Борбордук Азия өлкөлөрү климаттык өзгөрүүлөрдүн күтүлүүчү сыноолоруна туруштук бере алышабы? Социалдык-экономикалык кырдаалга тийгизе турган терс таасирлерине даярбы? Анын кесепеттерин болтурбоо үчүн трансчек аралык кандай чаралар керек? Деген менен, Борбордук Азия өлкөлөрү климаттын өзгөрүшү менен температуранын жогорулашы, экстремалдык климаттык кубулуштар жана анын экономиканын негизги тармактарына тийгизген таасири сыяктуу олуттуу кесепеттерине эмитен эле чалдыгып жатышканы көрүнөө. Климаттык тобокелдиктердин трансчек аралык мүнөзүнө жараша алардын алдын алуу системалары Борбордук Азиядагы аймактык кызматташтыктын актуалдуу маселеси болуп калууда. Ал эми бүгүн Бишкекте ушул маселелерди талкуулаган атайын конференция өз ишин баштады. Бул тууралуу конференцияны уюштуруучулардын маалыматында айтылат.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыргызстандагы Өнүктүрүү программасы ПРООН-БУУӨП), БУУӨПтүн Стамбул регионалдык борбору тарабынан Евробиримдигинин каржылык колдоосу менен уюштурулган бул жогорку деңгээлдеги Бишкек диалогу региондогу өлкөлөрдүн климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдөгү күч-аракеттерин бириктирүүгө багытталган. Быйылкы климаттык диалог климаттык туруктуулукту куруунун негизги элементтери катары эрте эскертүү тутумдарынын маселелерине арналган.
Бул мартабалуу иш-чарага БУУнун структуралынын, Евробиримдиктин, Кргызстандын, Өзбекстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин, башка да эл аралык уюмдардын жана коомчулуктун өкүлдөрү катышууда.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Ажыкеев Бообек «Климаттын өзгөрүшү бороон, кургакчылык, суу ташкыны жана жылуулук толкундары сыяктуу экстремалдык аба ырайынын жыштыгын жана интенсивдүүлүгүн жогорулатууга алып келүүдө. Алдын ала эскертүү тутумдары калкты мындай окуялар жөнүндө эртерээк кабардар кылып, зарыл болгон учурда иш чараларды көрүүгө жана эвакуациялоого мүмкүндүк берет», — деп белгилейт бүгүнкү актуалдуу иш-чаранын мааниси тууралуу.
Эрскете кетсек, 2022-жылдын март айында БУУнун Баш катчысы «Баарына алдын ала эскертүү» демилгесин көтөрүп, 2027-жылга чейин жер жүзүндөгү ар бир адамды беш жыл бою алдын ала эскертүү тутумдары менен коргоого чакырган. БУУӨПтүн администратору туура белгилегендей, «Бул системалар климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө абсолюттук артыкчылык болуп саналат”. Алар Париж келишими жана Сендай тобокелдиктерди азайтуу алкактары сыяктуу глобалдык демилгелерге шайкеш келип, биздин өнүгүү максаттарыбызга олуттуу салым кошот.
Кыргызстандагы БУУӨПтүн Туруктуу өкүлү Александра Соловьева мындай деди: «БУУӨП көп жылдар бою өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда башкаруунун бирдиктүү системасын түзүүгө жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүп келген. Бүгүн биз Борбордук Азиядагы климаттык туруктуулук маселелери боюнча аймактык диалог үчүн платформа сунуштайбыз. Биз бул диалогдун алкагында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана мониторинг жүргүзүү жаатында чек аралык кызматташтык мамиле күчөтүлөт деп үмүттөнөбүз, анткени климаттын өзгөрүшү чек араларды тааныбайт».
Бул иш-чара чечим кабыл алуучу жактарга, Казакстандан, Кыргызстандан, Тажикстандан, Түркмөнстандан, Өзбекстандан келген окумуштууларга жана эксперттерге климаттын өзгөрүшүнө туруктуулук жана алдын ала кабарлоо системалары, анын ичинде тажрыйба жана инновациялар боюнча аймактык диалогго катышуу жана ошондой эле бул Борбордук Азиянын жашоочуларына маанилүү климаттык маалыматка жетүүнү кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.
Бул конференциядан кандай жыйынтыктар күтүлүшү мүмкүн? Бул биринчи кезекте:
- Климаттын өзгөрүшү жана ага туруктуулук маселелери боюнча аймактык диалогду жана маалымдуулукту жакшыртуу.
- Катышуучулардын арасында климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту калыптандыруунун негизги элементтеринин бири катары алдын ала эскертүү системалары жөнүндө түшүнүктү тереңдетүү.
- Европа жана Борбордук Азия субрегиондорунун ортосундагы кызматташтыкты, тажрыйба алмашууну жана потенциалдуу өз ара аракеттенүүнү күчөтүү.
- Климаттын өзгөрүшүнө туруктуулук боюнча практикалык адистердин коомчулугун/тармагын түзүү жана Борбордук Азиядагы EW4All демилгесин пландоого жана ишке ашырууга салым кошуу.
Бул жогорку деңгээлдеги диалог климаттын өзгөрүшүнө каршы аракеттерди илгерилетүү боюнча глобалдык аракеттерге шайкеш келет жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өз элдери үчүн климаттык туруктуу келечекти курууга болгон умтулуусун тастыктайт.
Евробиримдигинин тарабынан каржыланган «Борбордук Азиядагы климаттын өзгөрүшү жана туруктуулук» боюнча регионалдык долбоору жергиликтүү, улуттук жана региондук деңгээлдерде кызыккан тараптардын арасында жана ошондой эле климаттын морттук тобокелдиктери жөнүндө билимдерди жакшыртууга басым жасоо менен ишке ашыруу саясаттын иштеп чыгууга жана ресурстарды тобокелдиктерди эске алуу менен башкарууга көмөктөшүү, ошондой эле тобокелдиктерди азайтуу боюнча практикалык иш-чараларды колдоо маселелерин карайт.
Кошумчалай кетсек, БУУӨП — БУУнун глобалдык өнүгүү тармагы, өзгөрүүлөрдү жактаган жана калкты жакшы жашоону курууга жардам берүү үчүн билим, тажрыйба жана ресурстар менен байланыштырган уюм. Ага 170ке жакын өлкөлөрдө жана аймактарда глобалдык жана улуттук өнүгүү көйгөйлөрүн чечүү менен иштешип келет.
Аталган конференция Бишкек шаарында бүгүн жана эртең ишин улантат жана күн тартибиндеги маселелерди кеңири талкулоо менен алек болот.