара-Суу райондук сотунун жогорудагы чечими өзгөртүүсүз калтырылган. Андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда да бул иш каралып, Кара-Суу райондук, Ош областтык сотторунун жогорудагы аталган чечим жана аныктамасы күчүндө калтырылган.
Соттон жеңилип калган Ж. Батырова өзүнүн мүлк кызыкчылыктарын коргоп, Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн жерге болгон менчик укугун алып салууга аракетти баштайт. Ошол максатта Ош областтык райондор аралык сотуна арыз менен кайрылып, талаштагы жер тилкесине жана анын үстүндөгү кыймылсыз мүлккө болгон укук Жаңы-Арык айыл өкмөтүнө өткөрүлбөгөнүн, чектөөлөр турганына карабастан мамлекеттик каттоо органы айыл өкмөтүнүн укугун каттап койгонун көрсөтөт да, аны мыйзамсыз деп табууну, 5-04-14-1002-0027, 5-04-12-1002-0028 индентификациялык коддору менен Г. Иманованын укугун каттоону милдеттендирүүнү сурайт. Кыскасы, жер тилкеси менен мүлккө болгон айыл өкмөтүнүн укугун алып салып, аны Г. Имановага каттоо керек дейт.
Ош областтык райондор аралык соту бул арызды карап, 2018-жылдын 27-июлундагы чечими менен Ж. Батырованын доосун канааттандыруусуз калтырган. Бирок, кийин Ош областтык сотунун чечими менен Кара-Суу райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына Г. Иманованын 790,53 чарчы метр жана 110,37 чарчы метр жерде жайгашкан кыймылсыз мүлктөргө болгон менчик укугун каттоо милдеттендирилет.
Жаңы-Арык айыл өкмөтү Ош областтык сотунун бул чечими менен макул болду жана Г. Имановага тиешелүү кыймылсыз мүлк боюнча эч кандай талаш маселе жок деп эсептейт. Бирок, калган 3,28 гектар жер аянтына айыл өкмөтүнүн менчик укугу бул жер талаш боюнча чыккан соттук чечимдердин негизинде Кара-Суу райондук жерге жайгаштыруу жана кыйлмызсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан катталууга тийиш.
Мамкаттоо эмне үчүн каттабайт жатат?
Жаңы-Арык айыл өкмөтү жана айылдык активдүү жарандардан турган демилгечилер айыл аймагына, демек, анда жашаган калкка тиешелүү жер аянтын айыл өкмөтүнө мыйзамдуу каттатып алуу үчүн 14 жылдан бери тынымсыз аракет кылып келишет. Ушунча жылдан бери соттон сотко чуркашып, көп убактыларын, каражаттарын, мээнетин сарпташып, убара тартышууда. Дайыма сот органдары тээ союз убагында жергиликтүү бийликтер тарабынан берилген жер аянты азыркы Жаңы-Арык айыл өкмөтүнө таандык экенин тастыкташып, чечимдерин чыгарып келишүүдө. Бирок, Кара-Суу райондук жерге жайгаштыруу жана кыйлмызсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы айыл өкмөтүнүн жерге болгон менчик укугун каттоодон баш тартып келет. Эмнеге?
Райондогу мамкаттоо башкармалыгы эмнени себеп катары кармоодо? Аталган башкармалыктын адистеринин айтымында, аталган 4 гектар жер аянты Эл депутаттарынын Кара-Суу райондук совети тарабынан №60 чечим менен 1987-жылы “Кыргызстан” совхозуна берилген. Ошол эле 1987-жылы Эл депутаттарынын Кара-Суу райондук совети тарабынан №402 чечим менен ошол жер аянтынын 2 гектары Ош областтык керек-жарак коомунун Кара-Суудагы райондор аралык базасына да берилген. Эми болсо, ошол №402 чечимдин негизинде быйылкы жылдын 9-январында “Ош областтык керек-жарак коомунун жана кооперативдеринин “Кара-Суудагы базасы” жоопкерчилиги чектелген коому жерге болгон менчик укукту күбөлөндүрүүчү мамлекеттик акты алууга арыз менен кайрылды. Ошол себептүү бул маселе Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 119-беренесине ылайык сот тарабынан чечилиши керек деп эсептеп, мамкаттоо органы айыл өкмөтүнүн жерге болгон менчик укугун каттабай жатат.
Ал эми сот органдары буга чейин эле жер Жаңы-Айыл өкмөтүнө таандык экенин таанып, анын пайдасына чечим чыгарышкан.
Ушул жагынан алганда Кара-Суу райондук жерге жайгаштыруу жана кыйлмызсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын позициясы түшүнүксүз жана суроолорду пайда кылат.
Айыл тургундары мамкаттоо органына нааразы
Жаңы-Арык айыл аймагынын тургундары бүгүнкү күндө айылдыктардын турмуш-шартын жакшыртуу, алардын турак жай маселесиндеги мыктаждыктарын чечүү үчүн жер участкаларын берүү өтө зарыл экенин белгилешет. Ошондуктан да айыл өкмөтүнүн 3,28 гектар жер үчүн болгон аракетин колдоп, демилгечилер соттук кароолорго активдүү катышып келишет.
Ушул маселе боюнча айылдык демилгечи топтун сот иштериндеги ишенимдүү өкүлү Абибилла Өзгөновдун, айыл аксакалы, пенсионер Абдыназар Сайназаровдун, айылдык аялдар кеңешинин төрайымы, пенсионер Жумагүл Муратованын, айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Мурат Матраимовдун пикири боюнча бул талаш жер Жаңы-Айыл айыл өкмөтүнө гана таандык. Анткени, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту 2016-жылы 9-августта бул талаш маселени карап жатып, чечим чыгаруу үчүн жүйө катары бир маанилүү нерсени эске алган. Ал маанилүү жүйө мындайча: Эл депутаттарынын Кара-Суу райондук совети 1987-жылы 29-декабрдагы №402 чечими менен 2 гектар жер участогун Кара-Суу райондор аралык базасына берген. Бирок, Кара-Суу райондор аралык базасы керектүү документтерди топтоп, белгиленген тартипте менчик укугун каттап алуу үчүн түзүмдөргө кайрылган эмес. Ошол өз убагында менчик укугун мыйзамдуу тартипте каттатып албаган жана укук күбөлөндүрүүчү документтерди да алган эмес. Ошол себептүү азыркы кезде бул жер аянты Кара-Суу райондор аралык базасына тиешелүү деп эсептелинбейт. Ошол эле кезде соттор тарабынан жерге менчик укугу Жаңы-Айыл өкмөтүнө таандык экенин аныкталып, тастыкталып бүткөн.
Анда неге Кара-Суу райондук жерге жайгаштыруу жана кыйлмызсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы соттун чечимин аткаруудан баш тартууда? Эмнеге Кара-Суу райондор аралык базасынын кызыкчылыктарына ооп жаткандай позицияны карманууда? Мамкаттоо органынын пикири Кыргыз Республикасынын атынан чыккан соттук чечимдерден да жогору турабы? Бул жагы кызык.
Деген менен, Жаңы-Арык айыл аймагынын тургундары Кара-Суу райондук жерге жайгаштыруу жана кыйиылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын аракеттерине нааразы болуп, тийиштүү жогорку органдарга кайрылууну көздөп жатышат. Кала берсе, нааразылык акциясын уюштуруу сунуштары да күчүндө.
Айылдыктардын бул 14 жылдан берки чечилбей келаткан маселе боюнча кийинки кадамдары кандай болорун убакыт көрсөтөт. Бирок, он төрт жыл бою соттон сотко чуркаган айыл өкмөтү жана анын активдүү тургундарынын адилеттиктен дале үмүттөрү бар.