Австралиянын премьер-министри Скотт Морисон жергиликтүү аборигендердын урматына улуттук гимндин текстиндеги бир сөз алмаштырылганын жарыялады. Ал калкка жаңы жылдык кайрылуусунда эң оор 2020-жылдан кийин жалпы улуттук биримдик үчүн аракет кыларын билдирген. Бул тууралуу The Guardian басылмасына шилтеме берүү менен Lenta.ru жазып чыкты.
Гимнди “биз жаңыбыз жана эркинбиз” деген экинчи сабы эми “биз биримдикпиз жана эркинбиз” деп окула турган болот. Бул нерсе Австралия мамлекети салыштырмалуу жаш, жаңы, ал эми бул аймактарда аборигендик цивилизация англиялыктар келгенге чейин эле миң жылдар бою өкүм сүрүп келгендигин баса көрсөтүү максатында жасалып жатканы да жашыруун эмес.
Бул идеяны Жаңы Түштүк Уэльс штатынын башчысы Глэдис Бережиклян көтөрүп чыгып, аны башкалары колдоого алышкан. Буга макул болгондор гимндин мурдагы тексти өлкөдөгү бардык саясий күчтөрдүн курамындагы түпкү калкты кемсинтип турат деген пикирде. Бул өзгөртүүнү өлкө парламентинин эки палатасы да жактырды.
Эскерте кетсек, “Өнүгө бер, татынакай Австралия” салтанаттуу ыры 1878-жылы жазылган, ал эми өлкөнүн гимни катары 1984-жылда кабыл алынган. Ал эми Австралия союзу аянты боюнча дүйнөдө алтынчы, экономикалык абалы боюнча он үчүнчү, ички байлыгынын киши башына бөлүнүшү боюнча алтынчы, аскердик чыгымдары боюнча он экинчи орунда турат, 2018-жылдагы эсеп боюнча 25 миллион 180 миң 200 киши жашайт. Түпкү калкы бул аймакка 40-50 миң жыл мурда келген.