Анжир өстүрүү боюнча дүйнөнүн лидери болгон Түркия быйыл экспорттолуучу жаңы бышкан анжирдин көлөмүн 70 миллион доллардан 100 миллион долларга чейин жеткирмекчи. Бул тууралуу Эгей аймагынын жаңы бышкан мөмө-жемиш жана жашылчаларды экспорттоочулар шериктештигинин төрагасы Хайретдин Учаккка шилтеме берүү менен “Анадолу” маалымат агенттиги жазып чыкты.
Алынган маалыматка караганда, анжирдин “сары-лоп” сортунун экспорттук сезону 26-июлда башталса, ал эми Бурса аймагындагы кара анжирдин экспортунун сезону 28-июлда башталды. Өткөн жылы кара анжир дүйнөнүн 40 өлкөсүнө экспорттолгон. Мындагы эң башкы импорттоочу өлкө – Германия, 27 миллион доллар көлөмүндө сатып алган. “Сары-лоп” сортундагы анжир дүйнөнүн 39 өлкөсүнө экспорттолот. Негизги импорттоочу – Россия эсептелет жана ал 3,1 миллион доллар көлөмүндө импорттойт.
Өткөн сезондо жаңы бышкан анжирди экспорттоо көлөмү 70 миллион долларды түзгөн. Анын ичинен Бурсада өндүрүлгөн кара анжирдин үлүшү болжол менен 60 миллион долларга жетет. Ал эми “сары-лоп” сортундагы анжирдин экспортунун өлөмү 10 миллион долларга жеткен.
Жалпысынан өткөн 2021-жылы анжирдин экспорту мурдагы жылга салыштырмалуу 17 пайызга өстү. Эми экспорттоочулар быйыл 100 миллион долларлык анжир сатууну мелжеп турушат.