Ал өз сөзүндө ойчул акындын 135 жылдыгына карата 3 миллион сомдук салым коштум деп билдирди.
Коомдук ишмер, экс-депутат Камчыбек Ташиев кечээ, 10-октябрь күнү Сузак районунда Барпы Алыкуловдун 135 жылдыгын белгилөө иш-чарасына катышты. Расмий бөлүктүн ачылуу аземинде сүйлөп жатып, Барпы Алыкуловду жаш муундар билбей калгандыгы тууралуу кеп козгоду.
-Биз Барпы айылында туулуп, ошол жерде жашаган элбиз. Айылыбыз Барпы Алыкуловдун атын алып жүргөнүнө сыймыктанышыбыз керек. Азыр бул жакта ойноп жүргөн жаш өспүрүдөрдү токтотуп, Барпы ким болгон? — деп сурадым. Бирөөсү адам болгон дейт, бир жаш бала баатыр болгон дейт. Жаш муундар Барпы Алыкуловдун ким болгонун билишпейт экен. Балдарыбызга айтып үйрөтөлү, — деди ал.
Ошондой эле К. Ташиев өз сөзүндө аталган иш-чарага айылдын жолдорун, бир канча көчөлөрүн асфальттоо менен салым кошконун билдирди.
Эске сала кетсек, экс-депутат Камчыбек Ташиев атактуу Барпы Алыкуловдун жердеши, Сузак районунун Барпы айыл аймагында туулуп-өскөн.