Бейтаптардын дары сатып алуудагы укуктары тууралуу милдеттүү милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Жалал-Абад территориялык башкармалыгынын Медициналык кызматтын сапатын экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы Фарида ШАРИПОВА маалымат берди.
Акысыз дары алууга кимдер укуктуу?
Кыргызстанда 5 түрлүү ооруга дарылар акысыз берилет. Ал бейтаптарга врачтар рецепти сары түстөгү кагазга жазып беришет. Сары рецепт деп аталган кагаз онкологиялык оорунун 4-стадиясына, эпилепсия, бронхиальная астма, шизофрения, аффективдүү бузулуу (таасирлүү бузуулар) ооруларына жазылат. Мындай кагаздан үчөө жазылат, бирөө дарыканада калса, экинчиси дарыгерде, үчүнчүсү ФОМСка келет. Мисалы, быйылкы жылы эле мындай акысыз дары дармектен 3 миң 390 рецепт жазылган. Ал эми былтыр 3 миң 275 рецепт жазылган болчу.
Арзандатылган дарыларды кантип алса болот?
Андан сырткары, 58 дары тизмеги кирген дептерче бар. Атайын эң керектүү дарылар тандалып, тизмеге киргизилген. Бул дарылар жазылган дептерче бардык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобундагы дарыгерлерде, аптекаларда бар. Бул дарыларга жеңилдиктер каралган, башкача айтканда, пайыздык арзандатуулар менен алышат. Кимдер алышат десеңиз, алар — камсыздандыруу полиси бар адамдар. Алар социалдык фондго төгүмдөрүн төлөгөндөр, анын белгилүү пайызы камсыздандыруу полисине которулат. Мисалы үчүн ал бардык мамлекеттик кызматкерлерде бар.
Ушундай камсыздандыруусу бар адамдар дарыгерге көрүнгөндө көк рецепт сураса болот. Башкача айтканда, врач дары-дармектердин тизмесин көк кагазга жазып берет. Аны менен дарыканага барганда белгилүү пайыз арзандатылат. Мисалы, 700 сомдук дары-дармек алышы керектиги жазылган болсо, бейтап болгону 400 сом гана төлөшү мүмкүн, ал эми калганы ФОМСтан которулган акча аркылуу төлөнөт. Өтө керектүү 58 дары тандалган, алардын ар биринин өзүнүн 40тан 80 пайызга чейинки арзандатуулары бар. Быйыл эле Жалал-Абад областы боюнча 43 миң 434 киши ушундай арзандатуу менен дары сатып алган.
Кымбат жана жеңилдиги жок дарыканалардан кабардар болуңуз!
Жогоруда айтылгандай, акысыз же арзандатылган дарылар Жалал-Абад областы боюнча болгону 136 дарыканада бар. Анткени алар ФОМС менен келишим түзгөндөр, келишим түзүп иштешкиси келбеген дарыканаларда мындай жеңилдиктер жок. Дарыканалар жеке менчик болгондуктан, ФОМС менен келишим түзөбү же жокпу өздөрү билишет. Жалал-Абад областында 36 түрлүү дары саткан компания менен келишим түзүлгөн, алардын жалпы 136 дарыканасы бар. Ошондой эле үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратында жайгашкан дарыканаларда жеңилдиктер каралган.
Биздин кабарчы жүрөк оорулуу адамдар өмүр бою ичүүсү керек болгон 5 дарынын баасын ар кайсы дарыканалардан сурап, салыштырып көрдү. Биринчи барган дарыканадагы баа кымбат болгону менен жүрөк оорунун дарыларына жана пенсионерлерге 5 пайыздык арзандатуу бар болуп чыкты. Ал эми экинчи дарыканада дарылардын баасы дээрлик 100 сомдон 200 сомго чейин арзан болгону менен эч кандай жеңилдиктери жок. Үчүнчү дарыканада да дарылардын баалары айырмалуу чыкты.
Мындан улам жарандар өздөрүнө жолу ыңгайлуу болгон бир нече дарыканаларга кирип, дарынын бааларын салыштырып алса жакшы болот. Ал эми жеңилдиктер боюнча бейтаптар врачтарга кайрылышы керек, анткени рецептти дарыгерлер жазып берет. Кандай жеңилдик алсам боло, мен алган дарылар 58 дарынын катарында барбы? – деп суроо салуу абзел.
Дарыканадан жеңилдик ала албасаңыз кимге кайрыласыз?
Эгерде сиз камсыздандыруу полиси бар туруп жеңилдик ала албасаңыз же мурда жеңилдиктер менен алып жүрүп, бул ирет сизге жеңилдиктер каралбай турганын айтышса, анда Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун Жалал-Абад территориялык башкармалыгына (ФОМС) кайрылышыңыз керек. Анткени ФОМС бейтаптардын укугун коргоо жана сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу багытында иш алып барат. Ооруканадабы же дарыканадабы, айтор бейтаптар укугу бузулган кезде 113 линиясы боюнча байланышка чыгып, арызданса болот. Аталган кызмат бейтаптардын укугун коргоо үчүн атайын түзүлгөн.
Турдубек БАТЫРОВ, “Адилет-Фарм”
дарыканалар ассоциациясынын жетекчиси:
“ӨКМӨТТҮН ДАРЫКАНАЛАР МЕНЕН ИШИ ЖОК”
Дарылардын баасына антимонополия кызматы, ал эми дарыканалардын ишмердүүлүгүнө Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Дары-дармектер менен камсыздоо департаменти көзөмөл кылат. Дары-дармек кымбат болуп жатат деп, менимче пенсионерлер кайрылса керек. Анткени бизде пенсия аз, тилекке каршы, эң көп оорулуулар же дарыга муктаж болчу катмар пенсионерлер болот. Негизги себеп — Кыргызстанда дары жасалбайт, 95 пайыз чет өлкөдөн алынып келинет. Анан, албетте, бул жөнөкөй товар эмес, адам өмүрүн сактоочу дары болгондон кийин текшерүүлөр көп. Тактап айтканда, оңой эле алып келип сатуу кыйын. Ушуга байланшытуу Кыргызстанда башка мамлекеттерге салыштырмалуу дары-дармектер кымбат болушу ыктымал. Ошол үчүн да дарыкана куруп, элди дары менен камсыз кылып жаткан жеке ишкерлерди мамлекет колдоого алыш керек. Жеке менчик дарыканалардын көпчүлүгү ижара төлөп иштейт, кредиттери бар. Бир топ кыйынчылыктар менен чет мамлекеттен дары-дармектер келет. Анан мамлекет жеке менчик дарыканаларды колдоп, аларга жеңилдик жаратса, алар кардарларга тургундарга жеңилдик жаратмак. Мамлекеттик дарыканалар саны аз, жеке менчиктер болбосо, эл дары менен толук камсыз боло албасы бештен белгилүү эле. Ал эми бейтаптарга жеңилдиктер боюнча, ар бир бейтап өзү кызыкдар болушу керек. Дарыгердин кагазы болбосо дарыканада арзандатпайт же акысыз бере албайт. Дарыгерден, дарыканадан талап кылып сураш керек жана өзүнө болгон милдеттенмелерди да толук аткарышы зарыл.
Роза АКМАТЖАН кызы.