Кыргызстанда болуп өткөн революциялардын мамлекетке тийгизген терс таасирлери тууралуу илимий конференцияда талкуулашты.
Жалал-Абад мамлекеттик университетинин чоң жыйындар залында Аксы окуясы, Март, Апрельэлдик революцияларга карата илимий-практикалык конференция болуп өттү. Ага окуу жайдын ректору, проректорлор, КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков жана профессордук-окутуучулук курам жана 200гө чукул студенттер катышты. Элдик ыңкылап жөнүндө илимий-баяндамалар окулуп, анын мамлекетке тийгизген терс жактары талкууланды.
Конференцияда илим жаатындагы окумуштуулар тарабынан илимий баяндамалар жасалып, революциянын Кыргызстандын өнүгүүсүнө, экономикасына тийгизген терс таасирлери тууралуу айтылды.
-«Март жана апрель революцияларынын экономикага тийгизген таасирлери».
-«Элдик революциялардынилимий анализи».
-«Март окуясы: Изилдөөлөр, ойлор жана көз караштар».
-«Аксы окуясын тарыхый аспектидеанализдөө».
-«Март-апрель революцияларынынКыргызстандынөнүгүүсүнө кошкон салымы».
-«Жалал-Абад областынын экономикасына Март, Апрель-революцияларынын тийгизген таасири».
-«Элдик революциялар – жаштардын көзү менен» аттуу темаларында докладдар жасалды.
Жыйынтыгында жалпы коомчулукту биримдикке үндөшүп, мамлекетте тынчтык өкүм сүрсө гана өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы чыңдаларын айтылды.