Тасмада Барпы Алыкуловдон сырткары кыргыздын 60ка чукул чыгаан инсандары чагылдырылат. Ошондой эле акындын эл оозунда айтылып жүргөн 21 аялынын баары чагылдырылмакчы. Бул тууралуу режиссер Ырысбек Жабиров билдирди.
Анын айтымында, тасманы тартуу үчүн бир нече жылдардан бери аракет кылып, изилдеп келген. Тасманы тартуу иштерин келерки жылы баштамакчы, учурда сценарийи жазылып жатат.
-Барпы апызды билесиздер, өмүрүндө 67 акын менен айтышып, бирөөсүнөн да жеңилген эмес. Ошол убактагы Жеңижок, Токтогулдардан бата алган. Бул кишинин тасмасын тартуу дагы оор. Аксакалдардан бата алып, сценарийине киришкенбиз. Азыр Бактыкан Ажымаматова экөөбүз жазып жатабыз. Буюрса, эмки жылы 4 сезон менен тартылат, тарыхый жана узак болот. Анткени ошол убактагы 60тай улуу инсандар чагылдырылат. Алы Токомбаев, Тазабек Саманчин, Турусбеков, Осмонкул Бөлөбалаев, Калык Акиев, Жеңижок, Ниязалы, Алымкул, Түмөнбай Байзаковдордун образы бар. Тарыхты өзгөртө албайбыз, ошондуктан көп чыгаандарыбызды бир тасмада чагылдырганга туура келет. Андан сырткары, анын сүйүүлөрү, эмне үчүн 21 жолу үйлөнгөндүгү, эмне үчүн балалуу болбой калгандыгы, булардын баарынын билинбеген философиясы бар. Алардын баарын чагылдырганга аркет кылабыз.
-Каржылоо жагы кандай болууда? 21 аялы болгондугу так маалыматпы?
-Жеке каржылоо болот. Убагы келгенде дагы маалымат беребиз. Анткени мекенчил Сузактын жигиттери менен да иштешип жатабыз. Акын өзү Түмөнбай Байзаков менен сүйлөшкөндө эмне үчүн 21 аялы болгондугу жөнүндө айтканы бар. Биз буга чейин Барпы Алыкуловдун өмүрүн, чыгармачылыгын изилдеген Амангелди Төрөканов, Кадыркул Даутов жана башка изилдөөчүлөр менен баарлашып маалыматтарды алганбыз.
-Барпы Алыкуловдун ролун ким аткарат?
-Жалпы тасма аягына чейин 3 актёр ойнойт. Жаш кезин аткарчу актёрду таба элекпиз. Андан кийинкисин Эламан, андан кийин өмүрүнүн аягына чейинкисин Талант Апиев деген режиссер-актёрду тандап алганбыз.
-Кайсыл жерде тартылат? Азыркы сакталып калган үйү тартылабы?
-Жок азыркы үйү талапка жооп бербейт. Үстү шиферленип жабылып калган, мурда үйлөр андай болгон эмес да. Кыргызстандын ар кайсы жеринде тартылат. Мисалы, Зардалыда дагы тартылат. Жерди тандап ыңгайлуу жерлерге барып тартабыз.
Роза АКМАТЖАН кызы.