Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен Ак-Сай айылынын жергиликтүү тургундары бүгүн эрте менен Ак-Сай айылынан үч тажик жаранын кармашкан. Жергиликтүү тургундар Тажик жарандарынын Кыргызстандын аймагында жүргөндүгүнүн себебин тактоо максатында милицияга өткөрүп беришкен.
Ошол эле учурда каршыгышкан Тажик жарандары Тажикстандын Ворух айылы аркылуу жайлоодон келе жаткан үч Кыргыз жаранын кармап алышкан. Бул окуя боюнча Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согдий облусунун башчылары телефон аркылуу сүйлөшүп, эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине жеринде жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча тапшырма беришти. Натыйжада эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери кездешип, эл менен бирге макулдашылып, эки тараптан тең кармалган жарандар бошотулуп, үйлөрүнө кайтарылды.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, Тажик жарандары кармап алган Кыргыз жарандары сабалгандыгы айтылып, баар тең ооруканага жөнөтүлдү.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, журналист.