Айрымдары адамзатка орол тоодой зыян алып келип жаткан адам катары түшүнгөн миллиардер Билл Гейтс таажы вирусуна каршы вакцинаны бүткүл дүйнөгө таркатуу – анын максаты экенин Би-Би-Синин орус кызматына берген маегинде айтып берди. Миллиардер Билл жана анын жубайы Мелинда Гейтс колдогон “Вакциналар жана иммунизация боюнча глобалдуу альянс” фондусунун (GAVI) милдети 7,4 миллиард доллар чогултуу эсептелет. Ошондой эле ал таажы вирусуна каршы вакциналарды жакыр өлкөлөргө жеткирип берүү менен алектене турган жаңы Фонд тууралуу да кабар берди.
Гейтстин пикири боюнча, вакцинаны биринчилерден болуп эпидемия дагы эле өкүм сүрүп жаткан өлкөлөрдүн медиктери, андан соң укук коргоо органдарынын жана ыкчам аракет кылуучу кызматтардын кызматкерлери алышы тийиш. Алар коргоого алынган соң, вакцинаны башкаларга да тарката берүү зарыл. “Муну дүйнөлүк масштабда жүргүзүү керек” – дейт ал.
Гейтстин пикирине караганда, адамзат таажы вирусунан арылып, биротоло нормалдуу жашоого кириши үчүн 1-2 жыл керектелет. Ошондуктан да пандемиянын биринчи этабынан чыгып кетүү үчүн адамзат таажы вирусунун эпидемиясы дагы кайталанып калбастыгына ылайык жашоо-аракетин аныкташы зарыл. Ал адамдар таажы вирусун жуктуруп алуудан коркуп калышты, ошондуктан өз жүрүм-турумун өзгөртөт деп ишенет.
Эскерте кетсек, Билл Гейтс жана жубайы Мелинда COVID-19 илдетине каршы күрөшүүгө 19 миллиард 100 миллион каражаттарын сарпташты.