Россиянын лидери Владимир Путин жаңы 2021-жылдан баштап жылдык кирешеси 5 миллион рублдан жогору болгон бай жарандарга жеке адамдардан алынуучу киреше салыгынын өлчөмүн 15 пайызга көтөрүү жөнүндө мыйзамга кол койду. Бул тууралуу россиялык сайттар жазып чыгышты.
Деген менен, аталган мыйзамда айрым жагдайлар да бар. Мисалы, бул мыйзам жеке буюмдарын саткан кезде алынган кирешеге жана камсыздандыруу келишимдери боюнча төлөмдөрдү алган жарандарга жайылтылбайт, жеке киреше салыгынын өлчөмү мурдагыдай 13 пайыз боюнча кала берет. Салык кодексине мындан башка өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы карала элек.
Россиядагы Жогорку экономикалык мектептин эксперттеринин баамында, байлар үчүн салыктарды көтөрүү ушуну менен эле токтоп калбайт. Мындан ары жеке жарандардын киреше салыгынан алынуучу салыктын өлчөмү жылдык кирешеси 12 миллион жана 24 миллион рублдан ашкан жарандар үчүн 20 жана 24 пайызга көтөрүү каралышы мүмкүн. Ошондой эле эксперттер пайдадан алынуучу салыкты 30 пайызга көтөрүүнү сунуш кылышууда.