Июнь окуясында милииция кызматкерин мыкаачылык менен өлтүргөн жарандын иши эми гана сотко жетти. Бул тууралуу областык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн участкалык инспектору, милициянын капитаны болгон Мыктыбек Сулайманов 2010-жылдын 13-июнь күнү күнү Базар-Коргон районунда болгон улуттар аралык кастыкты козгогон окуяда кызмат өтөө учурунда зөөкүрлөрдүн колунан курман болгон. Анын кызмат учурунда жасаган эрдиги каза болгондон кийин бааланып, милициянын майору чини ыйгарылган.
Бүгүнкү күнгө чейин маркум милиционер Сулайманов жыл сайын Базар-Коргон районунун борбордук аянтында эскерилип келет. Быйыл да кызматтагы өзгөчөлүктөрү, жөнөкөйлүгү жана атына жараша мыкты инсан экендиги айтылып, эстелигине гүлчамбар коюлду.
Ал эми милициянын майору, маркум Мыктыбек Сулаймановдун өлүмүнө шектүү катары 1974-жылы туулган Базар-Коргон районунун тургунуна 2010-жылы эл аралык издөө жарыяланып, быйыл март айында Оштогу Эл аралык аэропортто кармалган жана убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөөнүн жүрүшүндө айыпталуучу өз аты-жөнүн өзгөртүп, жасалма жол менен Россия Федерациясынын паспортун алгандыгы аныкталган. Учурда тергөө амалдары толугу менен жүргүзүлүп, кылмыш иши соттун кароосуна жиберилген.