Маалымат майданындагы айтылып жаткан ар кандай эскертүүлөр, берилип жаткан ар кандай жышаандар, белгилер (симптомдор) бийликтер тарабынан кылдаттык менен кабыл алынышы жана иликтенип, ал боюнча иш алып барылышы керек. Болбосо, эл аралык мааниде “Даллэр факсы” деп аталган каргашалуу окуяга окшогон жагымсыздыктарга алып келиши ыктымал. Бул өлкөдөгү коомдук-саясий туруктуулук, коопсуздук үчүн абдан керек.
Бизге белгилүү болгондой, 1993-жылы 11-январда Бириккен Улуттар уюмунун Руандадагы миссиясынын командачысы, канадалык генерал Ромео Даллэр Нью-Йорктогу штаб-квартирага факс жөнөтүп, даярдалып жаткан геноцид тууралуу билдирген. Бирок, БУУда ал билдирүүгө маани беришкен эмес. Даллэрдин өзүнүн айтымында, “эл аралык коомчулук болгон дарамети менен Руандадагы окуяларга көңүл бурбоого аракет кылган – ал эч бир кызыкчылыкка, стратегиялык баалуулуктарга дал келген эмес”. Коопсуздук Кеңеши болсо, БУУнун ансыз деле жетишсиз түзүмдөгү миссиясын кыскартуу тууралуу чечим кабыл алган.
Мындай кайдыгерликтин аягы өтө аянычтуу аяктаган. Ошол 1994-жылдын жазында БУУнун аз сандагы жардам берүүгө алсыз миссиясынын көз алдында 800 миң киши жырткычтарга өлтүрүлгөн. Мындай каргашадан кийин Ромео Даллэр аны көпкө чейин көтөрө албай, өз жанын кыюуга да аракет кылган. Анан гана 2006-жылы БУУнун Башкы катчысы Кофи Аннан аны геноцидди болтурбоо боюнча кеңешчилер тобуна кошкон. Кийин канадалык генерал тууралуу үч обондуу ыр чыгып, “Руанда отели” фильми тартылган.
Деген менен, буга окшогон окуялар бизде деле жүз берген. Кыргызстандагы биринчи ыңкылаптын алдынан Кыргызстандын жогорку бийликтерине коомчулук, саясатчылар жана массалык маалымат каражаттары тарабынан тынымсыз эскертүүлөр, жакшы кеңештер айтылып турган. Бирок, алар эске алынбагандыктан, жогорку бийликтердин кайдыгер мамилесинен улам өлкө президенти чет жакка качып кетүүгө мажбур болду. Ушундай жакшы жыйынтык чыгарбагандыктын кесепетинен 2010-жылдагы апрель окуялары келип чыкты.
Ал эми 2010-жылдагы июнь окуяларынын алдынан да Убактылуу өкмөткө абалдын оорлоп, кайгылуу чекке жакындап келатканы тууралуу көптөгөн кабарлар, эскертүүлөр берилген. Бирок, ал кездеги бийликке жаңы келген жана эйфориядан эсине келе элек бийлик ээлери ал билдирүүлөрдөн тийиштүү жыйынтык чыгарган эмес. Акыры эмне менен бүткөнү баарыбызга маалым.
Азыркы кезде да коомчулук, маалымат таркатуу каражаттары, жакын санаалаштар жана оппозициялык маанайдагы тараптар жактан бийликтерге ачык сындар, эскертүүлөр, кеңештер жана билдирүүлөр айтылып, берилип келатат. Кала берсе, жогорку таасирлүү кишилерге оозмо-ооз, көзмө-көз да көп маалыматтар берилип жатат. Алар кадрлардын начардыгы, туура эмес тандалып жатышы, укук коргоо органдары менен соттордун адилетсиздиги жана мыйзамсыз жоруктары, коррупциянын аймактардагы гүлдөп жатышы, айрым куда-сөөк катары тандалып дайындалган жетекчилердин адеп-ахлакка эч бир туура келбеген жүрүм-турумдары, калк арасындагы атмосфера жана коомдук коллизиялардын келип чыгыш ыктымалы тууралуу. Ушундай кемчиликтерге, терс көрүнүштөргө, мыйзамсыздыктарга натыйжалуу каршы туруунун жоктугу тууралуу. Дегеле башаламандыктар өтө көп болуп, жалпы деградация тенденциясы тереңдеп жатканы да тууралуу.
Өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков ишин баштаганда эле коомчулуктун кайрылуулары менен иштөөнү жакшыртууну талап кылганы жана президенттик аппараттын бул багыттагы иши кыйла жакшырганы кубанычтуу. Ар бир кайрылууга, арыз-даттанууларга көңүл коюп мамиле жасоого болгон аракеттер байкалып жатат, бирок жетишсиз. Анткени президенттик аппараттан келген көрсөтмөлөр, талаптар, сунуштар жергиликтүү бийликтер, укук коргоо же башка органдар тарабынан адилеттүү, мыйзамдуу каралбай жаткан фактылар дагы эле көп. Жогорку органдарга да туура эмес, көз боёгон жооптор берилип, карапайым калктын мүдөөлөрү дале аткарылбай кала берүүдө.
Ошонун кесепетинен бийликтерге болгон, укук коргоо жана, фискалдык органдарга болгон калктын ишеними ордунан козголо элек. Тескерисинче, ишенбөөчүлүк жана нааразылык тереңдеп барат. Эгер абал ушундайча кала берсе, же терс багытта бара берсе, анда баякы эле жагымсыз таржымалыбыз кайра эле башыбызга түшөт. Калктын үнүнө, мүдөөлөрүнө, кайрылууларына адилеттүү жана тыкан мамиле, бийликтер менен коомчулуктун ишенимдүү ачык диалогу гана туруктуулукту камсыз кыла алат.
Жакшы кеп бар: акылдуу киши бирөөнүн катачылыгынан сабак алат, ал эми акылсыз киши өзүнүн катачылыгынан да сабак албайт. Ошондо биз кимбиз?
Эркинбек КАМАЛОВ
Жалал-Абад шаары 04.04.2019.