Өткөн жылдын эсебинде мурдагы 2018-жылга салыштырмалуу миллиардерлердин саны кыйла көбөйдү. Тактап айтканда, байлардын саны 8,5 пайызга өсүп, 2825 кишиге жетти. Бул тууралуу Wealth-X компаниясынын “Миллиардерлерди каттоо” аттуу изилдөөсүндө айтылганы жөнүндө lenta.ru жазып чыкты.
Бул сан аталган компания статистка жүргүзүүнү баштаган 2010-жылдан берки рекорд болуп саналат. Өткөн жылы бардык миллиардерлердин дүң байлыгы 9,4 триллион долларга жеткен, ал эми бул сан 2018-жылы 8,6 триллион доллар болчу. Миллиардерлерди эң көбү Европа өлкөлөрүндө жашайт, алардын саны 847. Андан кийин эле миллиардерлердин саны боюнча Түндүк Америка турат, аларда 834 миллиардер бар.
Быйылкы жарым жыл ичинде технология сыяктуу айрым тармактарда бай кишилердин саны кеминде 6 пайызга көбөйгөнүнө карабастан дүйнөлүк экономикалык төмөндөө процесси миллиардерлердин байлыгынын өлчөмүнө таасир тийгизбей койгон жок. Азия чөлкөмү болсо, жаңы пайда болгон миллиардерлердин саны боюнча лидер болуп чыга келди. Өткөн жыл ичинде байлардын саны 12 пайызга өсүп, 758 кишиге жетти.
Жогорудагы аталган изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча, дүйнөдөгү бай кишилердин басымдуу көпчүлүгү же 88 пайызы эркектер экен, алардын орточо жашы 66.