Индия Борбордук Азия өлкөлөрүн “кеңири кошуначылык” алкагында эң жакын саясий өнөктөр катары эсептейт. Бул өлкөлөр менен болгон экономикалык, стратегиялык, маданий жана коргонуу жаатындагы байланыштар Индиянын тышкы саясатынын маанилүү компоненти болуп саналат. Деген менен, мындай саясаттын келечеги барбы? Ал кандайча ишке ашырылышы мүмкүн?
Азыркы тапта Индия Россия жана Кытай сыяктуу өлкөлөр мурдатан боло келген жана таасир көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү кенен Борбордук Азия аймагындагы жаңы геосаясий оюнчу десек болот. Ошого карабастан Индия бул аймакка көңүл буруусун күчөтүп келаткан держава эсептелет. Албетте, азыркы учурда Индия менен Борбордук Азиянын ортосундагы соода-сатыктын көлөмү аталган өлкөлөр менен болгон соода көлөмүнөн кыйла аздык кылат. Мындай соода алакаларынын чектелгендигинин негизги себептеринин бири катары географиялык жакындыктын жоктугун атасак болот. Индия менен Борбордук Азиянын ортосундагы жандуу унаа коридорунун жоктугунан соода-сатык мамилелери ойдогудай ишке ашпай кала берүүдө.
Эми бул тоскоолдуктун чечилиши Афганистанга байланыштуу болуп турат. Ушундай географиялык реалдуулукту моюнга алып, Индия Борбордук Азияга жандуу көпүрө орнотуу үчүн Афганистанга бир катар инфраструктуралык долбоорлорду демилгелеп жатат. Индия “Жаңы Жибек жолу демилгелеринин” туруктуу тарапкери эсептелет жана бул максатты ишке ашыруунун жолу катары Афганистанды Борбордук жана Түштүк Азия менен куурлар, соода жана унаа багыттары аркылуу бириктирүүчү түйүн катары көрөт. Ошентип, Индия мындай демилгелер кошуна өлкөлөр тарабынан Афганистан багытын атаандашуунун эмес, кызматташуунун жолу катары карашына түрткү болор деген үмүттө.
Иш жүзүндө Индия Афганистандын өткөрмө потенциалын кеңири пайдалануу үчүн бир катар инвестицияларды жасады. Буга чейин Индия Афганистандын Кандагар жана Герат шаарларын туташтыруучу негизги автоунаа жолуна барып байланышкан Заранж шаары менен Ирандын чек ара боюндагы Деларам аймагынын ортосундагы шоосенин курулушун каржылады. Анан да 2014-жылдан кийинки кыйынчылыктардан улам Индия Өзбекстан аркылуу Афганистанга кирүүчү Түндүк бөлүштүрүүчү багытын кеңейтүүнү пландап жатат, максат – аны негизги автоунаа магистралына кошуу. Индия 2013-жылы май айында Ирандын Чабахар шаарындагы порттун өнүгүшүнө 100 миллион АКШ долларын бөлүп берип, Афганистандын борбордук аймагындагы темир кендүү Хажигактан Захедан аймагына чейин, андан ары Чабахар менен байланышуучу темир жол куруу планы тууралуу жар салган. Индия, Өзбекстан жана Тажикстан ортосундагы жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдө байланыш көйгөйлөрүн чечүү максатында трансафгандык унаа коридорун өнүктүрүү зарылдыгына негизги көңүл бурулган.
Учурда Индия Борбордук Азия өлкөлөрүн Индия жана дүйнөнүн башка өлкөлөрү менен соода-сатыкты жана байланыштарды кеңейтүү үчүн Ирандын түштүк-чыгыш жээк бойлорунда жайгашкан Чабахар шаарындагы порттон пайдаланууга чакырып келет. Бишкекте өткөн коопсуздук кеңешинин катчыларынын/улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилеринин 6-аймактык диалогунда Индиянын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисинин орун басары Викрам Мисри Афганистанда “инклюзивдүү жана өкүлчүлүктүү” өкмөттүн болушу тууралуу кеп козгогон. Ал талибдердин өлкөдөгү улуттарга болгон мамилеси консенсуска негиздениши керектигин баса белгилеген.
Индия 2021-жылы америкалыктар кеткен соң август айында Талибан өз көзөмөлүнө алган режимди тааныган эмес. Ноябрь айында мурда президент Ашраф Гани башкарган Афган өкмөтүндө иштеген дипломаттар иш-аракеттерин токтотушкан. Делидеги, Мумбайдагы жана Хайдарабаддагы элчиликтердин имараттары азырга чейин Индияда калып калган дипломаттардын колунда турат.
Бишкектеги сүйлөшүүлөр Кабулдагы Индиянын “техникалык тобунун” башчысы Талибандын “тышкы иштер министри” Амир Хан Муттаки баштаган афгандык кызыкдар тараптар менен жолугушууда болгондон кийин бир нече күндөн соң жүз берди. Индиянын Кабулдагы аймактык дискуссияларга катышканы башкаларды таң калтырганы менен, бирок расмий өкүлдөр анын маанисин анчалык капарга алышкан жок.
Индия Борбордук Азия менен Афганистан аркылуу байланыштарды арттыруу аракеттеринде көптөгөн тоскоолдуктарга жана чектелүүлөргө дуушар болуп жатат. Башкы көйгөй Афганистанга болгон түз жолдун жоктугу, анын себебинен Иран жана Пакистан сыяктуу үчүнчү жактардын мүмкүнчүлүктөрүнө кайрылууга аргасыз болууда. Деген менен, Пакистан-Афганистан багыты — иш жүзүндө ишке ашпаган кыял. Пакистан Индиянын Афганистандагы жана Борбордук Азиядагы улам өсүп бараткан таасиринен тынчсызданып, индиялык товарлардын өз аймагы аркылуу өтүшүнө уруксат бербеди.
Акыркы жылдары Индия менен Борбордук Азиянын ортосундагы мамилелер негизинен коопсуздук багытындагы кызматташтыкка байланышып келүүдө, анткени Афганистандын айланасындагы кырдаал жана диний экстремизмдин жайылышы боюнча өз ара тынчсыздануулар ушуга алып келди. Бул багытты колдоо менен премьер-министр Нарендра Модинин Борбордук Азиядагы биринчи саммитинен кийинки биринчи расмий делегацияны 2021-жылы өнөр жай жана соода министри эмес, Индиянын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси жетектеп келген. Индиянын Борбордук Азиядагы стратегиялык орун алышы Тажикстандагы Фархор жана Гиссар авиабазасынын жайгашышы менен да бекемделип, Кытайдын бул аймактагы таасиринин өсүп кетишине тең салмак түзүп турат.
Деген менен, COVID-19 пандемиясы жана афган өкмөтүнүн кулашы, Украинадагы согуш жана Кызыл деңиздеги кемелерге кол салуулар сыяктуу глобалдык жана аймактык кыйынчылыктар Индиянын соода багыттарын жана товар жөнөтүү түйүндөрүн кайра карап чыгышына мажбур кылды. Сооданы кеңири жайылтуу багытындагы негизги тоскоолдуктар Батышка кеткен кургак жолду иш жүзүндө бууп койгон Пакистан жана Кытай менен болгон мамилелердин татаалдыгында жатат. Чабахар шаарындагы порт тууралуу Иран менен түзүлгөн он жылдык келишим Индиянын товарларын Түштүк Кавказга, Борбордук Азияга жана Евразиянын кеңири аймагына алып өтүүдө тоскоол болгон жайларды айланып өтүүгө багышталган.
Эркинбек КАМАЛОВ.