Индиянын Борбордук Азиянын бардык аймактарына болгон жумшак таасири атамзамандардан боло келген. Бул жумшак күчтүн негизги факторлоруна суфий музыкасы, Болливуд, йога жана искусстводогу жалпы мурастар, ашкана өнөрү, архитектура жана демократиялык баалуулуктар кирет.
Товар сатуудагы боло келген тоскоолдуктарга карабастан Индия англис тилиндеги билим берүү жана жогорку технологиялар жаатындагы көндүмдөрдү өнүктүрүү сыяктуу тейлөө чөйрөсүнө активдүү сүңгүп кирди, бул болсо башкаларга теңдешсиз болуу мүмкүнчүлүктөрүнө жол ачты. Бул контексттен алганда Индия өкмөтүнүн көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча кыска мөөнөттүү программалары маанилүү ролду ойнойт. Бул аймактын Өзбекстан сыяктуу өлкөлөрү фармацевтикалык препараттарды өндүрүү, жергиликтүү жана Европа рынокторуна чыгуу багытында идеалдуу жай болуп эсептелет. Индиянын көптөгөн фармацевтикалык компаниялары Ташкентте жайгашкан, алар квалификациялуу фармацевтикалык жумушчу күчүнөн пайдалануу жана атаандаштыкка туруктуу эмгек акылар жаатында пайдалуу эсептелет. Фармацевтикалык активдүү ингредиенттерди (ФАИ) импорттоонун ордуна индиялык фирмалар жергиликтүү минералдарды арзан баада пайдалануу менен Ташкентте жана башка шаарларда өндүрө башташкан. Индиялык маданий борбор Өзбекстанда 1995-жылы негизделген жана 2005-жылы Лал Бахадур Шастри атындагы Индия маданий борборуна айландырылган. Бул борбор дайымкы тартипте йога менен машыктырууларды өткөрөт.
Индиянын Борбордук Азия, анын ичинде Өзбекстан менен тарыхый байланыштары соода-сатыкты, товар алмашууну, ар кандай идеялар менен руханий байланыштарды камтып келген. Бул тарыхый узак мезгилдеги өз ара байланыштар Индиянын соода, коммерция жана маданий байланыштар жаатындагы үлкөн таржымалы бар Борбордук Азиядагы оң турпатын калыптандырды. Анан калса, Өзбекстандын көптөгөн медициналык мекемелери, анын ичинде Самарканд медициналык университети менен Бухара медициналык институту, Ташкент медициналык академиясы жана Анжиян мамлекеттик медициналык институту жыл сайын миңдеген индиялык студенттерди MBBS программасына тартып келет. Ошондой эле алар Кытай, Пакистан, Монголия, Афганистан жана Бангладеш сыяктуу өлкөлөрдөн да студенттерди кабыл алышууда. Курстар англис тилинде өтүп, хинди, орус, жана өзбек окутуучулары тарабынан окутуу жана жатакана акысы башка өлкөлөргө караганда кыйла арзан баада.
Индиянын Борбордук Азиядагы жумшак таасири улам күчөп баратканы азыркы тапта көз көрүнөө эле болуп калды. Тейлөө кызматтарын жана инвестицияларды сунуш кылуу менен Индия аймактагы мамилелерди бүтүндөй өзгөртө алат. Жумшак күч концепциясы башка өлкөлөрдүн жыргалчылыгына таасир этүү жагынан мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрүнүн артышына маанилүү роль ойнойт. Деген менен, эки тараптуу мамилелердеги анын иш жүзүндөгү таасирин сандар менен баалап көрсөтүү кыйын. Тескерисинче, аскердик жана экономикалык ресурстар жаатындагы катаал таасирлерди өлчөсө болот, алардын натыйжасын байкоого алуу жеңил.
Индия эгемендик алгандан бери ири державага айланды, бул мындай көлөмдөгү жана демографиялык артыкчылыктары бар өлкөлөр үчүн сейрек көрүнүш. Дүйнөлүк аренада Индиянын жумшак күч катары уникалдуу абалы көп полярдуу дүйнөнү калыптандырууда анын ролун арттырууда. Нью-Дели салыштырмалуу зордук-зомбулуксуз, плюралисттик демократия катары, эл аралык мааниде башка өлкөлөргө кирип баруу коркунучу жоктугу менен оң имиджди кармап келет. Зордук-зомбулуксуздук принцибин, демократияны, талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүүнү, башка өлкөлөр менен кызматташтыкты жана достук мамилелерди кармануу аркылуу Индиянын тышкы саясаты жумшак күч принциптерине шайкеш келет.
Бүгүнкү дүйнөдө туризм жаатындагы кызматташтыкты “Буддалык жалпы мурастар” принцибин колдоо менен “Сводеш-Дархан” программасынын алкагындагы буддисттик, маданий-гималай багыттары стимулдап тура алат. Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) лидерлери 2023-жылды Туризм жылы деп жарыялап, Варанаси шаарын ошол жылдагы туристтик жана маданий борбор деп таанышты. Ошол сыяктуу эле Борбордук Азия индиялыктар үчүн популярдуу багыт болууда, ал эми Казакстан Нью-Делидеги эл аралык туризм жаатындагы Versatile Excellence Travel Awards (VETA) иш-чарасында индиялык туристтер үчүн эң популярдуу деп таанылган.
AYUSH салттуу медицинасы Тажикстан жана Казакстан сыяктуу өлкөлөрдө йоганын популярдуулугун өсүшү менен таанылып жатат. Россия да аны медициналык система катары тааныды, Өзбекстанда да AYUSH медициналык билим берүүсүн өздөштүрүүгө келишим түзүлдү. Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы Эл аралык йога күнүн кабыл алгандан кийин аймакта бир катар йога борборлору ачылып, мунун өзү Индияга болгон медициналык жана саламаттык сактоо туризминин потенциалы канчалык экенин көргөзүп турат.
Көңүл ачуу чөйрөсүндө орус тилине которулган индиялык фильмдер жана телешоулар үлкөн аудиторияга ээ, ал эми Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Россия сыяктуу өлкөлөр заманбап индиялык фильмдерди тартуунун жагымдуу аймагына айланышты. Кыргызстандын Бишкек шаарындагы Индияны үйрөнүү борбору англис тилин окутууну, хинди тилине, йога менен катхакка үйрөтүүнү сунуштаса, Дүйшөмбүдөгү Свами Вивекананда маданий борбору индиялык маданий байланыштар кеңеши тарабынан дайындалган инструкторлор аркылуу катхак жана табле сабактарын сунуш кылып келет.
Тамак-аш жагы ар кайсы өлкөлөрдүн кишилеринин ортосундагы байланыштарды орнотуу жагынан маданий дипломатияда маанилүү ролду ойнойт. Борбордук Азия жана персиянын ашкана салттары таасир эткен Кашмир ашканасы Моголдордун, түрктөрдүн жана Тимур урпактарынын мурастарын кебабдар жана бириандар аркылуу чагылдырып келет. Акыркы жылдары көптөгөн индиялык ресторандар тармагы Борбордук Азияда өз иштерин кеңейте башташты.
Билим берүү жана көндүмдөрдү өнүктүрүү жагынан Индия “Индиянын техникалык жана экономикалык кызматташтыгы” (ITEC) программасынын алкагында бир катар демилгелерди көтөрдү, ал эми Индиянын маданий байланыштар боюнча кеңеши (ICCR) Борбордук Азиядан барган студенттерге стипендияларды берип келет. Эки жыл мурун, 2022-жылдагы биринчи жолку Индия-Борбордук Азия саммити учурунда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн лидерлери өз өлкөлөрүндө индиялык билим берүү мекемелеринин кампустарын түзүүгө жана бул багытта эки тараптуу кызматташууларды кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгилешкен.
Эркинбек КАМАЛОВ.