Базар-Коргондо пахта теримчилери салаттан ууланып, ботулизмге чалдыгышкан. Алардын алтоо райондук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнө, экөө — апасы жана 6-класста окуган кызы жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.
Маалыматты Жалал-Абад областык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы врачы Үсөн Жоробаев тастыктап, өзү аталган районго барып, ботулизмге каршы дары сайылгандыгын билдирди.
-Алардын баарына ботулизмге каршы дары берилди. Бейтаптардын абалы турукташа баштады. Дары жакшы таасир этет. Азыр апасы жана кызы жандандыруу бөлүмүндө калууда. Бардыгы эгин талаасында пахта терип жүрүшкөн, бир банкадагы салаттан жеп ууланышкандыгы анык болду”, — дейт Ү. Жоробаев.
Кошумчалай кетсек, ботулизм – ботулизм таякчасы бөлүп чыгарган уудан (токсин) пайда болуучу оору. Убагында медициналык жардам албаса, шал болууга, өлүмгө алып келүүчү, коркунучтуу оору.