Өзбекстандын Фергана районунда француздардын Atkorschultz Ltd компаниясынын түз инвестициясы менен Vodiy-Shoes биргелешкен ишканасы ишке түштү. Бул тууралуу «Узчармсаноат» компаниясына шилтеме берүү менен Podrobno.uz жазып чыкты.
Фергана өрөөнүндө иштей баштаган жаңы ишкананын долбоордук наркы 8,5 миллион долларды түзүп, анда таза булгаарыдан эркектердин, аялдардын жана балдардын сапаттуу бут кийимерин өндүрүү колго алынды. Жаңы өндүрүштү жолго коюу үчүн Германиядан, Чехиядан жана Италиядан алынып келинген заманбап өндүрүштүк жабдуулар орнотулду.
Бул Өзбекстандагы бут кийим чыгаруу багытындагы өндүрүшү бүт бойдон автоматташтырылган биринчи ишкана эсептелет. Жакынкы кездерде ушундай эле автоматташтырылган ишканалар өлкөнүн башка аймактарында да пайда болмокчу. Продукция жергиликтүү чийки заттардан жасалып, заводдун жылдык кубаттуулугу – 1 миллион жуп бут кийим. Жаңы ишканада негизинен жаштардан турган 150 киши иштеп жатат.