Азыркы маалыматтарга караганда, Индиянын экономикасынын көлөмү 2047-жылга карата 30 триллион долларлык чекке жетиши күтүлөт. Деген менен, өлкөнүн экономикасында фундаменталдык көрсөткүчтөр жакшырып, экономикалык перспективалар улам айкын болуп баратат. Мисалы, 2023-2024-жылдары экономиканын өсүшү 7,3 пайызды түзмөкчү. Ансыз деле мурда 2023-жылы 7,2 пайыз өсүү болжолдонгон, бирок иш жүзүндө андан көп болду. Мунун ичинде, курулуш секторундагы өсүү 10,7 пайыз болот деп болжолдонууда.
Акыркы кездердеги экономикалык өсүштөрдү эске алганда Индия 5 триллион доллар ички дүң продукциясы менен жакынкы үч жылда дүйнөдөгү үчүнчү экономикага айлануу алдында турат. Ушул азыркы учурда эле баштан өткөн пандемиянын кесепеттерине карабастан 3,7 триллион доллар көлөмүндөгү ички дүң продукциясы менен дүйнөдөгү бешинчи экономика эсептелет. Эми өлкөнүн алдында 2047-жылга карата ички дүң продукцияны 30 триллион долларга жеткирип, “өнүккөн өлкө” катары калыптануу милдети турат. Деген менен, Индия буга чейин дүйнөлүк экономикадагы “туруксуз бештик” тайпасынан “үлкөн бештик” тайпасына чейинки татаал жолду басып өткөнү белгилүү.
Акыркы он жылдыкта өлкөнүн экономикасынын арыш керип, алга жылышына алдыңкы технологиянын кошкон салымы арбын болду. Deloitte компаниясынын отчётуна караганда, Индия 2014-жылдан баштап 2019-жылдын жыйынтыгына чейинки мезгилде 62,4 миллион жумушчу орундарын түзүү менен экономикасын 2,4 эсе ылдамыраак өнүктүрдү. Экономикадагы ноу-хаулар жана башка көптөгөн жаңы мүмкүндүктөр аркылуу өзүнүн керектөө рыногу үчүн жаңы жана кыйла татаал продуктыларды түзө алды, ал эми ички рынок алдыдагы максаттарга жетүүдө сыноо полигону катары кийинки үлкөн кеңейтүүлөргө жол ачты. Өкмөттүн экономикадагы саясаты зарыл инфраструктураларды түзүү жана коопсуздукту, ыкчамдыкты камсыздоо менен инновацияларга шарт тузүп берди.
Каржы секторундагы арымдар, тактап айтканда, каржылык жеңилдиктер жана ийкемдүү схемалар, санариптик төлөм системалары, андан башка да ар кайсы сектордогу жаңы умтулуштар жана жыйынтыктар экономиканын ырааттуу алга жылышына алып келди. Айрыкча өндүрүш секторундагы инвестициялык дүркүрөп өсүү өкмөттүн “Индияда жаса” деген атайын саясатынын көмөгү, өндүрүштүк стимулдаштыруунун атайын схемалары атамекендик өндүрүштү ишенимдүү өнүктүрүүгө өбөлгө түздү. Учурда ички дүң продукциянын 17 пайызын түзгөн өндүрүш тармагы кийинки алты-жети жылда 21 пайызга чейин өсүп, өлкөнүн экономикалык дымагын ого бетер күчөтмөкчү. Андан башка да өнөр жай, кайра иштетүү, машина куруу, электрондук секторлорунда ири алга жылыштар байкалууда. Дүйнөлүк белгилүү бренддер менен Индиянын ортосундагы кызматташтык улам күчөп баратат.
Акыркы 13 жылда тейлөө сектору ыкчам өнүктү, учурда бул сектор ички дүң продукциянын жарымын түзүп турат. Соода тармагындагы өсүштөр абдан байкаларлык, соода-тейлөө экспортунун көлөмү 2010-жылдагы 117 миллиард доллардан 2022-жылдагы 309 миллиард долларга өсүп жетти. Тейлөө экспорту 2020-жылы тездик менен калыбына келип, 18,5 пайыздык жылдык өсүш берген, ал эми 2021-жылы 18,5 пайыз, 2022-жылы 28,6 пайыз өсүү болду.
Быйылкы жылы да өлкө экономикасында жылыштар байкалды, экинчи кварталдын жыйынтыгы менен экономиканын өсүшү 7,6 пайызга жетти. Бул күтүлгөндөн жогору көрсөткүч болуп эсептелет. Деген менен, курулуш секторундагы өсүш 13,3 пайызды көрсөттү, бул мамлекеттик капиталдык салымдардын ырааттуу өсүп баратканын далилдейт. Автомобиль тармагы, жүргүнчүлөр каттамы, кожолуктарды насыялоо өсүп, мунун баары ички керектөөлөрдүн кеңейип жатканын да билдирет.
Алдыда дагы көп ийгиликтер жаралышы азыртан эле белгилүү болууда. Өлкөдөгү макроэкономиканын алга жылышын дүйнөлүк мартабалуу субъекттер да баалап жатышат. Мисалы, 2022-2023-жылдарда дүйнөдөгү үлкөн экономикалардын арасынан Индиянын экономикасынын өсүшү алга кетип, 7,2 пайызды түзгөнүн Эл аралык валюта фонду жогору баалады. Ал эми “Чоң жыйырманын” ичинде Индиянын экономикасынын өсүшү экинчи орунга чыкты.
Быйылкы жылы Индиянын экономикасы дагы кандай өсүштөрдү камсыздаар экен? Бул жаатта дүйнөлүк каржы-экономикалык институттар үлкөн илгерилөөлөр болорун алдын ала каңкуулап жатышат. А чынында анын качалык тууралыгын мезгил көрсөтөр.
Эркинбек КАМАЛОВ.