Кыргызстан – дүйнөдөгү жаратылышы кооз эң сонун өлкө, аймак. Эгер бир катар аймактарда жаратылыш кооздугу кишинин колу, аракети менен түзүлүп келатса, бизде баары табигый. Адам буту бара элек, козү көрө элек сонун жайларыбыз бар, бирок аларды сактап калуу, же өнүктүрүү ал үлкөн маселе. Деген менен, жаратылышты кадимкисиндей сактоонун өзү да мээнетти, каражатты талап кылары түшүнүктүү. А бирок, Кыргызстандын сонун жаратылышын чакан энергиянын жардамы менен сактап калуунун эң сонун мүмкүнчүлүгү бар.
Кыргызстандын көз жоосун алган табиятын сактап калууга ар кайсы аймактарда агып турган дарыялар жана суулар жакшы кызмат кылып беришмек. Кудайга шүгүр, Кыргыз Республикасынын аймагында шар аккан суулар жана алардын куймалары аябай эле көп. Деген менен аларды натыйжалуу пайдалануу жагынан дайыма аксап келебиз. Маселен алганда ал көптөгөн сууларыбыздын азыркы мезгилде биздин жашоо-турмушубузга, эл чарбасына энергия катары пайдаланылып жатканы 10 гана пайызды түзөт. Ал эми калган 90 пайыз суу агымдары, (чакан дарыялар,алардын куймалары) бассейни, көлөмү жөн эле агып кетип жатканы өкүнүчтүү.
Ырас, чоң сууларыбызга суу электр станцияларын курганбыз, алар өлкөнүн электр энергиясына болгон муктаждыктары үчүн дамамат пайдаланылып келет. Бирок, ал деле жетиштүү болбой жатпайбы. Мисалы, азыркы биздеги суу электр станцияларынын жалпы кубаттуулугу 10,23 миллиароватт-саатка барабар, демек ушуга ылайык гана сууну пайдаланып келебиз. Ал эми калган, биз пайдаланбаган суулардын кубатуулугу 1 триллион 13 миллиард киловатт-саатка барабар. Кыргызстанды жалпы өнүктүрүүнүн өтө үлкөн мүмкүнчүлүктү пайдалана албай жатканыбыз ушундан эле көрүнүп турат. Эгер сууларыбыздын бардык кубаттуулугун иштете алсак, биз Борбордук Азия чөлкөмүндө кошуналарды электр энергиясы менен камсыз кылган бай өлкөгө айланмакпыз.
Бизде ири суу электр станцияларын курууга көп көңүл буруулууда, бирок майда суулардын энергетикалык мүмкүндүктөрүн пайдалануу жагынан анчалык ойлонбой жаткансыйбыз. Деген менен, майда сууларга курулуучу суу электр станциялары аз каражатты, аз мээнетти талап кылат, бат ишке кирет, анан калса жергиликтүү аймактын өнүгүшү үчүн абдан эле маанилүү жана ыңгайлуу. Бизде аймактарды өнүктүрүү десе эле ишкана ачуу жана инвестиция тартууга маани беришип, бирок ошол максаттарды ишке ашыруудагы көп роль ойной турган кичи энергетиканы капарга алышпайт. Бул,албетте, кейиштүү көрүнүш.
Биз төмөндө майда суулардын энергетикалык мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу канчалык бизге пайдалуу экенин мисалдар менен карап көрөлүчү. Мисалы, Жалал-Абад областынын Сузак районундагы Көк-Арт дарыясына каскад кылып, 4 жерге чакан электр станцияларын (ЧЭС) курса болот. Ал дарыядагы суунун көлөмү эң аз аккан мезгилде секундасына 3,5 кубометр агып турат. Ал эми Сузак районунун жогорку зонасында жайгашкан Таран-Базар айылынын жанында эки суунун кошулушуна чакан дамбасы менен (ошондо 1 чарчы километр аянтты суу басат) саатына 3,5 мегаваттык электр энергиясын берүүчү ЧЭСти курууга болот.
Буга жүз миллиондогон же миллиарддаган доллар инвестициянын, үлкөн инвестордун деле кереги жок. Көп деле каражат, чыгым кетпейт. Биздин эсеп боюнча мындай долбоордун наркы 2,5 миллион АКШ долларын түзөт. Албетте, долбоор ишке киргенден кийин өзүнө кеткен чыгымдарды актайт. Алсак, 1 киловатт-саат электр энергиясын 50 тыйындан сатканда деле салык жана башка чыгымдарын төлөгөндөн кийин 10 жылдын ичинде өзүн актай турганы маалым. Ал эми мындай ЧЭСтин иштөө мөөнөтү 40 жылдан кем эмес.
Демек, 40 жыл ичинде ЧЭС өзүн актап гана тим болбой, ошол аймакта, атап айтканда, айыл аймагында электр энергиясы менен камсыз кылууну жакшыртат, сугат системасын жолго коюп, миңдеген гектар аянттарды сугарууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Себеби, Сузак районунун жогорку зонасында сугат суусу менен камсыз кылуунун кыйла көйгөйлөрү барлыгы жалпыга белгилүү. Ошондуктан да Союз мезгилинде плотина куруп, суу сактагычты ишке киргизүү маселеси каралган болсо, кийин эгемендик жылдарында “Курманбек” каналын куруу да колго алынган, бирок ар кайсы себептер менен ишке ашпай калган. Эгер сугат маселеси чечилсе, демек, эгиндердин түшүмдүүлүгү, айыл калкынын кирешелери артып, экономикалык жана социалдык маселелер да чечилип калат. Жаштардын сыртка миграциясы азайып, алардын өз аймагында өсүп-өнүгүүсүнө шарт түзүлөт. Бул деген акыры барып эле үй-бүлөнүн, балдардын шартынын жакшырышына алып келбейби. Кыскасы, аймактарды өнүктүрүү деген ураан, максат иш жүзүндө аткарылат.
Дагы бир жакшы жери, ЧЭСтин иштеши менен жергиликтүү балык чарбасын уюштурууга, жергиликтүү калкты тамак-аштын пайдалуу рациону менен камсыз кылууга, кичи туризмди өнүктүрүүгө да шарттар жаралат. Электр энергиясынын аркасы менен тоолу аянттардагы токойдун, бактардын кыркылышына чек коюлуп, жаратылышты сактоо жана өнүктүрүү иштери натыйжалуураак колго алынмак.
Ушундай эле долбоорду ушул кезге чейин электр жарыгысыз жашап келаткан Жазы-Кечүү айылында, Суулук деген аймакта каскаддык кичи суу электр станциясын куруу менен ишке ашырса болот. Ошол аймакта 300 метрге жакын узундуктагы шаркыратмак бар. Ал шаркыратмада суу эң аз болгон мезгилде деле секундасына 3 кубометр суу агып турат. Ал жерде сууну бөгөбөстөн эле 4 чакан ЧЭСти биринин артынан бирин курса, ар биринен саатына 3 мегаваттан электр энергиясын алып турса болот. Ошондо жалпы кубаттуулук 12 мегаватт-саат болмок. Бул деген 4000 түтүн элди жарык менен камсыз кылууга, үйдү жылытууга, тамак-ашты даярдоого кенен пайдаланса болот. Ошону менен катар дыйканчылыкка да, токойчулукка да зор пайдасы тиет. Анткени энергия алуу менен айыл жайгашкан токойчулуктарда бак-дарактар кыйылбайт, жарытылышты сактоо натыйжалуу ишке ашат, себеби отун алууга чек коюлат. Эң башкысы, ЧЭСти куруу жаратылышка зыянын тийгизбейт, анткени чоң курулуш иштери алып барылбайт. Деген менен, энергия алуунун натыйжасында ал аймакта ишкердик активдешип, ишканалар ачылышы да күтүлөт. Себеби ал жердеги мырамор ташты иштетип, курулушка пайдаланууга мүмкүнчүлүк ачылат, жергиликтүү курулуш индустриясынын өнугүшүнө азыноолак салым болот. Алыс эмес аймактагы көмүр кенин иштетүү колго алынып, калктын жумуш менен камсыз болушу ишке ашат.
Сузак районунун алыскы айылдарынын бири – Кара-Алма айылы. Ал аймакта 500 түтүн эл жашайт. Кышындасы электр энергиясы аз болот, ал эми айыл калкы үй жылытууга, тамак-аш даярдоого көмүрдү же табигый газды да аз пайдаланышат. Негизги энергиягы булагы – жыгач отун, демек, токой жабыр тартат. Эгер эсептей келсек, ошол айылдын 100 түтүн элинин ар бири түтүнү бир жылда 5 эле кубометр отун жакса, 500 кубометр отун жагып коюшат. Ал эми бир дарак 0,5 кубометр отун берсе, анда жылына 1000 түп дарак кыйылат экен. Бул бери эле болгондо 5 гектар жер жайдак калат деген сөз.
Элдин энергияга болгон муктаждыгын ЧЭС аркылуу канааттандырып, экологияны, жаратылышты сактап калуу үчүн ошол аймактагы агымы шар сууга каскад түрүндө чакан суу электр станциясын куруу зарылдыгы бар. Ал агып жаткан шаркыратмадан эңкейиш жерлерде саатына 0,5 мегаватт электр энергиясын бере турган чакан ГЭСтерди курууга толук мүмкүн. Жалпы жонунан 2,5 мегаватт-саат энергия алып, ошол аймакты толук камсыз кылса болор эле. Азыркы учурда ал аймактын айрым тургундары өз алдынча микроГЭСтерди курууну ойлонуп жатышат. Бул жакшы демилге, бирок ал микрожабдуулар бир үйдүн гана муктаждыгын чечкен станциялар болуп калат.
Ал эми биз жогоруда айткан долбоор боюнча, аталган жерден 17,5 мегаватт-саат электр энергиясын алууга болот. Эгер ошол электир энергиясын отунга айландырсак, 1 килограмм отун = 0,75 килватт-саатка барабар. Анда 17,5 мегаватт-саат/0,75 киловатт-саат = 2333333 килограмм-саатка тең болот. Же болбосо, бир күндө 3 килограмм отун жагылса, анда ар күнү 3*36666=109998 килограмм, бир жылда 109998 кг.*365 = 40149270 килограмм отун жагылат. Бул жерде ЧЭС жаратылышка канчалык пайда келтирери, канчалык аянттагы токой кыйылбай калары көрүнүп турат.
Ушундай изилдөөлөр менен биз Чаткал районуна эки ЧЭС, бири 80 мегаватт-сааттык ЧЭС Ак-Таш айылында жана экинчиси 40 мегаватт-сааттык ЧЭС Чандалашта курса болорун аныктадык. Ушундай эле Базар-Коргон районундагы Таш-Көпүрө деген жерде 8 мегаватт-саттык, Кара-Кулжа районундагы Сары-Бээ айылына жакын жерде 10 мегаватт-саатык, Кара-Суу районундагы Учкун айылында 10 мегаватт-сааттык, Папан айылынын жогору жагында 11 мегаватт-сааттык, Баткен районунун Кыш-Тут айылында 20 мегаватт-сааттык, Ноокат районунун Үч-Коргон айылында 10 мегаватт-сааттык чакан электр станцияларын курууга болоор эле. Мындай мүмкүнчүлүктөр Алай райоунунда да бар, Гүлчө суусу, Жошолу, Жарык-Жер жана Торпу тоосундагы шаркыратма суулары чакан энергетикага ылайыктуу.
Бул, албетте, алгачкы изилдөөлөр эсептелет. Ал изилдөөлөр дагы да уланылып жатат.
Абдисатар ДОСБАЕВ,
Жалал-Абад илимий борборунун координатору,
КР Улуттук Илимдер Академиясынын эмгек сиңирген кызматкери.