Батыш державалары дайыма адам укуктарын биринчи коюшуп, аны ички жана тышкы саясаттын туу чокусу катары кармап келишти. Эгер башка өлкөлөргө жардам беришсе да, кол салышса да анын бирден бир себеби катары адам укуктары болуп келди жана боло бермекчи. Деген менен, адам укуктары дайыма улуттук кызыкчылыктын призмасынан караларын да унутпоо керек.
Ошол эле адам укуктарын аздектеген АКШ деле өзүнүн мамлекеттик бекемдигин, күчтүүлүгүн, артыкчылыгын, демек, улуттук коопсуздугун экинчи орунга койбойт. Ошол эле европалык же башка демократиялык негизде өнүгүп келген өлкөлөр эч качан адам укуктарын улуттук коопсуздуктан өйдө коюшпаган, адам укуктары улуттук коопсуздуктун алкагында каралып келген. Муну ошол өлкөлөрдүн таржымалы, өнүгүү процессиндеги аки-чүкүсү, кызыктуу мисалдары тастыктап турат.
Эмне Батыш өлкөлөрүнүн мээсин чагып келаткан Россия Федерациясы, же экономикалык арымы менен башка державалардын маанайын чөгөрүп аткан Кытай башкача бекен? Кайсы жерде адам укуктары же эркиндиктери улуттук коопсуздуктан артыкчылыктуу деп табылды экен? Андай болушунун өзү кыйын нерсе, себеби мамлекет – бул башкарып жана көзөмөлдөп туруучу институт, андай миссиясынан ажыраган кезде мамлекет болбой калат.
Жакында эле биздин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети да жарандардын биометрикалык маалыматтарын жетүү укугун алуу максатында сунуш жасап, ал айрым чөйрөлөр же жарандар тарабынан салкын кабыл алынды. Түз эле адам укуктары менен эркиндиктеринин чектелиши тууралуу айтылып, бул маселени саясий өңүттөн карашты. Эгер УКМКга ушундай укукту берсек, биринчи кезекте алар саясий оппозицияга каршы иш алып барышат маанисинде жоромолдошту.
Чынына келгенде атайын кызматтар, алар кайсы өлкөдө болбосун, атам замандан бери эле тышкы жана ички көзөмөлдү (чалгынды) жүргүзүп келишкен. Атам замандан бери эле коомдо ар кандай келишпес күчтөр, тараптар болуп келген. Ар кандай багыттагы жана баалуулуктарга ыктаган саясий күчтөр тынымсыз аракеттенип келишкен. Ал күчтөр өлкөнүн ички турмушунда гана кайнай бербей, сырткы өнөктөрү, алакалары менен менен кошо аракеттенишкен. Ар бир тигил же бул топ, коомдук кыртыш, чөйрө өз кызыкчылыктары, умтулуштары менен жашайт, ал турган кеп. Ал эми мамлекет дайыма коомду көзөмөлгө алып, былк эттирбей чеңгелдеп кармап турган. Сырткы душман да, ички фрондерлер да байкоо астында болушкан. Мамлекеттин мындай үстөмдүк кылуучу миссиясы эми эле келип чыккан жок да, башкысы анын улуттук кызыкчылыктарга баш ийдирилгенинде.
Жакынкы эле тарыхтагы, 2001-жылы 11-сентябрдагы АКШда жүз берген террордук акты бир гана АКШнын эмес, башка да өлкөлөрдүн атайын кызматтарынын коопсуздук багытындагы ыйгарым укуктары менен иш-аракеттерин кеңейтти. Эгер мамлекет көзөмөлдүк иштерин сапаттуу жүргүзгөндө андай трагедия болмок эместиги да анык. Ал эми атайын кызматтарынын ишинин сапаты эгерде алардын көзөмөлдүк-чалгындоо мүмкүндүктөрүн кеңейтмейинче жакшырып кетпестиги да анык.
Ошол 2001-жылдан бери террордук актылар азайып кеттиби? Албетте, азайган жок, андан бери “Ислам мамлекети” сыяктуу үлкөн террордук армиялар пайда болуп кетти. Бүткүл дүйнөдө коомду быт-чытын чыгаруучу идеялар, ал идеяларды алып жүрүүчүлөр менен таркатуучулар жайнап жүрүшөт. Экстремисттик жана террордук багытта иштеп жаткандар азыркы технологиянын жетишкендиктерин ушунчалык бат жана ийкемдүү, ийгиликтүү өздөштүрүүдө, мобилдик технология алардын өз максаттарын ишке ашырууга жакшынакай жол ачууда. Бирок, аларга каршы туруу, ири каргашалардын алдын алуу жана болтурбоо жагынан атайын кызматтардын иши канчалыкжакшырды, аны айтуу кыйын. ЖаңыЗеландиядагы жума мечитинде жүз берген каргаша дале болсо коопсуздук, коомду көзөмөлдөп туруу жагынан көйгөйлөр барлыгын көрсөтүп койду.
Бүгүнкү дүйнө, коом ушунчалык татаал болуп калды. Айрыкча коомдук-саясий туруксуздук чөлкөмдөрү бар аймактарда ого бетер. А бизде дайыма баш оорутуп, коомдук чыңалууда кармап туруучу Фергана өрөөнү бар эмеспи. Андан калса, сырткы лобби менен ички кызыкчылыктардын кагылышы, жалгыз “лидердин” саясий кызыкчылыктары менен түзүлгөн партиялар амбициясы, диний секталар менен түрдүү фыркалардын тымызын жана ашкере конфронтациясы, акчанын күчү менен саясий амбицияга баш койгон олигархиянын кызыкчылыгынан, ар кайсы баалулуктардын дал келбестигинен келип чыгуучу ички коомдук араздар дайыма көзөмөлдөөнү жана келип чыгуучу ар кандай кесепеттердин алдын алууну талап кылат да. Мунун баарын мамлекет өзүнүн атайын кызматтары менен аткарбаганда улам бир жээктен экинчи жээкке секирип турган, саясий кызыкчылыктары үчүн анча-мынча баалуулуктарды курман чалып коё алган саясий партиялар же жем баштыгын кантип толтуруунун аргасын таппай кыйналган коомдук бирикмелер колго алышмак беле.
Акыркы кездерде өнүккөн өлкөлөрдө, анын ичинде Россия Федерациясында деле адам укуктары жана эркиндиктери менен улуттук коопсуздукту каршы койбоо, алардын өз ара тең салмагын сактап иш алып баруу багытында аракеттер байкалат. Мисалы, АКШда деле Конгресс тарабынан мурдатан болуп келген ички чалгын (көзөмөлдөө) адам укуктарын одоно бузбашы керек деген талаптар коюлуп жатат. Аны үчүн атайын кызматтарга кеңири көзөмөл жүргүзүү (телефондорун угуу, интернеттеги аккаунттарга чейин кирүү ж.б.) берели, бирок атайын кызматтар жарандардын купуя жашоосу урматташсын, аларды коомго алып чыгышпасын деген талап коюшууда. Албетте, бул боюнча дале дебаттар жүрүп, талкуулар улантылууда дечи, бирок улуттук коопсуздуктун маанисин түшүнүү барлыгын көрсөтүп жатышат. Ошол эле кезде атайын кызматтар ар бир жаранды көзөмөлгө алышына жол коюлбайт жана мындай масштабдуу чоң көлөмдөгү ишти бир дагы атайын кызмат аткара албайт. Көзөмөл даректүү жүргүзүлүп, биринчи кезекте улуттук коопсуздукка зыян келтирүүчү элементтерге, кылмыш дүйнөсүнө, бузукулук иштерин алып баруучу чөйрөлөргө карата атайын санкциялар аркылуу болушу мүмкүн.
А чынында адам укуктары жана эркиндиктерин улуттук коопсуздук маселесине каршы коюунун кесепети болбой койбойт. Бул экөө тең мамлекеттин өз жарандарынын алдыдагы биринчи милдеттеринен. Бири экинчисинен артыкчылыктуу эмес. Ошондуктан да коопсуздукту камсыз кылуу, ар кандай каргашалардын, кесепеттердин алдын алуу үчүн атайын кызматтардын көзөмөл мүмкүндүктөрүн кеңейтүү менен бирок жарандардын купуя жашоосун да камсыз кылгыдай мыйзам базасын түзүү, көзөмөл иштерин соттун чечимдери аркылуу убактылуу алып баруу жана ошол көзөмөл ишин мамлекет тарабынан көзөмөлгө алуу жагын да карап чыгыш керек.
Ар бир мамлекет өзүнүн күчтүү жана коопсуз болушун каалайт, аны үчүн түрдүү факторлор бар, ал эми көзөмөл фактору да четте калбай турган нерсе, тескерисинче, дүйнө боюнча бул фактордун актуалдуулугу улам барган сайын билине баштады.
Мындан чыкты, биз адам укуктарынжана эркиндиктерин биздин жашообуз үчүн дагы бир маанилүү нерсеге – улуттук коопсуздукка каршы коюшубуз – туура эмес. Андан көрө, бул эки маанилүү нерсени бирдей камсыз кылуу, бири-бири менен толуктоо жолун издегенибиз дурус. Себеби адам укуктарын камсыз кылуу улуттук коопсуздукту, улуттук коопсуздук адам укуктарын бекемдейт, башкача эмес. Коопсуздуктун кандай маанилүү экенин биз жакында эле – 2010-жылы июнь айында көрдүк, анын дагы бир жолу кайталанышын карапайым жарандар каалабайт.
Эркинбек КАМАЛОВ
Жалал-Абад шаары 15.04.2019.