Мен, Базар-Коргон районундагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн тургуну Эмильбек Сейиткулов 2011-жылы 2 гектар 85 сотых аянттагы бактуу жерди 50 жылдык ижарага алган элем. Жергиликтүу бийликтер ар кандай комиссиядан өткөрүшүп, тийиштүү документтерди түзүшкөн, анан мага мамлекеттик акты беришкен. Бул бакты кезинде менин аталарым өстүрүп келишкен, эми мен аны улантайын дегем.
Эмнеге беришкен? Себеби айыл өкмөтүнүн башчылары, адистер ошол 2 гектар 85 сотыхтагы 1990-жылы Пакыров Сраждин тарабынан эгилгенин, мөмөлүү бак карып, куурап баратканын, айыл өкмөтүнө киреше алып келбей жатканын, эми аны жакшылап карап, бактарды эгип өстүрүү керектигин түшүнүшкөн. Аны көп жылдык ижарага берүү менен чечүү керек деп эсептешкен. Анан акырында Базар-Коргон районунун акимчилиги 2001-жылдын 22-июнунда №312-б буйругун чыгарып, ошол бак өздөштүрүү үчүн ижаралык келишимде 50 жылга берилди. Ошонери бул үч гектерге жакын жердин мөмөлүү багын карап, иштетип келем.
Бирок, 2005-жылы бул бактуу жер аянты трансформацияланып, айыл чарбасына пайдаланылуучу эмес, калктуу конуш жерлери деп эсептелинип калат. Бирок, айыл чарбасына жарамдуу асыл жерлерди башка максаттарга трансформациялап, жер сатуу көбөйүп кеткендиктен, бул маселе жогорку органдарга чейин жеткен. Анан борбордук өкмөт айыл чарбасына жарамдуу жерлерди трансформациялоого мораторий жарыялап, жерлерди ой келди пайдалана берүүлөр токтотулган.
Ушуга байланыштуу 2008-жылы 3-мартта Кеңеш айыл өкмөтүндөгү Көкчөгөз айылынын тургундарынын жалпы жыйында турак жай курууга жер аянтын бөлүп берүү маселеси каралган. Айылдын аттуу-баштуу тургундары элге турак жай өтө керектигин баса белгилешип, бирок трансформацияланган болсо да бул үч гектар аянттын жеринин асылдуулугун, бактуу жер экенин, мындай жерди сакташ керектигин айтышып, турак жайды айыл чарбасына жарамдуу эмес жерге куруу керек деп чыгышкан. Эл мунун колдогон жана 20 жылдан бери пайдаланылбай келаткан Орто-Сай участогундагы жерди турак жайга ажыратуу керек дешип, үч гектар бактуу аянтка турак жай салынбасын, айыл чарба багытында пайдаланылсын деп, атайын протокол түзүп, токтом чыгаруу менен айылдык бийликтерге кайрылышкан.
Ушундай эле жыйын айылда 2009-жылы да өтүп, элден түзүлгөн, 13 кишиден турган комиссия эл менен кеңешип, жер алууга арыздарды карап, 31 кишиге Орто-Сай участкасынан жер ажыратып берүү маселесин чечкен, жер алуучулардын тизмесин бекитишкен. Ал эми айыл өкмөтү трансформацияланып калган үч гектар бакты сактап калган жана ордуна Орто-Сайдан жер бөлүп берүү тууралуу маселенинин мыйзамдуулугун аныктап алуу үчүн Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамкаттоо кызматынын кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментине кайрылган. Аталган департамент 2010-жылдын 26-январында №13 кат менен айыл өкмөтүнө жооп берген. Анда Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 26-беренесине ылайык, айыл чарба муктаждыктары үчүн жарактуу жерлер баарыдан мурда айыл чарба максаттары үчүн берилүүгө тийиш экенин баса белгилеген. Ошону үчүн эгер жердин асылдуулугу жогору болсо, анда генералдык планга өзгөртүү киргизүү менен айылдык кеңештин чечими аркылуу башка жерге айырбаштап пайдаланса болорлугун билдирген.
Жогорудагы жана экологиялык башка да расмий экспертизаларга таянуу менен Эл депутаттарынын Кеңеш айылдык кеңешинин бешинчи чакырылыштагы алтынчы сессиясы 2009-жылдын 8-июнунда жер айырбаштоо маселесин карап, асылдуулугу жерди сактап калуу үчүн анын ордуна Орто-Сай участогунда турак жай курууга жол ачкан чечим кабыл алынат. Андан улам, 2010-жылдын 28-августунда Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясы №146-б буйругу менен жерлерди айырбаштоо маселесине чекит койгон. Ошентип, курамында үч гектар бак орун алган 13 гектар асылдуу жер кыртышы Орто-Сайдагы кыртышы айыл чарбасына туура келбеген 13 гектар аянтка алмаштырылган.
Бирок, 2016-жылдан баштап иш чатак жагына айлана баштады, бул бактуу аянтты элге бөлүп берип, пайда көргүсү келгендер пайда болду. Менин угушумча ким-бирөөлөр элден акча чогултуп, жерди тымызын бөлүп берген экен. Анан жерди айыл өкмөтүнөн атайын мыйзамдуу аракет менен бөлүп бербей, элди пайдаланууну чечишкен окшойт. Себеби ошол жылы июль айында бакка унаалар кирип, шагыл төгүп кетишкен. Ошондо жетип барып, шагыл төгүп жаткан унааларды бактан кууп чыкканбыз.
Анан унаа айдагандарды такып, бул иштин артында ким турат деп сураганыбызда алар Майсалбек Кадыркуловдун атын аташкан. Муну айыл башчысы, Жусупов Тургун аттуу депутат да аныктаган. Бул иш менен райондук ички иштер бөлүмү алектенип, тергөөчүлөр ишти тергеген. Бактуу жерди жергиликтүү бийликтерсиз эле ким-бирөөлөр бийликтин ыйгарым укуктарын өзүнө алып алуу менен ээлеп алуу, бөлүштүрүп берүү максаты ишке ашпай калды. Албетте, М. Кадыркуловдун артында да кимдир-бирөөлөр турган, бирок аны далили жок айтуу кыйын болуп турат. Бирок, баары бир анын бети ачылар, жооп берер күнү келет, бул анык нерсе.
Ошентип бир жыл тынч турдук, анан 2017-жылы август айында бактуу аянтта дагы бир жолу чабуул жасалды. Ким-бирөөлөр бакка химикат чачып, аны кууратуу аракетин жасаган. Бул жасалган кара ниеттик иш видео-тасмага да түшүп калган, себеби жергиликтүү телевидениелерден барып, тартып алышкан. Ошондо да биз сөз кылган Майсалбек Кадыркулов бул бак быйыл эле тигилген деп, туура эмес маалымат таркаткан, бакты жок кылууга кызыкдар экенин көрсөткөн. А чынында бул бак көп жылдык болуп эсептелет жана аны айыл тургундары да, жергиликтүү бийликтер да жакшы билишет. Ал видео-тасмалар азыр бизде сакталуу турат.
Бул жаман иш бийликтердин да көз жаздымында калбады. Келтирилген зыянды аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын токойду коргоо жана сактоо станциясынын адистери келишип, химикат чачылып жабырланган бакты көрүп кетишкен. Жөн эле көрүп кетишпей, абалга толук анализ жасашкан. Анда бактын аянтында жер тегиздөө, чуңкурларды толтуруу, бакка ылайык шарт түзүү иштери жүргөнү, 2001-жылы ал жерге алма, терек, өрүк, алча, алмурут, кара өрүк, шабдалы сыяктуу бактардын көчөттөрү отургузулганы, 2009-жылы жаңгак көчөттөрү эгилгени, багылып жатканы аныкталган.
Экологдор химикаттын айынан жаңгак көчөттөрү кууруп, жанынан жаңыдан кайра көктөп келатканын көрүштү. Аттары аталган бак өсүмдүктөрү куурап калганын тастыкташты. Бак-дарактар зыянкечтерден же башка себептерден куурабаганы, илдетке кабылбаганы аныкталды. Химикаттан гана зыян келтирилгени ачык болду. Бирок, сугарып, бапестеп бакса, кайра ордуна келерин да айтышкан. Атайын акты түзүп, тактама жазып кетишкен. Ошондо баары болуп 1196 даана мөмөлүү бактын 211и куураганы, 580 мөмөсүз бактын 32си куураганы, 872 жаңгак көчөтүнүн баары куураганы актыда көрсөтүлдү.
Мен көп аракет менен кайра бакты көгөртүп, багууну уланта бердим. Бирок, быйыл дагы мурдагы аракеттер кайталана берди. Буга төмөнкү мисал далил боло алат. Быйыл 9-октябрда Базар-Коргон райондук соту Кадыркулов Майсалдын ишин карады. Себеби Жабырлануучу Сатаров Бакытбек Асилбаевичтин ишенимине кирип, алдоо жолу менен жер тилкени ажыратып берүүгө көмөктөшөм деп, 50 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен кармалган. Сотто М. Кадыркулов кылмышын мойнуна алып, ошол бак өсүп турган жерден жабырдануучуга жер алып берем деп акча алганын танбады жана кеичирим сурады. Ал Б. Сатаровдон адегенде жер алып барүү үчүн 100 миң сом сураган, адегенде 50 миң алууга макул болуп, калганын иш бүткөндө ала турган болгон. Бул кылмыш иши сотто толук далилденди, бирок жабырлануучу аны кечирип, тосмо арыз жазганы үчүн сот кылмыш ишин кыскартуу боюна токтом чыгарды.
Жогорку мисалдан көрүнүп тургандай, М. Кадыркулов эгерде артында таасирдүү бирөөлөр же органдар турбаса, өз алдынча бирөөлөргө ушундай мамиле жасап, жер алып берүүгө убада берип, алдын ала ири суммадагы акча сурабайт эле. Тергөө иштери ушул жагдайды аныктаган жок, бирок баары бир бул ишти бети толугу менен ачыларына күмөн да жок.
Эми жерди мыйзамсыз басып алуу токтоп калар деген үмүт менен жүргөн кезде, быйыл 28-октябрда бактын аянтына дагы 20 машина шагыл төгүп кетишти. Сорттуу жаңгак көчөттөрү шагылдын астында калып, сынып, катуу зыянга учурады. Дагы эле баягы мыйзамсыз, зөөкүр аракет болуп жатат. А чынында айыл өкмөтү атайын токтом менен бул жерди турак жай курууга берген эмес, расмий түрдө тизме менен бөлүп берген эмес. Бирок, ким-бирөөлөр астейдил, коркпой-үркпөй шагыл төгүп жатканы кызык.
Эл ичинде бул жер эбак эле элге тымызын турак жай куруу үчүн сатылып кеткен, алган акчаны актоо үчүн эми ушундай аракеттер болуп жатат деген сөздөр айтылууда. Саткан адамдар эмне кыларын билбей, элди алдыга түртүп коюп, жерди бошотуп алуу аракетин жасап жатышканын айтып жүрүшөт. Бирок, так далил жок болгондуктан мен бул тууралуу бирдеме айта албаймын. Бирок, көз көрүнөө эле мыйзамсыз аракеттер болуп жатканы, жергиликтүү бийликтер буга карата салкын мамиле жасап жатышканы мени ойлондурат.
Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Уларбек Саипов бактуу жерди турак жай курууга пайдалануу тууралуу айыл өкмөтү эч кандай аракет жасабаганын, баары мыйзам алкагында чечилерин, соттошуу жараяны жүрүп жаткандыктан мындай аракеттер болбостугун журналисттерге айтып берген. Бирок, бактуу аянтка 20 машина шагылды төктүргөндөр, жер берүүнү убада кылып, элден акча алгандар кимдер? Алардын артында кимдер турат?
Азыркы учурда бул мыйзамсыз иштер боюнча укук коргоо органдары карап жатышат. Текшерүү, суракка алуулар болуп жатат. Эми чындап эле мыйзамсыз аракеттердин артында кимдер турганы, алардын максаты эмне экени ачыкка чыгар. Бирок, жакында эле, 12-декабрь күнү Мамэкотехинспекциянын кызматкерлери мага айтпай, билдирбей туруп, жерди барып көрүшкөнүн билдим. Анан аларга кайра барып жерди көрөлү десем, болбой коюшту, кетип калышты. Алардын максаты эмне экенин, эмне үчүн мага айтпай келип жерди көрүшкөнүн билбей кала бердим.
Кыскасы, 3 гектарга жакын көп жылдык бактуу аянтты эптеп менден алуу, бакты бузуу жана аны турак жайга бөлүп берүү ниети айылдык бийликтерде турганын да билип турам. Бирок, бул туура эмес. Анткени бир бакты өстүрүү үчүн канча убакыт, мээнет керек. Аны кесип салууга аз эле убакыт жетиштүү. Ошондуктан көп жылдык бакты сактап калуу жана турак жайды айыл чарбага жарамсыз аянттардан берүү жагын колго алыш керек. Ал эми бул маселеге жаратылышты, айлана-чөйрөнү коргоо жагында иштеп жаткан органдар, мыйзамдуулукту көзөмөлдөөчү органдар да карап, туура жыйынтык чыгарышса жакшы болот эле.
Алдыда дагы бакты мага ижарага берген мамлекеттик актыны жокко чыгаруу боюнча соттор турат. Анда адилеттик сакталабы же жокпу, аны убакыт көрсөтөт.
Эмильбек СЕЙИТКУЛОВ,
Базар-Коргон райоону, Кеңеш айыл өкмөтүнүн тургуну.