Немистердин RIMC Hotels & Resorts Group компаниясы Өзбекстандын турисзм тармагына 4 миллиард доллар инестиция кийирип, өнүктүрүү долбоорун ишке ашырмакчы. Негизинен мейманканаларга, соода борборлоруна жана аэропортко көп көңүл бурулат. Бул тууралуу Podrobno.uz жаңылыктар агенттиги билдирди.
Өлкөнүн баш калаасынын акимчилиги билдиргендей, ири шаарлар Ташкентте, Самаркандда, Бухарада жана Хивада мейманканалар курулуп, заманбап соода, иштиктүү жана маданий-эс алуу борборлору пайда болот, ошондой эле жол инфраструктурсы менен аэропорттор модернизацияланат. Бул иштерге жумшалуучу каражаттаны жалпы суммасы 4 миллиард доллардан ашып кетет.
Эки тараптуу сүйлөшүүлөр убагында RIMC Hotels & Resorts Group тарабынан Өзбекстандын баш калаасында “Этно парк” долбоорун ишке ашыруу, премиум класстагы отелдерди куруу тууралуу да талкууланды. Деген менен, RIMC Hotels & Resorts Group компаниясы өзүнүн 30 жылдык тарыхында дүйнө боюнча дээрлик 200 мейманкана куруу долбоорлорун жүзөгө ашырган.