Чаткал районундагы Терек-Сай айылында калкты акысыз автобус менен тейлөө колго алынган. Бул мурдатан бери калыптанып калган жакшы жөрөлгө. Бирок, айыл калкы таза суу зар болуп келет.
Айыл аймагында тоо-кендерин иштетип жаткан компания каржылап, айыл калкы автобуста акысыз жүрөт. Айыл ичинде автобус күнүнө 8 жолукаттап, айылдын баш-аягы 8 чакырымга созулган. Айыл өкмөтү жергиликтүү бюджетке тоо-кен тармагынан түшкөн каражатты туура пайдаланып, айыл ичиндеги инфраструктураны жакшыртууну пландап жатат.
Бирок, Терек-Сай айылыны 5 миңден ашуун калкы таза сууга зар болуп келет. Тургандар айыл аралап өткөн сайдын суусун ташып ичүүгө аргасыз. Ошол эле суудан ит-куш да ичип, санитардык жактан таза эмес, ичи акыр-чикирге толо баштаган. Суу нугунан желим буюмдардан баштап, электр жабдыктарына чейин табууга болот.
Алынган маалымат боюнча, Терек-Сай айыл аймагында союз убагында таза суу чыгып келген. Эгемендүүлүктөн кийин суу тутуму жакшы каралбай, түтүктөрү талкаланып бүткөн. Көйгөйдү жергиликтүү бийлик колго алайын десе, каржылык дарамети жетпейт, ошондуктан мамлекеттик деңгээлде колдоого муктаж.