Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Жалал-Абад илим изилдөө борборунун координатору Досбаев Абдисатар Жолдошалиевич жакында эле Баткен областына караштуу алыскы Зардалы айылына барып келди. Максат – эзели электр жарыгын көрбөгөн алыскы айылга электр кубатын берүү. Бирок, анын айтымында, мындай көйгөй Жалал-Абад областында да бар. Бул багытта ага бир нече суроолор менен кайрылдык.
-Сиз Баткен областындагы айтылуу Зардалы айылына барып келдиңиз. Элде “Зарыл ишиң болбосо – Зардалыда эмне бар” деген кеп жашайт. Бул барып-келүүңүздүн себеби, жөн жайы тууралуу айтып берсеңиз.
-Ырас, ал жакка барып келдик. Негизги себеп – ошол Зардалы айылына электр кубатын берүү, элди жарык менен камсыздоо, элдин жашоо-турмушуна ыңгайлуулук түзүү. Болгондо да ал тоолуу, жаратылышы кооз аймакты жашыл энергетика менен камсыздап койсок, жаман болбос эле. Ушул маселени чечүү максатында ал жакка барып, шарты менен кенен таанышым кайттым.
-Азыр 21-кылымда жашап атабыз, адам баласы Марс планетасына учканы жатат. А бирок Зардалыда ушуга чейин электр жарыгы жок экени кызык. Буга чейин аракеттер болбогонбу?
-Бул эми өкмөттүн, бийликтердин иши. Буга чейин аракеттер болгон экен, мисалы эгемендик жылдары башталган мезгилде, болжол менен 1993-1994-жылдары 30 киловатт/саат кубаттуулуктагы эки комплект турбинаны алып барышкан. Аны ошол кездеги “Фрунзе” совхозунун жетекчилиги алып барган дешет. Бирөөнү орнотушса, бир саат иштеген соң токтоп калган экен, адис жоктугунан ошол бойдон кайра иштетилбей кала бериптир. Экинчи турбина Зардалыга жетпей ара жолдо – Кара-Бак айылында калып кетиптир. Эгер ошол эки турбина курулуп, иштетилип калса, 20 үйдү жарык, электр кубаты менен камсыз кылышмак эле. Анан ошол бойдон айылды электрлештирүү маселеси унутта кала берген. Эми кайра маселе көтөрүлүп жатат.
-Эми бул маселени кандай чечсе болот? Адис катары сиз эмнелерди көрүп келдиңиз, кандай корутунду жасадыңыз?
-Адегенде бул демилгени ким көтөрүп жатканын айта кетейинчи. Жыл сайын зардалылыктар жана Кара-Бак айыл өкмөтү электрлештирүү маселесин көтөрүп келишет. Бирок, ал жакка бир дагы адис барып көрбөптүр. Быйыл биздин барышыбызга туура келди. Ал жакка барып, электрлештирүү мүмкүнчүлүктөрүн изилдеп кайттык. Электрлештирүү үчүн, албетте, аккан суу болушу абзел, ал суу каяктан келет, кантип агат, суунун жылдык болжолдуу көлөмү канча, ушуларды изилдеп алмайын, бул маселени чечүүнүн жолун табуу кыйын. Ал жерде биз чакан (микро) ГЭС куруу зарылдыгын көрдүк. Ага ылайык шарттар бар экен.
-Мисалы, кандай шарттар бар экен? Ушуну кененирээк айтып кетпейсизби?
-Негизги суунун агымы жана жылдык суу агымынын чыгымы болушу керек. Ошондо ал жерге турбина орнотуп, электр тогун алса болот. Зардалыда үч суу агат экен, алар – Сох дарыясынын башталышы болгон Арча-Башы, Кашка-Суу жана Ак-Терек суулары. Сунун агымы секундасына 8-10 кубометрге жетет, кышындасы 4-5 кубометрге азаят экен. Барганыбызда биз Ак-Терек суусундагы шаркыратманы көрдүк, ал 200 метр бийиктен түшөт экен. Ага чакан ГЭС куруп, 3 мегаватт/саат же 300 киловатт/саат электр кубатын алса болот. Андан тышкары да Зардалынын Дөң участкасында аккан сууга 30 киловатт/сааттык чакан ГЭС курса болот экен. Ошондо ал жердеги элди кышын-жайын электр кубаты менен тейлесе болот. Шарттар жетиштүү, ыңгайлуу экенин көрдүк. Эми биз айыл өкмөтүнө өзүбүздүн корутундубузду беребиз, келишимдик негизде электрлештирүүнүн долбоорун да түзүп беребиз. Калган иштер жергиликтүү бийликтердин мойнунда.
-Зардалы тууралуу да айта кетсеңиз, ал жакта азыр канча киши жашайт экен?
-Эми бул айылдын абдан алыста жайгашканын бүт Кыргызстан билсе керек. Баякы жылдары эл аралык террористтер да ушул айылга келишкен. Айылдагы 110 түтүндө 1000ге чейинки туруктуу эл бар экен. Бул жайындагысы, ал эми кышындасы айылда 400дөй киши калат, калганы ылдый көчүшөт. Ээлеген аянты 90 гектар бар. Эң алыскы, байыркы айыл катары эсептелет, бирок ушул кезге чейин зарыл инфраструктуралары курулган эмес. Жолу да начар, кийин гана эгемендик жылдарында жол салынып, ал да Зардалынын өзүнө чейин барбайт. Баткенден 120 чакырым алыстыкта болсо, анын 112 чакырымын күчтүү, Жип, “Нива” сыяктуу машиналарда барасың. Калган 8 чакырымын жөө же ат-эшек минип жүрүүгө туура келет. Кыскасы, ал жакта электрлештирүүдөн башка да жасалуучу иштер көп экенине ынандык.
-Ал жакты башка жол менен электрлештирүүгө болбойбу?
-Эң башкы ресурс – суу, ал арзан да, таза да болот. Агып аткан суунун күчүн колдонуп, электр энергиясын алуу жеңилирээк. Азыр Кыргызстандагы агып жаткан суулардын араң дегенде 10 пайыз мүмкүнчүлүгүн пайдаланып жатабыз, 90 пайызы бекер эле агып кетүүдө. Ал эми күн энергиясын алуунун чыгымы көп, кымбатка түшөт, ага даяр эмеспиз. Ошондуктан, Кудай берген суунун агымын пайдалана бергенибиз оң, ал биз үчүн эң эле ыңгайлуу.
-Деги эле жыйырманчы кылымдын биринчи чейрегинде башталган электрлештирүү бүтпөй койду го. Жалал-Абад областында да ушундай аймактар барбы?
-Мындай электрлештирилүүчү аймактар Кыргызстанда да, анын ичинде биздин Жалал-Абад областында да бар. Мисалы, айтылуу Жазы-Кечүүдө чакан электр станциясын куруу маселеси көптөн бери айтылып келет, бирок ишке аша элек. Ушундай эле айылдар Аксы районундагы Кызыл-Бейит, Бекечал, Токтогул районунун Кетмен-Төбө өрөөнүндө дагы 5 айыл бар. Булардын баарына электр кубатын бериш керек. Бирок, чоң маштабдан алып караганда Кыргызстандын электрлештирүү жагынан башка өлкөлөргө караганда абалы жакшы. Афганистанда электр менен камсыз кылуу 30 пайызга гана жетет. Пакистанда да абал жакшы эмес, ошондуктан да Дүйнөлүк банк CASA-1000 долбоорун демилгелеп, ал өлкөлөрдү электрлештирүүнү жакшыртуу жагынан аракет кылып жатат. Ал долбоорго Кыргызстан да кирет, бизден ал жакка элекр кубаты экспорттолот. Башканы айтпа, кошуна турган кубаттуу Кытай өлкөсүндө да электр менен камсыз кылуу жагынан көйгөй көп. Кошунабыз Тажикстанда да, Өзбекстанда да көйгөйлөр бар, ага караганда бизде абал жакшы.
-Берген жоопторуңуз үчүн рахмат!
Жалил САПАРОВ,
журналист.