Жалпы Кыргызстан боюнча алып караганда балдар бакчасына барган балдардын саны Баткен областында көп болуп чыкты. Бул тууралуу областта болуп өткөн мектепке чейинки жаштагы балдарды өнүктүрүү маселелерине арналган конференцияда маалым болду.
Конференция жергиликтүү бийликтин жана Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондусу (ЮНИСЕФ) тарабынан уюштурулган. Анда акыркы маалыматтар боюнча област аймагындагы 3-5 аштагы балдардын 33,1 пайызы балдар бакчаларына барары айтылды. Бул жалпы өлкө боюнча эң жогорку көрсөткүч. Ошондой эле бул багытта Ош областында да аракеттер натыйжалуу болуп жатканы белгиленди.
Конференцияда балдарды өнүктүрүү тынымсыз болуп туруучу процесс экени, ошондой болсо да 3 жашка чейинки мезгилде дене жана когнитивдик жактан өсүү тездик менен жүрөрү эске алынды. Ошондуктан да балдар бакчаларынын жана анда тарбия берүүнү ролун жогорулатуу зарылдыгы бар.
Эске сала кетсек, ЮНИСЕФ мектепке чейинки билим берүү боюнча глобалдык биринчи отчётун чыгарды. Анда дүйнө боюнча мектепке чейинки курактагы 175 миллион бала же бардык балдардын жарымы балдар бакчаларына барбай атканы айтылган. Жакыр өлкөлөрдө 5 баланын бирөөсү гана балдар бакчаларына барат. Ал эми көпчүлүк өлкөлөрдө балдар бакчаларына инвестиция салуу жокко эсе.
Кыргызстанда 5 жашка чейинки 800 миң бала бар, ал жалпы калк санынын 12 пайызын түзөт. ЮНИСЕФдин баамында, жаш балдарга жумшалган ар бир доллар өлкөгө 7 доллар пайда алып келип, улуулардын кирешелерин 25 долларга өстүрөт.