Үстүбүздөгү жылдын 11-июнь күнү Аксы районунун аймагында эки эркектин ортосундагы сөз талаштан мушташ чыгып, ок атылган. Алынган маалыматка караганда, 1967-жылы туулган жаран өзүнөн он жаш кичүү айылдашын коркутуу максатында ок аткан. Окуяга күбө башка жаран тоскоол болгондугунан гана атылган ок мээленген жерге тийбей калган.
Аталган окуя боюнча областтык ички иштер башкармалыгы Кылмыш жаза кодексинин 266-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталганын билдирди.
-Аксы райондук ички иштер бөлүмү тарабынан ээнбаштык, ок атуучу, газ-травмалык жана дүрмөтсүз куралдарды, же болбосо ден-соолукка зыян келтирүү үчүн атайын ылайыкташтырылган башка предметтерди колдонуу беренесинин негизинде териштирүү иштери башталган, — деп билдиришет башкармалыктан.
Милиция тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-аракеттердин натыйжасында шектүү катары Аксы районунун М.Ж. аттуу тургуну кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүнүн колундагы ТОЗ-8 үлгүсүндөгү ок атуучу мылтык тапанча иретинде колго жасалып, кыркылып алынганы белгилүү болду. Мыйзамсыз аракеттерди жасаган учурда мас абалда болгондугу да аныкталган. Шектүүнүн айтуусу боюнча, колдо жасалган куралды 2004-жылы башка бир таанышынан белекке алган, белекке берген киши 2012-жылы каза болгон.
Учурда бул кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирет Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.