АКШнын президенти Дональд Трамптын тарапкерлери президентти сындаган журналисттерди каралаган маалыматтарды даярдашууда. Бул тууралуу бул иштен кабары бар булактарга таянуу менен The New York Times жазып чыккан.
Анда белгиленгендей, АКШнын ажосунун таракеплери ММК өкүлдөрүнүн социалдык тармактардагы жазгандарын же алардын билдирмелерин тыкан анализдеп чыгышмакчы, бул болсо журналисттердин кесиптик аброюна сокку болушу ыктымал. Мында CNN, The Washington Post жана The New York Times сыяктуу ММКлардын журналисттери өзгөчө байкоого алынмакчы. Ушул тапта журналисттердин сары изине түшкөндөр акыркы он жылдагы маалыматтарды изилдеп чыгышкан.
Мындай иликтөө журналисттердин үй-бүлө мүчөлөрүнө жана Тапмтын ишин терс баалаган саясий активисттерге да жайылтылат.
Аталган басылманын жазышынча, иликтенген маалыматтардын азыраак бөлүгү гана жарыяланганын булактар билдирген. Маалыматтардын көбү 2020-жылдагы шайлоолорго жакын калганда ачыкка чыгарылат.
Дональд Трамп кызматына киришкен соң эле ММКлар жана журналисттер менен мамилесин бузуп алган жана прессаны калпычы экенин айтып, аны fake news («фейк ньюс») деп атаган. Ал эми 2017-жылы февралда журналисттерди эл душманы деп жарыялаган. Эң эле калпысы басылмалар деп The New York Times, CNN, ABC, CBS жана NBC News сыяктууларды көрсөткөн.
Өткөн жылдын ноябрында CNN телеканалынын журналисти Жим Акоста преес-конференция учурунда АКШнын ажосу менен айтыша кеткен. Ошондон кийин Ак үй анын аккредитациясын алып салган. Андан ары CNN америка президентинин үстүнөн сотко кайрылып, журналисттин аккредитациясын калыбына келтирүүнү талап кылган.