Жалал-Абад областында быйылкы биринчи чейректе балдар кылмыштарынын саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу азайганы менен айрым аймактарда өсүп кеткен. Бул тууралуу Өкмөттүн областтагы өкүлчүлүгүндө өткөн жыйында айтылды.
Быйыл алгачкы үй айда област боюнча өспүрүмдөрдүн арасында 29 кылмыш катталып, өткөн жылдын ушул мезгилине карата 9 кылмыш фактысына азайган. Бирок, айрым район-шаарларда балдар арасындагы кылмыштуулук күчөп кеткени байкалат. Мисалы, быйылкы биринчи чейректе Кара-Кѳл шаарында балдар тарабынан жасалган 3 кылмыш катталса, өткөн жылы дегеле катталган эмес болчу. Ал эми Таш-Кѳмүр шаарында өткөн жылдын биринчи чейрегинде балдар кылмышы катталбаса, быйыл 5 факты катталган. Токтогул районунда өткөн жылы алгачкы үч айда 1 гана кылмыш катталса, быйыл 3кө жетти.
Жыйында балдардын өз жанын кыюу көйгөйү тууралуу да кеп болду. Быйылкы биринчи чейректе 4 бала өз жанын кыйган факты катталып, өткөн жылдын ушул мезгилинин деңгээлинде калган. Мунун ичинен балдардын өз жанын кыюу боюнча Сузак, Ала-Бука, Аксы, Чаткал районундорунда бирден факты катталды.