Дүйнөлүк масштабда 3-орунду ээлеп турган Индиянын каржы-технология чөйрөсүндөгү жылдык кирешеси 2030-жылга карата 70 миллиард долларлык чекке жетүүсү күтүлүп жатат, бул болсо жалпы каржылык тейлөө тармагынын даректүү кирешелеринин 18-20 пайызын түзөт. Индиянын улам популярдуу болуп бараткан каржы-технология секторунун тажрыйбасынан Борбордук Азия өлкөлөрү өздөрү үчүн пайдалуу өрнөк ала алышат.
Тогуз миңден ашуун каржы-технология компаниялары бар Индия мындай каржы технологиялык компаниялардын саны боюнча дүйнөдө 3-орунду ээлейт жана өлкө ичинде стартаптарды каржылоонун 14 пайыз үлүшүн көзөмөлдөйт. Анан калса, 2030-жылга карата каржы-технологиялык индустрия 400 миллиард долларлык чекти багындырып, азыркы каржылык абалын төрт эсе жакшыртат деген божомол бар.
Деген менен, 2018-жылдан баштап 2022-жылдын аягына чейин каржылоо үч эсеге өскөн. Азыркы кезде каржы-технологиялык компаниялар санариптик төлөм операцияларында артыкчылыкка ээ: алардын үлүшү 2019-жылга салыштырмалуу 2022-жылы 2,3 эсеге өстү. Ал эми 2023-жылы каржы-технологиялар сектору 2 миллиард доллар көлөмдө каржылоого ээ болушкан.
Индия 2023-жылы каржы-технологиялык стартаптарды каржылоо боюнча дүйнөдө 3-орунду камсыз кылуу менен дүйнөлүк аренада ири оюнчунун позициясын бекемдей алды. Индиянын каржы-технологиялык рыногу өзүн дүйнөдөгү кубаттуу таасирлүү күч катары көрсөтө алды жана каржы-технологиялар рыногундагы алдыңкы катарда улам кеңейип баратат. Шри-Ланкада жана Маврикияда бирдиктүү төлөм интерфейсин (UPI) жана RuPay тейлөөсүн ишке киргизүү менен Индия каржы-технологиялар чөйрөсүндө өзүнүн таасирин ого бетер арттырды. Мурдараак UPI Францияда да иштей баштаган эле.
Бул долбоорду ишке ашыруу Шри-Ланкага жана Маврикияга барган Индия жарандары жана Маврикиянын Индияга келген жарандары үчүн UPI эсептөө кызматтарын жеңилдетет. Андан тышкары, Маврикияда RuPay карталык тейлөөсүн кеңейтүү Маврикиянын банктарына RuPay механизмин колдонуп, карталарды чыгарууга өбөлгө түзөт, бул болсо Индия менен Маврикиянын ортосундагы транзакциялардын ийкемдүү (жылмакай) болушун арттырат.
Өткөн жылы Индия Борбордук Азия өлкөлөрүнө индиялык борбордук банк тарабынан патенттелген, дүйнөгө UPI деп таанылган технологияны алардын көз карандысыз пайдаланышы үчүн акысыз берүүнү сунуштаган. Мындай система коммерциялык байланыштарды кыйла бекемдейт жана Индияга барган (балким дарылануу үчүн) кишилерге жеңилдиктерди алып келет. Бул, ошондой эле, ишкерлерге жана бул өлкөлөрдө окуп жаткан студенттерге жакшы жардам бере алат.
Анан калса, 2023-жылы февраль айында санариптик төлөм жана каржылык технология тармагында таанымал индиялык PhonePe компаниясы UPI International алкагында чегара аралык UPI төлөмдөрүн тартуулаган. Бул функция пайдалануучуларга Индиядагы өздөрүнүн банктык эсебин Бириккен Араб Эмираттарындагы, Сингапурдагы, Маврикиядагы, Непалдагы жана Бутандагы соода жайларында транзакциялар үчүн пайдаланышына жол берет. Азыркы учурда Индия дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө каржы-технология жана каржылык тейлөө тармагындагы өзүнүн инновациялык моделдери менен өрнөк болууда.
Айта кете турган нерсе, камсыздандыруу компанияларынын, айрыкча унаа камсыздандыруу секторлорунун үлүшү 2019-жылдан 2022-жылдын аягына чейин 5 эсе өстү. Бул процесс дагы да уланууда.
Google India Digital Services жана UPI новатору, Индиянын улуттук төлөм корпорациясы Индиянын чегинен сырткары UPI кызматынын камтуу чөйрөсүн кеңейтүү боюнча келишим түзүштү. Бул кызматташуу индиялык чет жактарга саякаттоочулар үчүн төлөм ыңгайлуулуктарын жогорулатат, ошондой эле бүткүл дүйнөдө кабыл алынуучу жана UPI кызматына негизделген төлөм системалары үчүн негиз түзөт. UPIде: “ Бул Индиянын улуттук төлөм корпорациясынын Индиянын эл аралык санариптик төлөм тармагында болушун бекемдөө багытындагы умтулууларына шайкеш келет” – деп баалашты. Өнөктөштүк ошондой эле салттуу акча которуу каналдарынан көз карандылыкты азайтуу аркылуу акча которууларды оптималдаштырууга көмөк берет.
Каржы-технологиясынын сектору айрыкча өнүгүп келаткан рыноктор үчүн өнүгүүнүн мыкты мүмкүнчүлүкторүн ачат, деген менен, дүйнөнүн 1,5 миллиард бойго жеткен калкы банк тейлөөсүнөн сыртта калган, дагы 2,8 миллиардынын банк кызматтарына колу жетпейт. IIFL FinTech компаниясынын жакынкы отчётторунда каржы чөйрөсүндөгү Индиянын глобалдуу дерважа катары статусу белгиленип, 2030-жылга карата анын каржы-технологиялык рыногунун көлөмү 1 триллион доллардан ашары болжолдонууда.
Индиядагы Fintech ишканалары насыялоо, төлөмдөр (P2C и P2P), инвестициялар, соода, жеке каржылар, активдерди башкаруу, кредиттик рейтингдер, камсыздандыруу жана башка көптөгөн кызматтарды кошуп алганда көптөгөн продукт жана тейлөөлөрдүн спектрин камтыйт. Индия өзүнүн абдан динамикалуу каржы-технологиялык сектору менен дүйнөгө мактана алат жана анын өнүгүү перспективалары көптү үмүттөндүрөт. Деген менен, өлкөнүн дээрлик жарымы дале онлайн-тейлөөгө жетише элек, айрыкча Индия жакынкы он жылдыкта 5G дооруна кире турганын эске алсак, бул сектор мындан аркы кеңейтүүгө даяр.
Каржы-технологиясынын ар кайсы майда секторлору пайда болуп, дүйнөлүк каржы секторунун үлкөн оюнчуларынын арасында популярдуу болуп калышты. Индиянын каржы кызматтарынын индустриясы санариптик трансформация чөйрөсүнө кирди жана өздөштүрүү жаатында өзүнүн эл аралык өнөктөрү менен болгон ажырымды бат эле кыскартып жатат. АКШ, Улуу Британия, Израиль, Сингапур, Гонконг жана Сидней сыяктууларды кошуп, дүйнөнүн чартарабында көптөгөн каржы-технология борборлору пайда болду. Бул хабдар өнүгүп келаткан рыноктордо өнүккөн каржы-технология үчүн багыт берүүчү кызматты аткара алат.
Күтүлүп жаткандай, каржы технологиялар чөйрөсүндөгү Индиянын кирешелери жылына 35 пайыз же андан жогору өнүгө бермекчи жана 2030-жылга карата 190 миллиард доллар кошумча кирешеге жетмекчи. Функционалдык чечимдер үчүн GenAI, инклюзивдүүлүк жана орноп калган каржылоонун өсүшүнүн мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу үчүн DPI 2.0 алкагында жеке инновацияларга, BaaS 2.0, CBDC жана контексттик насылоонун ролун жана милдеттерин аныктоо, көмөк көрсөтүү үчүн мыкты саясий структураны түзүү каралган.
Давостогу жыл сайынкы жыйынында отчётту жарыялоо менен Бүткүлдүйнөлүк форум каржы-технология компаниялары чек ара аралык, негизинен алардын штаб-квартиралары жайгашкан өзүнүн аймагында операцияларды кеңейтип жатышканын билдирди. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, Сингапур, Улуу Британия, АКШ жана Индия сыяктуу динамикалуу өнүгүп жаткан борборлордо каржы-технологиялык корпорациялардын штаб-квартираларынын гүлдөп-өнүгүп жаткан кластерлери жайгашкан. Сурамжыланган өлкөлөрдүн арасында каржы технологияларын түзүп жаткан салмактуу өлкөлөр АКШ, Улуу Британия, Сингапур, Мексика жана Индия болуп саналат.
Эркинбек КАМАЛОВ.