Ички иштер органынын атайын багыттагы отрядынын мурдагы кызматкери крим-чөйрөнүн өкүлдөрү тарабынан сабалган видеосу мындан бир ай мурда интернетке тараган. Андан кийин массалык маалымат каражаттарында кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобундагы каймана аты “Чач” аттуу адамдын “Жони” жана башка балдар сабагандыгы тууралуу маалымат чыккан.
Окуя боюнча областтык ички иштер башкармалыгы тергөө иштери жүрүп, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болушу мүмкүн болгон жана видеодо жүргөн Жони аттуу жаран кармалганын билдирди. Маалыматты басма сөз кызматынын башчысы Нурдинбек Жээнтаев тастыктады.
-Окуя тасмага тартылып, коомчулукка жарыяланып кеткен. Бизге эч ким арыз менен кайрылган эмес болчу. Видео-тасмага карай кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине каттап, ыкчам иликтөө иштери башталган. “Ээнбаштык” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Криминалдык иликтөө кызматы тарабынан, жабырлануучудан арыз алынган. Быйыл 17-июнда каймана аты “Жони” болгон, 1987-жылы туулган Ж.Т кармалып, 2 айга камакка алынган. Ошондой эле шаардык сотто баш коргоо чарасы каралган.
Эске сала кетсек, жабырлануучу Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгында 1999-2005-жылы атайын багыттагы отрядда кызмат өтөгөн, Баткен согушунун ардагери.