Финляндиянын 34 жаштагы жаңы премьер-министри Санна Марин өлкөгө аптасына 4 күндүк жана 6 саатка созулган жумушчу күнүн киргизүү демилгеси менен чыкты. Эми муну парламент жактырса, ал ишке ашарына күмөн жок. Бул тууралуу дүйнөлүк сайттар жазып чыгышты.
Ал мындай пикирди буга чейин Унаа жана байланыш министри болуп турган кезинде эле билдирген экен. “Аптасына төрт күндүк жана алты сааттык жумушчу күнү. Эмне үчүн бул келерки кадам болбосун? Сегиз саат – чындыктын акыркы инстанциясы экенин ким айтыптыр? Мен кишилер көп убактысын үй-бүлөсү, сүйүктүү кишилери менен өткөрүүгө, хоббиге же маданият сыяктуу жашоонун башка маанилүү аспектилерине жумшоого татыктуу деп эсептейм. Мүмкүн бул биздин жашоо-турмушубуздун кийинки жаңы этабы болуп калар” деген эле.
Азыркы тапта финндер аптасына 5 күн бою 8 сааттан иштешет. Эми Марин менен өкмөттү түзгөн солчул альянс сыноо мөөнөтүндө күнүнө алты сааттык жумушчу күнүн киргизүүнү талап кылууда.
Деген менен, 6 сааттык жумушчу күнүн кошуна Швеция эксперименттөөдө. 2015-жылы Гётеборгдо – чоңдугу боюнча өлкөдөгү экинчи шаарда эмгек акысын азайтпай туруп ооруканалар менен башпаанек жайларында жумушчу күнү алты саатка азайтылган. Эки жылдан кийинки натыйжалар жаман болгон жок: кызматкерлер ыраазы, ден соолуктары жана маанайлары жакшы, иш өндүрүмдүүлүгү жогору. Тейлөө жагынан сандык жана сапаттык өсүүлөр болду.
Toyota фирмасынын Швециядагы филиалы да жумушчу күндү 6 саатка кыскартып, ал мотивациянын өсүшүнө жана чыгымдардын азайышына алып келди.