Быйылкы жылдын эсебинен биринчи жолу азык-түлүктүн баасы дүйнөлүк масштабда кымбаттап кетти. Бул Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарбасы боюнча уюмунун (ФАО) отчётунда айтылат.
Алынган маалыматка караганда, июнь айында азык-түлүк продуктыларынын бааларынын индекси орточо 93,2 пунктка жогорулады, бул мурдагы айга салыштырмалуу баалар 2,4 пайызга көтөрүлдү дегендик. Өсүмдүк майынын баасы алгачкы төрт ай ичинде арзан болуп келсе, эми 11,3 пайызга өсүп кетти. Канттын баасы да 10,6 пайызга жогорулады, сүт азыктары болсо, 4 пайыз көтөрүлдү. Деген менен, дан азыктарынын жана эттин баасы 0,6 пайызга арзандап, май айына салыштырмалуу төмөндөдү. Отчётто дан эгиндеринин дүйнөлүк өндүрүмү быйыл рекорддук 2,7 миллион тоннага жетиши тууралуу кабар берилген. Дан айрыкча Индия менен Россияда көп өндүрүлө турганы айтылат.
Кантсе да, өткөн май айында азык-түлүк продуктыларынын дүйнөлүк баалары 2018-жылдын декабрынан берки эң төмөнкү рекордду койгон. Буга таажы вирусунун дүйнөлүк пандемиясы себепкер болуп, канттан башка бардык продуктылардын баасы арзан болду.