Атактуу акын Барпы Алыкулов жашаган үйдөн жана ал колдонгон буюм-тайымдарынан эстелик катары эч нерсе калган эмес. Ошентсе да кароосуз калган короо-жайы калыбына келтирилип, 110 жылдыгына карата, тактап айтканда, 1994-жылы акындын үйү мурдагысындай кылып кайрадан курулган.
Үй эки бөлмөдөн турган. Колдонгон буюм-тайымдары же башка бир эстеликтер калбагандыктан, үй-музейи деп аталган менен азыркы учурда ичи бош эле турат. Аны калыбына келтиргенден бери урпактары көз салып карап турушат.
Барпы Алыкуловдун чыгармачылыгын 35 жыл изилдеген барпычы Амангелди Төрөканов “үй бузулуп, кайра салынганда орду бир аз жылган, бирок ичи дал мурдагы өз үйүндөй курулган” – дейт.
Короо-жайындагы кеңири аянтта бак-дарактар эгилген, айланасы кооз. Бул үйдө акындын жубайы Жумагүл жана өгөй кызы Бурул, күйө баласы болуп, төртөө жашаган.
Өмүрүнүн акыркы эки жылына дейре Ачы айылында болгон. Оорусу күчөп, борбордо даарыланып жүргөн кезде көз жумгандыктан, ошол жакта жерге берилген.
Барпы Алыкулов Сузак районунун Ачы айылында туулган. Азыркы учурда бул өөрөн жалпы Барпы айылы деп аталып калган. Жергиликтүүлөр Барпынын Кичи-Ачы айылы деп айтышат. Адырлуу айыл, тургундар негизинен мал-жандык менен тиричилик кылышат.
Барпы Алыкуловдун 21 аялы болгондугу изилдөөчүлөр тарабынан да айтылып келет. Өкүнүчтүүсү үй-бүлөлүк турмушу узакка созулбай, артынан туяк калбаган деп да айтылат. Бирок, чынында андай эмес, азыр Барпы акындын короо-жайын небереси Нурмахамад Турдукулов карайт. Анын айтымында, 6 небере, 30 чебереси бар. “Чоң энебиз Айсара эки айлык кош бойлуу кезинде атабыз Барпы менен ажырашып кетет. Башка бүлөө куруп, жашап калган. Кийин өлөөр алдында чыныгы атасы тууралуу айтып кеткен. Ошон үчүн мен 2000-жылы бул жакка көчүп келип, үйдү карап жатам. Атам да, биз да тарбиялап өстүргөн атабыздын фамилиясын алып, Барпы атамын фамилиясын албай калдык”, – дейт небереси.
Азыркы Барпы айылында музейи жайгашкан. Тилекке каршы, музейде чыгармаларынын изилдениши, китептери гана бар. Музейдеги өзгөчөлөнгөн айрым сүрөттөр да кездешет. Алардын бири акындын ырларынын каарманы болгон кадимки Мырзайымдын сүрөтү. Барпы акындын өзүнүн сүрөттөрү жана чыгармаларын өз оозунан жазып алгандардын кол жазмалары кездешет.
Барпы сүйгөн Мырзайымдын сүрөтү
Роза Акматжан кызы
журналист