Эми Казакстанда чегирткени кайра иштетүү жана экспорттоо иши колго алынмакчы. Казакстандагы өсүмдүктөрдү коргоо жана карантини илимий-изилдөө институту Германиядагы кесиптештери менен биргеликте атайын жабдуулар менен чегирткени шал кылып кармоо жана жыйноо багытында изилдөө иштерин жүргүзүштү. Бул көкөйгө тийген чегиртке маселесин чечип, андан арбын киреше алууга жол ачмакчы. Бул тууралуу «АПК Новости» басылмасына шилтеме берүү менен EastFruit жазып чыкты.
“Бүгүнкү күндө, БУУнун баамына караганда, дүйнөдөгү 2 миллиард киши чегиртке менен азыктанат: Африкада (Сенегал, Нигерия, ТАР), Түштүк Америкада (Мексика, Гватемала, Белиз), Азиядагы айрым мусулмандар жашаган өлкөлөрдө да (Тайланд, Кытай, Индонезия, Малайзия ж.б.) чегиртке азык катары пайдаланылып жүрөт. Батыш өлкөлөрүнүн бул жааттагы муктаждыгы азырынча өздөштүрүлө элек. Бирок, Европада чегирткени кадыресе кайра иштетүүчү ишканалар бар, Нидерландыда курт-кумурскалардан азык өндүрүү ишканаларын өздөштүрүү боюнча гранттар бөлүнүп жатат”, — дейт Улуттук агрардык илимий-агартуучу борборунун төрагасы, эсперт Бауржан Касенов.
Деген менен, чегирткени азык катары пайдалануунун коопсуздугу БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) изилдөөлөрү аркылуу тастыкталган. Анан калса, ал белокко бай келип, анда майлар жана башка микроэлементер да арбын. Ошол эле ФАОнун баамында, 2050-жылы дүйнө калкынын саны 9,1 миллиарддан ашып кетиши күтүлөт. Бул, албетте, азык-түлүк маселесине да түз тиешелүү нерсе.
Азык катары пайдаланылуучу курт-кумурскалардын рыногунун көлөмү АКШда, Белгияда, Францияда, Улуубританияда, Вьетнамда, Бразилияда жана Мексикада 2015-жылы 33 миллион доллар деп бааланса, Түштүк Кореяда 2017-жылы 142 миллион доллар деп аныкталган. Тайланд жыл сайын 1,14 миллион долларлык көлөмдө азыкка пайдаланылуучу курт-кумурскаларды, анын ичинде чегирткени импорттойт. Бул өлкөнүн керектөөчүлөрү 1 килограмм чегирткени 7-11 доллардан алышат, ал эми эттин килограммынын баасы болгону 0,8-3 доллар турат. Эми 2026-жылга карата азыкка пайдаланылуучу курт-кумурскалардын дүйнөлүк рыногу 1,5 миллиард долларлык көлөмгө жетет деп болжолдонууда.
Чегиртке жыйноо 2-3 аптанын ичинде канаты жетилгенче чейин жүргүзүлөт. Ушул багыттагы изилдөө иштери Россияда да жүрүүдө. Ал эми Өзбекстанда чегирткени дрондор аркылуу электр импулсу менен жыйноо сунушталууда. Анан электр тогунан улам шал болуп калган (өлгөн) чегирткелер жыйналып алынып, балыктарга жем катары пайдаланылмакчы. Кенияда чөлдүн чегирткесин органикалык жер семирткич катары пайдалануу боюнча жабдуулар ойлоп табылган.
Казакстанда жарандарга чегирткени азык катары пайдалануу сунуш кылынбайт, бирок кайра иштеп чыгып, Тайландга жана башка өлкөлөргө экспорттоо жагы айтылууда.
Булак: https://east-fruit.com