Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Токой айылында жаңы ФАПтын имаратына капсула салынды. Маанилүү иш-чарага Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикерим Алимбаев, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жана жергиликтүү тургундар катышышты.
Жаңы ФАПтын имаратынын курулушу менен анын базасында стоматология, аялдардын гинекология каанасы, жугуштуу оорулар бөлүмү, жүрөк дартын кароо бөлүмү ачылып, анан дагы жалпы имаратты жылытуучу система орнотулуп, заманбап медициналык жабдыктар менен камсыздоо каралган. Жалпы сметалык баасы 2,8 миллион сомго бааланган курулушту “Ассанабил” кайрымдуулук фонду каржылоодо.
Белгилей кетсек, Кара-Токой айылындагы миңден ашуун калкты тейлеген ФАПтын имараты 1962-жылы СССР мезгилинде курулуп, эскилиги жетип, жаңы имарат куруу зарылчылыгы жаралган эле. Кара-Токой айылы Өзбекстандын Сох районунун айылдары менен тыгыз чектешет.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, журналист.