Өлкөдө карантин алынып салынгандан кийин COVID-19 инфекциясынын кайра күчөп баратышы байкалат. Бул биринчи кезекте санитардык-гигиеналык талаптардын сакталбаганын көрсөтөт. Мындай учурда эмне кылуу керек? Жалал-Абад областындагы медицина тармагы, коомчулук эмнелерди жасап жатат? Негизги көйгөйлөр кайсылар? Ушул темада Жалал-Абад областтык үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары Гүлнара МАМАТАЛИЕВАга бир нече суроолорду жолдодук.
-Белгилүү болгондой, таажы вирусу биринчи болуп Жалал-Абад областында пайда болду. Буга биз даяр белек? Алдын ала кандайдыр даярдыктар болду беле?
-Албетте, бизде алдын ала даярдыктар болгон. Өткөн жылы декабрь айында эле Кытай Эл Республикасынын Ухань шаарында ушундай вирус таркаганы тууралуу кабар келген. Биз ал вирус тууралуу маалыматтарга ээ болуп, биринчи кезекте чек аралар жабылды, тийиштүү чек ара аймактарына постторду койдук. Анан бизде иштеп жаткан кытай жарандарын эсепке алып, тактап, аларды көзөмөлдөп турдук. Медицина чөйрөсүндө да даярдыктарды көрдүк, бизге бул вирус кирип келбесин үчүн аракет кылдык. Ошондуктан да умрадан кайтып келгендер арасынан вирус аныкталганда бизде паника болгон жок. Биз ошол вирус очокторун дароо көзөмөлгө алдык, өкмөт тарабынан штабдар түзүлдү, карантин жарыяланды. Байланышта болгон кишилерди аныктап, тизмелеп, ыкчам көзөмөл иштери алып барылды. Ошондуктан да бизде массалык ооруп калуулар, ооруканалардын да ашыкча кыйынчылык менен иштеши болгон жок. Өз убагында обсервацияга алуу, үй шартында көзөмөлгө алуу, ооруканада дарылоо иштери жакшы натыйжа берди. Ошол алдын ала даярдыктарыбыз бар үчүн бизде Италия же башка өлкөлөр сыяктуу оор абал түзүлбөдү. Албетте, баары эле сонун болду деш кыйын, алгачкы учурларда бизде коргоочу костюмдар, респираторлор азыраак болду, бирок кийин бул жетишпестик да жоюлуп, баары ордуна түштү.
-Таажы вирусу областтагы медицинанын кайсы алсыз же жетишсиз жагын көрсөтө алды? Балким вирусологдор жок болгондур же техникалык жактан кыйынчылык пайда болгондур. Анан калса, медиктердин даярдыгынын жетишсиздиги байкалып, кыйынчылык туудургандыр?
-Албетте, таажы вирусу бизге биринчи жолу келди, мурда ушуга окшогон оорулар башка мамлекеттерде болуп келген, бизде жок эле. Биринчи жолу келгенине карабастан Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан талаптар коюлуп, анан Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан ар кандай рекомендациялар, клиникалык протоколдор келди. Дарылоо ыкмалары тууралуу бизде жетишерлик даярдыктар болду, ошонун натыйжасында бизде кайсы бир олуттуу жетишпестиктер, кыйынчылыктар байкалган деле жок. Кантсе да борбордук медицина менен аймактык медицинанын ортосундагы айырмачылык бар, аны салыштырууга болбойт. Ал жактагы жалпы медициналык, техникалык база бизге караганда кыйла жогору деңгээлде, адистердин потенциалы көп. Бизде областтык клиникалык ооруканада пульмонолог адиси бар, калган район-шаарларда андай адис жок. Бирок, абалы оор бейтаптарды биз областтык ооруканага алып келип, дарылап жаттык, жеңил түрү менен ооругандар аймактарда эле дарыланышты. Ошентсе да бизде адегенде эле өпкөнү желдетүүчү аппараттардын жетишсиздиги байкалды, бирок аны да кийин толук камсыз кылып алдык, бүгүн мындай көйгөй дегеле жок. Дагы бир байкалган жетишпестик – алып жүрүүчү рентген аппараты болду. Себеби жеринде өпкөнү текшерип тартканы керек болот экен, бейтап изоляцияга кирип кеткен соң аны жасаш кыйын болуп калат. Бактыга жараша, бул аппараттарды да биз көп күтпөй колубузга алдык, кыйынчылык болбой калды.
-Бүгүнкү күндө Жалал-Абад областында да карантин алынып, эл мурдагыдай эле турмушка кирип кетти. Шаарларда, район борборлорунда, базарларда толгон эл жүрөт. Бирок беткап тагынган эч ким жок. Демек, антсептиктер да колдонулбай жатат. Эмнеге көзөмөл жүрбөй калды деп ойлойсуз. Абал ушунчалык эле туруктуу болуп калдыбы?
-Биз врач катары дайыма бир жарым метр аралыкты сактоону, беткап тагынууну, көп адам чогулган жерге барбоону, барса да беткап менен антсептиктерди колдонууну унутпоону, колду дайыма самындап жууп турууну айтып, үйрөтүп келебиз. Республикалык ден соолук чыңдоо борборунан плакаттар, ар кандай үгүт каражаттары таркатылып жатат, телевидениеде да бул тууралуу дайыма жайылтылып, гезиттерге жазылып келет. Бирок, эл деген эл экен да, ар бирин көзөмөлдөп турууга мүмкүндүк жок. Жеке мен айрым дүкөндөргө киргенде ал жердеги абалга көңүл бурам, туура эмес абалды сындап, эскертип турам. Ооба, көп жайларга беткапсыз эле киргизип жатышат, талап кылышпайт, билип жүрөбүз. Албетте, булар тууралуу штабда айтып жатабыз да, талкуулап, чараларды сунуштап келебиз, баары көңүлдүн сыртында калган жок. Бир жагынан санитардык-эпидемиологиялык борборлдо да азыр жумуш көп, алар да баарына жетише албайт. Себеби алар вирус таркоо очокторун таап, аларды изилдеп, зыянсыздандыруу иштерин жүргүзүп жатышат. Алар бардык эле коомдук жайларга барып, көзөмөлдөп турганга мүмкүндүгү жок, ошентсе да текшерүүлөр токтоп калган жок, рейддер жүрүп жатат. Бирок, бул жерде бир маанилүү нерсе бар, ал ар бир жарандын өзү үчүн жоопкерчилиги эсептелет. Эгерде жаран өз ден соолугу, айланасындагылардын ден соолугу үчүн жоокерчиликти сезбесе, ушул нерсеге аң-сезимдүү мамиле жасабаса, коомдо толук андуу жагымдуу кырдаал, абал түзүлбөйт.
Дагы бир нерсеге токтолгум келет: коомдо мындай вирус жок экен, болбогон нерсе экен деген пикир жүрөт. Деген менен, биздин медициналык кызматкерлер ошо ооругандарды дарылап, алардын өмүрү үчүн аракет кылып, өздөрү өлгөн учурлар деле болуп жатат. Канчалаган медиктер жабыр тартып жатышат, канча чыгымдар жана кыйынчылыктар болуп жатат. Мунун баары эмне үчүн? Ушуну ойлобогондор бар экен да. Кала берсе айрым саясатчылар да таажы вирусу жок эле нерсе, ишенбегиле деген пикирди таркатып жатпайбы. Ал эми медиктер ар бир жарандын саламаттыгынын сакчылыгында турат, баарын билип, көрүп, кыйынчылыгын тартып келет, ошону үчүн бул оору канчалык коркунучтуу экенин билип турат.
Бул вирус ушунчалык бат жуга турган нерсе, ошондуктан анын коомго жайылып кетишинен дайыма коркуп турабыз. Анан да бул вирус бир кишиде симптомсуз эле өтүп кете берет да, андан башкасына жукса, ал киши муну көтөрө албай калышы ыктымал. Оор пневмонияга учурап, кыйналып калат. Ошондуктан да буга каршы иш-чараларды, аракетти бир эле медицина кызматкерлери жүргүзбөйт. Ага каршы мамлекеттикпи, мамлекеттик эмес болобу, жеке менчик болобу, бардык ишканалар, тараптар илдетти жайылтпоо багытында иш алып барышы керек. Бул баарыбыздын ишибиз.
-Ушул багытта жергиликтүү бийликтердин орду жана ролу да жогору деп санайбыз. Бирок, аларда анчалык аракет байкалбай жаткандай. Буга кандай дейсиз?
-Жергиликтүү бийликтердин иши боюнча айта албайм, алардын ишине баа бере албайм. Алар деле аракет кылышууда, иш-чараларды уюштуруп жатышат деп ойлойм. Анткени бул нерсе аларга да тиешелүү, алардын да жоопкерчилиги бар, себеби элдин көпчүлүгү ооруп калса, анда бийлик органдарына абдан күч келип калат. Себеби жалпы мамлекеттеги кырдаалга алар жооп беришет. Биз өз багытыбыз боюнча иш жүргүзө беребиз, биздин өз участкабыз, жоопкерчилигибиз бар.
-Деги эле жарандарыбыз кай жерде болбосун коопсуз, таза жашоо маданиятына көнүшү керек. Таажы вирусунун жайылышы буга бизди мажбур кылып жатат. А чындыгына келсек, айылдарда, шаарларда деле элементардык санитардык талаптарды аткарбай жатышат. Балким ошол маданиятты элге жайылтуу иши жүрбөй жаткан жокпу? Аны ким жайылтышы керек?
-Албетте, элибизде коопсуз жашоо маданияты, өз саламаттыгына, коомдун саламаттыгына көңүл буруп жашоосу калыпташыны керек. Бул буга чейин анчейин байкалбай келген нерсе. Бул маанилүү иш, бирок кайсы бир кыска мөөнөттө эле бүтө турган, аткарып коё турган иш эмес. Элди акырындык менен тарбиялай беришибиз керек. Буга кеңири үгүт, жайылтуу иш-чаралары керек, ошондой болгондо мүмкүн азыркы ата-энелер болбосо да, алардын балдары ушундай маданиятка калыптанып эрезеге жетишет эле. Жаңы нерсени, жакшы нерсени элдин аң-сезимине жеткирүү, сиңирүү кыйын иш болуп келген, бирок мындан баш тартууга да болбойт. Бирок, тамчы ташты да жарат эмеспи, акырындык менен муну үйрөтүп, калыптандырып жүрүп отуруу — биздин милдет. Азыр деле ушул таажы вирусунунун фонунда көпчүлүк жарандар жаңы шартка, талапка көнө түшүштү. Мындай жакшы көрүнүш айылдарда да байкалууда, ушундай вирус чыгыптыр десе, чоочулап, өздөрүн, жакындарын этияттап жашагандар көбөйдү. Айылдарды тосушуп, чет жактан келгендерди киргизбегенге аракет кылган көрүнүштөргө күбө болдук да. Ошентип элде сактануу инстинкти пайда болууда, ал жаңы жүрүм-турум нормаларын аныкташы мүмкүн, ар бир жаран өзүн сактаганга аракет кылып калат десек болот. Мындан чыкты, биздин күн сайынкы жайылтуу иштерибиздин акыбети текке кетпейт, белгилүү бир натыйжа берет деп ойлойм.
-Жалал-Абад областында да таажы вирусунун жайылып кетишинин экинчи толкуну келип калышы мүмкүнбү? Эгер ошондой болушу күтүлсө, ага эмне себеп болот? Кайсы фактор биринчи себеп болуп калышы ыктымал?
-Азыр таажы вирусунун жайылышынын экинчи толкуну болот, күздө болот, кышта болот деген ар кандай маалыматтар таркап жатат. Бул биздин эле областты эмес, дүйнөнү капташы ыктымалдыгы тууралуу кеп болуп жатат. Муну болот же болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Экинчи толкунду болтурбайбыз, киргизбейбиз деп да эч ким убада бере албайт. Бул оору симптомдорсуз, башкача айтканда, кайсы бир белгиси менен, дене табы көтөрүлүп же бир жери оорубай эле өтө бере турганы аныкталды. Кала берсе, канынан анализ алганда терс жыйынтык чыгып, бирок оору жашай бериши да ыктымал. Демек, ушундай эле кырдаалда оору жайылып кете бериши мүмкүн, ошондуктан биз дайыма даяр турушубуз абзел. Бул эмне дегендик: социалдык аралыкты сактоо, беткап тагынуу, колду бат-бат жууп туруу, антисептиктерди колдонуу. Ушул талаптарды так аткаруу бир гана таажы вирусун эмес, бизге келүүчү башка да инфекцияларды болтурбай, бизди сактап турмак.
-Жалал-Абад областындагы азыркы башкы көйгөй кайсы? Тез арада кайсы нерсеге көңүл буруу зарылдыгы бар?
-Биздин жашообузда көйгөйсүз эч нерсе болбойт, дайыма көйгөй бар, болуп да келген. Биздин аймактык медицинада, баарына эле белгилүү болгондой, адистер жетишсиз. Ошол эле үй-бүлөлүк врачтар, ошол эле инфекционисттер, ошол эле акушер-гинекологдор жетише бербейт. Тийиштүү адистер менен камсыз болуу аймактык саламаттыкты сактоо үчүн маанилүү экенин баары түшүнөт. Ошондой эле калк арасында саламаттыкты сактоо жагынан түшүндүрүү иштерин болушунча натыйжалуу алып баруу маселеси жатат. Ал эмм таажы вирусуна келсек, биз дайыма даяр турабыз, керектүү нерселерди, коргоочу каражаттарды жабдып, даярдыкты арттыра беребиз. Ал биздин бул илдетке каршы аракеттерибиздин ишенимдүүлүгүн арттырат.
Жалил САПАРОВ, журналист.
Support for this publication was provided in part by the USG Alumni Small Grants Program, which is funded by the U.S. Embassy in the Kyrgyz Republic and administered by American Councils for International Education: ACTR/ACCELS. The opinions expressed herein are the author’s own and do not necessarily express the views of either U.S. Embassy in the Kyrgyz Republic or the American Councils for International Education.
____________________
Данный материал создавался частично на средства Программы малых грантов для выпускников обменных программ, финансируемых Правительством США. Данная программа малых грантов финансируется Посольством США в Кыргызской Республике и администрируется Американскими Советами по международному образованию: АСПРЯЛ/ АКСЕЛС. Данный материал не обязательно отражает мнение Посольства США в Кыргызской Республике или Американских Советов по международному образованию.
______________________
Бул маалыматтык материал жарым-жартылай АКШ өкмөтү каржылаган Бүтүрүүчүлѳрдүн чакан гранттар программасынын каражатына даярдалган. Аталган Чакан гранттар программасы Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилиги тарабынан каржыланып, Американын эл аралык билим берүү кеңештери (АКСЕЛС) аркылуу ишке ашырылат. Бул жерде келтирилген сунуштар, корутундулар жана пикирлер авторлордун оюн гана билдирет жана Кыргыз Республикасы АКШ Элчилигинин же Американын эл аралык билим берүү кеңештеринин көз карашына дал келбеши мүмкүн.