Эл аралык коомчулукту өзүнүн айрым аракеттери жана айткан сөздөрү менен таң калтырып келаткан Филиппин президенти Родриго Дутерте мурда гомосексуал болгонун жашырбай, андан чырайлуу аялдар айыктырып алышканын жар салды. Бул тууралуу интернет-сайттарда чуулдата жазып чыгышты.
Президент Дутерте жаңы шайланган кезинде эле наркодиллерлерди өлтүрүү нормалдуу нерсе деп эсептээрин айткан жана буга ал көз жумуп коё алардын билдирген. Чынында эле өлкөдө кылмышкерлерди массалык өлтүрүүлөр жүз берип, алар дагы эле улантылып келе жатат. АКШ анын мындай агрессивдүү аракеттерине каршы бул өлкөгө курал-жарак сатууну чектөө тууралуу билдирүүсү да суу кечпей калды, наркодиллерлерге каршы “аңчылык” улантылып эле келет.
Анан эле күндөрдүн биринде ал Гитлерди мактап, “дурус жигит болгону” тууралуу сөзү дүйнөгө таркаган, ошондой эле 2019-жылы февралда өлкөнүн аталышын өзгөртүп, “Махарлика Ресубликасы” деп аташ керектигин айткан. Бирок, филиппиндиктердин бактысына ал идея ошол бойдон кала берди.
Эки жыл мурун ал кызматын таштап кетүүнү ойлонгон, бирок бир гана шарт менен: эгер асманга чыгып, Кудай менен баарлашкан, аны өз көзү менен көргөн киши табылса. Далил катары кишинин Кудай менен түшкөн сүрөтү да керек эле.
Анан эле жакында Родриго Дутерте элди дагы бир жолу таң калтырып, азыркы аялы менен кездешкенге чейин өзүн кыйла гомоксексуал сезип жүргөнүн моюнга алды. “Мен кайрандан эркек болдум! Чырайлуу аялдар мени айыктырып салышты”, — деп айтты ал. Деген менен, анын гомосексуалдыгы биринчи аялынан алты балалуу болгонго тоскоолдук кылбаптыр.