Акыркы жылдары көптөгөн өлкөлөрдө коомчулук тарыхый эстеликтердин мааниси жана баалулугу боюнча кенири талаш-тартыштар жүрүп, аларды кайра карап чыгуу чакырыктары менен эле чектелип калбай, реалдуу иш-аракеттер менен өзгөрүүлөр да орун алууда. Ал эми Кыргызстанда кандай? Бул маселеде кандай өзгөрүүлөр болууда?
Башка мамлекеттерде кандай?
Уинстон Черчилль, Махатма Ганди, Христофор Колумб – ушул сыяктуу белгилүү инсандар жөнүндө билбеген же укпагандар өлкөбүздө жокко эсе болсо керек. Мисалы, Черчилль мырза Улуу Британиянын 2-чи Дүйнөлүк согушта фашисттик Германияга каршы өзүнун жеке мисалы, жана лидерлик сапаты менен англичандардын суймөнчүлүгүнө айланып, жоокерлеге ораторлугу менен дем берип, өз өлкөсүн ийгиликке жеткиргени белгилүү. Бирок, ар бир тыйындын эки жагы болгондой, бул белгилүү инсандын экинчи жагы да бар экениндигине көпчүлүк көнүл бура бербейт. Улуу Британия Индияны колониялап турган мезгилде, 1943-жылы үч миллионго жакын жергиликтүү калктын өмүрүн алып кеткен Бенгал ачарчылыгы Черчилль мырзага түз тиешеси болгон. Алар кургакчылыктан эмес, Британиянын ошол кездеги премьер-министри Уинстон Черчиллдин туура эмес саясатынын натыйжасында болгонун кийики мезгилдердеги изилдөөлөр көрсөттү. Кечээ эле, 2020-жылдын 8-июнунда “Black lives matter” (“Каралардын жашоосу манилүү”) адам укуктарын коргоо уюмунун нааразылык акциясы учурунда Черчиллдин Лондондогу “Парламент” аянтындагы эстелигине “Черчилль — расист болгон” деген жазууну да калтырып кетишкен. Ал эми 2021-жылы 17-июнда болсо, Черчиллдин эстелигине кызыл кан сыяктуу боёкту да чачып кетишти.
Ал эми бүткүл дүйнөгө кеңири белгилүү, Индиянын көз карандысыздыгы үчүн эч бир курал колдонбой эле зордук-зомбулуксуз күрөшкөн Махатма Гандини кимдер гана билбейт. Бирок, анын өмүр баянын жазган Рамачандра Гуха “Ганди 1903-жылы Түштүк Африкада юрист болуп иштеп жүргөн мезгилинде “ал жердеги жашагандардын үстүнөн үстөмдүк кылган раса — ак адамдар болушу керек” деп жазган. Ал ошондой эле “кара терилүү адамдар жапайы, абдан кир жана айбандардай жашайт” деп айткан. Ганди жаш мезгилинде расист болгон” дейт. Ал ошол кездердеги Британиянын империялык администрация башкаруучуларына Түштүк Африкадагы Индия коомчулугу түпкүлүктүү кара африкалыктардан жогору экендигин далилдөөгө талыкпастан аракет кылган. Бирок, кийинчерек империялык кызматкерлердин кемсинтүүсүнө жана башка адилетсиздиктерине кабылгандан соң, аларга каршы өзүнүн күрөшүн баштайт.
Индиянын элчилигинин Гана университетине белек катары берген Гандинин айкелин 2016-жылдын 13-июнунда Индиянын экс-президенти Пранаб Мукерджи Гана өлкөсүнө жасаган иш сапары учурунда ачкан болчу. Бирок, Гандинин Африкалыктарга болгон жагымсыз көз карашы, ойлору архивдеги изилдөөлөрдүн негизинде жарык көргөн китептер аркылуу жергиликтүү окурмандарга жетип калган. Ошондуктан, анын айкелин орнотулушу #GandhiMustFall (Ганди кулашы керек дегенди маанидеги хештег) аталыштагы коомчулуктун петициясына алып келди, аны эки жуманын ичинде 1400 колдоочу топтоду. Анан 2018-жылдын декабрь айында студенттер жана окутуучулардын бир нече жолку каршы билдирүүлөрүнөн кийин Гандинин эстелиги университеттен аймагынан алынып салынды.
Биз орто мектепте география предметинин алгачкы сабаактарынан эле Америка жерин саякатчы Христофор Колумб ачканын үйрөнөнүп келебиз. Бирок, бул саякатчынын эстеликтерине да АКШда жашаган элдер бир жактуу көз карашта эмес жана анын эстеликтери коомдук жердерден улам алынып салынууда. Мисалга алсак, “Вашингтон Пост” гезитинин жана Mассачусетс Технологиялык Институтитунун (МIT) талдоосунун негизинде 2018-жылдан бери Колумбдун кеминде 40 эстелиги алынып салынган, бирок ошол эле учурда Колумбдун 130 айкели АКШнын башка бир катар штаттарында дагы эле сакталып келет.
Чыгыш Европа өлкөлөрүндө айкелдер боюнча маселеде өзгөрүүлөр көп болуп жатат. Мисалы, 90-жылдардан баштап эле, кансыз согуштан кийин Болгария, Греция, Польша жана башка мамлекеттерде мезгилге туура келбейт, советтик жана коммунистик пропаганданын максатттары үчүн орнотулган деген себеп менен көптөгөн айкелдер алынып салынды. Балтика мамлекеттерине кирген Эстония, Латвия жана Литва Советтер Союзунан бөлүнүп чыккандан кийин эле дароо советтик доорго таандык эстеликтердин ордуна өздөрүнүн улуттук баатырларын айкелдерин орнотушкан же такыр эле алып салышкан.
Кыргызстанда бул маселеде чечкиндүү аракеттер керекпи?
Бул маселеге келгенде Кыргызстанда процесстер жай жүрүүдө. Албетте, Кыргызстан СССРдин таркашы менен эгемендикке жеткен 1991-жылдардан кийин Бишкектеги борбордук аянтта Лениндин айкели алынып, анын ордуна “Эркиндик” эстелиги оронтулган. Кийинчерек ал эстеликти да алып салышып, Манастын айкелин орнотушту. Бирок, өлкөнүн 2-чи борбору аталган Ош шаарынын борбордук аянтына 1975-жылы тургузулган 25 метрлүү Лениндин эстелиги боюнча маселе көп жылдардан бери бирде талкуу жаратып келет. Мындан 10 жыл мурун “Эл уулдары” аттуу жаштар уюму тарабынан Лениндин ушул айкелин алып салып, ордуна кыргыздын аттуу-баштуу инсандарын айкелин орнотуу боюнча маселе көтөрүлгөн, бирок, ал нерсе чечилбей, натыйжасыз калып калды. Бирок, 2015-жылы бул маселе кайрадан ушул уюм тарабынан көтөрүлүп, коомдо кызуу талкуу жаратып, бирок дагы маселе чечилген жок. Жергиликтүү коомчулуктун айрым өкүлдөрү “мындан башка маселе жокпу? – дегендей, каршы чыгып коюшкан. Анан 2021-жылы август айында ошол кездеги Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов пресс-конференция учурунда журналистин эстеликти жылдыруу боюнча суроосуна “эл жылдыруу керек деп чечсе” жылдырабыз” деп жооп берген. Кыргызстан Коммунистер партиясынын төрагасы Исхак Масалиев өзүнүн социалдык баракчасына эстеликти алып салууга же башка жакка жылдыруу демилгесине такыр каршы экендигин айтып чыккан. Албетте, коммунистер Лениндин эстелигин алардын коомго таасиринин белгиси катары кабыл алышы мүмкүн, андыктан алар өз таасирин жоготкусу келишпейт. Жада калса Лениндин айкелин Ош шаарынын борбордук аянтынан эле эмес, кээ бир райондордун аймактарында да учуратса болот.
Ошол эле учурда азыр дүйнөлүк деңгээлде жүрүп жаткан өзгөрүү процесстерин эске алсак, өнүккөн демократиялык мамлекеттерде белгилүү инсандардын көз караштарын, кылган иштерин кылдат талдап, ошол өлкөлөрдөгү жарандык коомдорун өкүлдөрү тарабынан өз баасы берилип жатат. Көрүпүп тургандай, кетирилген каталарын таап чыгып, керек болсо, чаралар да көрүлүп, айкелдерин алып салышууда же башка көздөн далдоо жайга жылдырышууда. Ушундай өзгөрүулөр глобалдык дэңгээлде жүрүп жаткан убакта Кыргызстандын коомчулугу да четте калбай, өз позициясын билдириши керек.
Эркинбек КАМАЛОВ.