Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан улам түзүлгөн кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча ачылган атайын эсепке 82 миллион 604 миң 500 сом которулду. Мынча каражат куралдуу кагылышуудан жапа чеккен аймактарды калыбына келтирүүгө жана жабыркаган элдин өтө зарыл муктаждыктарын чечүүгө гана жумшалат.
Маселен, “Альянс Акча алмаштыруу Ассоциациясы” Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна тез жардам унаасын тапшырды. Баасы 1 миллион сомду чапчыган автоунаанын ичинде бейтапка медициналык тез жардам көрсөтүү үчүн зарыл болгон бардык шарттар бар. Тез жардам унаасы Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын чек арада жайгашкандыгы эске алынып, Кулунду жалпы дарыгерлер борборуна ыйгарылды. Анткени, ушул жылдын 29-апрелиндеги чек арадагы куралдуу жаңжалда облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун тез жардам унаасы жараланган жарандарга жардамга бара жаткан маалда тажик аскерлери тарабынан аткыланып, жараксыз абалга кептелген.
Мындан тышкары, жабыр тарткандар үчүн ушул кезге чейин Баткен облусуна жалпысынан 1919,61 тонна гуманитардык жардам жеткирилди. Буга улай куралдуу кагылышуу маалында документин жоготкон 17 жаран жаңы паспорт тапшырылды. Чек арадагы окуяда өздүгүн аныктоочу документтерин жоготкон жарандарга Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери жеринде документтерди кабыл алууну дагы эле жүргүзүп жатышат. Бүгүнкү күнгө Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан ID кард үлгүсүндөгү паспорт алуу үчүн 49, туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу үчүн 2, нике күбөлүгүн алуу үчүн 1 жарандын арызы кабыл алынды. Булардын арасынан 17 жаран өздүгүн аныктоочу паспортторун алышты. Шартка байланыштуу Баткен шаарындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын жарандарды кабыл алуу борбору (ЦОН) иштөө тартибин өзгөртүп, эрте мененки саат 8:00дөн кечки саат 20:00гө чейин иштеп, документтерди тынымсыз кабыл алып жатат.
Ал эми турак жайсыз калган жарандарга жалпысынан 75 мобилдүү, көчмө үйлөр жана чатырлар тигилди. Маселен, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен аймактык башкармалыгы тарабынан Лейлек районунун Максат айылына 25 чатыр тигилди. Ал эми Кызыл-Ай коому тарабынан Баткен районунун Ак-Татыр айылына 16 көчмө үй, 8 чатыр, Ак-Сай айылына 8 көчмө үй, 8 чатыр, Достук айылына 10 чатыр берилип, баары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен аймактык башкармалыгынын куткаруучулары тарабынан тигилип берилди.
Белгилей кетээрибиз, чек чек арадагы куралдуу жаңжалдан Баткен облусунда жалпы жонунан 136 үй жараксыз абалга кептелген. Мунун 93ү Лейлек районунда, 43ү Баткен районунда.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, журналист.