Быйыл Францияда Өзбекстандын кургатылган мөмө-жемиштерин Европага экспорттоочу ишкана түзүлмөкчү. Ал Өзбекстанга миллиардаган евро кирешелерди алып келери тууралуу Podrobno.uz жаңылыктар агенттиги жазып чыкты.
Өзбекстандын айыл чарба министрлиги билдиргендей, быйыл жашылча-жемиштердин экспортун 2,5 миллиард долларлык көлөмгө жеткирүү каралган, ал эми жакынкы жылдарда анын көлөмү 5 миллиард долларга жеткирилмекчи. Мындай үлкөн максатты ишке ашыруу үчүн атамекендик экспорттоочуларга чет элдик ишенимдүү өнөктөш керек болот.
Ушул максатта өткөн жылдын ноябрь айында Өзбекстандын BMB Trade Group компаниясы менен Франциянын Advantage Central Asia компаниясы маркетингдик изилдөөлөрдү жүргүзүшкөн. Анын жыйынтыгында Европа рыногунда өзбекстандык айыл чарба продуктыларына суроо-талап туруктуу өсүп, импорттук талап күчөй турганы маалым болгон.
Алсак, Европадагы кургатылган жемиш менен жаңгактын рыногу 11 миллиард еврону, ал эми кургатылган жашылчанын рыногу 8 миллиард еврону түзөт. Бул рыноктун жаңы катышуучуларынын, атап айтканда, Вьетнамдын тажрыйбасы көрсөткөндөй, эгер туура стратегия менен иш алып барса, анда жылына 1 миллиард евро көлөмүндө продукция экспорттоого болот. Ошентип, 2-3 жылда Европа рыногунун кыйла бөлүгүн ээлеп алууга шарт бар.
Өткөн жылдын аягында BMB Trade Group жана Advantage Central Asia компаниялары Францияда биргелешкен ишкана түзүп, Өзбекстандан алынып келинген кургатылган жемиштерди идишке салуу, Европа рыногуна чыгаруу ишин алып барууга келишим түзүштү. Эми быйыл 17-апрелде Өзбекстандын кургатылган жемиштеринин 480 миң евролук биринчи партиясы Францияга жеткирилет.