Кубаттуулугу 3,5 миллиард киловатт-саат
Жакынкы күндөрдө эле Өзбекстандын Бухара шаарында Борбор Азиялык чөлкөмдөгү эң ири шамал электр станциясын куруу долбоорунун тушоосу кесилди. Анын тушоо кести иш-чарасы тууралуу маалыматтар он-лайн түрүндө Кытайдын “Хуаньцюван” жаңылыктар сайты аркылуу ишке ашырылганын www.podrobno.uz жаңылыктар сайты жазып чыкты.
Андагы маалыматтарга караганда, бул ири долбоорду Кытайдагы China Energy Engineering Corporation (CEEC) жүргүзүп, кубаттуулугу 1 гигабайтты түзөт. Долбоор кубаттуулугу 6,5 мегаватты түзгөн 158 шамал генераторун, трансформатордук станцияны жана чубалгыларды камтыйт. Курулушу аяктаган соң, бул шамал электр станциясы жылына 3,5 миллиард киловатт-саат энергия иштеп чыгарат. Бул болсо, абага 1,6 миллион тонна көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарууну кыскартканга барабар.
Бул долбоор миллиондогон керектөөчүлөрдүн мүдөөсүн аткарып, 500 жумушчу орду менен камсыз кылмакчы. Электр кубаттуулугун көбөйтүү, абоненттердин керектөөлөрүн толугураак канаттандыруу менен бирге Өзбекстандын өнөр жайын электр кубаттуулугу менен камсыз кылуу аркылуу анын модернизацияланышын жакшыртат. Өзбекстандын жаңы технологияларды ишке киргизүү жагынан чечкиндүү кадамдарын да тастыктайт.
Дагы бир өзгөчөлүү жери шамал турбиналарынын калактары (лопасти) Борбор Азиядагы эң узун калактар экендигинде. Ал эми шамал турбиналарынын бийиктиги 33 кабаттуу үйлөргө тең.
Кандай болгондо да Кытай өлкөсү чет өлкөлөрдөгү да, өз өлкөсүндөгү да кайра жаралуучу булактардан алынуучу энергияны көбөйтүү жагынан катуу аракет жасап жатканы көрүнөө.
Бир күндүк өндүрүлгөн кубаттуулуктун рекорду
Кытайда курулган шамал электр станциясы (шамал турбинасы) бир эле күндө 170 миң үйдү электр кубаты менен камсыз кыла ала алат. Бул ушундай жабдуулардын курушулу жана күндүк чыгарган кубаттуулугу жагынан дүйнөлүк рекордго тете. Бул тууралуу www.euronews.com сайты кабар таркатты.
Бул гиганттык Goldwind GWH252-16MW шамал жабдуусу Кытайдын Фуцзянь аймагында деңиздин үстүндө курулган. Диаметри 252 метрди түзгөн ири турбина 1-сентябрь күнү Кытайдын түштүк-чыгышынан катуу шамал соккон кезде 384,1 мегаватт-саат (МВт/с) элек кубаттуулугун өндүргөн. Бул бир күндүк эле өндүрүлгөн электр кубаты 170 миң үйдү же 38 миллион жарык чыгаруучу диодду, же болбосо –2,2 миллион чакырым жүргөн электромобилди кубаттандырганга жетет.
Ошондой эле, бул – быйылкы август айында Данияда орнотулган рекорддон да ашып түштү. Даниядагы мындай шамал турбинасы бир күн ичинде 363 МВт/с электр кубатын өндүргөн болчу жана бул дүйнөлүк рекорд деп табылган. Кубаттуулугу жылына 80 гигабайттык бул жабдуунун калактарынын узундугу 115,5 метрге жетип, 20 миң үйдү электр кубаты менен камсыз кылганга, абага чыгуучу 38 миң тонна көмүр кычкыл газын кыскартууга жарамдуу.
Кытайдагы бул Goldwind GWH252-16MW жабдуусунун калактарынын (роторунун) диаметри 252 метрге жетет жана ал бир калагынын ылдамдыгы үндүн ылдамдыгынын үчтөн экисине барабар. Кытайда азыр экологиялык таза усулда энергия алуунун процесси абдан кызуу экенин да талашсыз.
Шамал энергетикасынын дүйнөлүк лидери
Шамал энергетикасы боюнча дүйнөдө Кытай алдыда бара жатат. Евроньюстун билдиришинче, 2021-жылдын өзүндө эле бул өлкөдө башка өлкөлөрдө беш жыл бою курулгандан да ашык кубатуулуктагы деңиз үстүндөгү шамал турбиналары курулган. Анан да 2022-жылы дүйнөлүк 64,3 гигабайттык шамал энергетикасынын 49 пайызы Кытайга туура келген, Европанын үлүшү – 47 пайыз.
Азыр Кытай дүйнөдөгү дагы бир эң эле үлкөн шамал генераторун курууну пландаштырууда. Эгер ал курулса, анын кубаттуулугу бүтүндөй Норвегияны электр кубату менен камсыз кылганга жетет. Бул долбоорду ишке ашыруу 2025-жылга чейин башталмакчы.
Деген менен, Кытайдын “жашыл” энергетикасында баары эле жайында эмес экен. Гринпис уюмунун Чыгыш-Азиядагы кеңешчиси Ли Шуонун быйылкы апрель айындагы айтымында, “Кытай – бул 800 фунттук (363 килограммга жакын) горилла”.
“Кытайдын кайра жаралуучу энергия булактарын кеңейтүү жагынан глобалдуу масштабда лидер экенинде кеп жок. Бирок, ал ошол эле кезде көмүр казуу долбоорлорун да арттырып жатат”, – дейт ал.
Кытай, 2025-жылга чейин өзүндө өндүрүлгөн бардык электр кубаттуулугунун үчтөн бир бөлүгүн кайра жаралуучу энергия булактарынан алууну көздөп жатат. Деген менен, 2060-жылга карата абага булганыч заттарды чыгарууну нөлгө жеткирүү башка өлкөлөргө салыштырмалуу Кытай үчүн оңойго турбайт. Кала берсе, жакында эле болуп өткөн дүйнөнүн 20 лидер өлкөсүнүн ортосундагы климаттык талкууларда Кытай тарап көмүр казууну жакын арада токтотпой турганын ачык эле айтып чыкты.
Жалил САПАРОВ.