Жүзүмдүктүн ар гектарынан 35 миңден 50 миң долларга чейин киреше тапса болот, дешет молдовалык эксперттер. Алардын айтымында, муну үчүн өлкөдө жогорку интенсивдүү айыл чарбасын өнүктүрүү зарыл, ал өз кезегинде бийликтер каалаган ички дүң продукциянын көлөмүн камсыз кылып берет.
Бул тууралуу Молдованын Viitorul өнүгүү жана социалдык демилгелер институтунун (IDIS) экономикалык саясат боюнча эксперти Вячеслав Ионицэ телевидениедеги сукбат учурунда айтканын Noi.md интернет басылмасы жазып чыкты.
Эксперттин айтуусуна караганда, Молдованын айыл чарбасында реалдуу үлкөн өсүүлөр жүз бериши ыктымал, аны үчүн колдо болгон ресурстарды мүмкүн болушунча ыктуу пайдалануу зарыл. Вячеслав Ионицэ учурда дан өсүмдүктөрүнүн, мисалы буудайдын, жүгөрүнүн ар гектарынан 700 доллардан киреше алса болорун айтат. Ошол эле кезде жогорку технологиялык мөмө-жемиштердин, атап айтканда, жүзүмдүктүн ар гектарынан 35 миңден 50 миң долларга чейин экспорттук киреше алса болорун белгилейт.
Аталган институттун эксперти Молдованын өкмөтү ички дүң продукциянын көлөмүнүн жыл сайынкы өсүшүн 8 пайыздан камсыз кылуу ниети барлыгын ортого салып, айыл чарбасындагы интенсивдүү өнүм үчүн астейдил инвестицияларды тартуу менен бул тармактын жалпы ички дүң продукциянын өсүшүнө карата салымын 2 пайызга жеткирсе болорун тастыктайт.
Эксперттин пикирине караганда, азыркы тапта Молдовада жогорку кесипкөй агрономдордун эмгеги жогору бааланууда, алар айына 4000 евродон маяна алышы мүмкүн.
Булак: https://east-fruit.com