Чаткал районундагы Тере-Сай айыл өкмөтү калкты жаңы жумуш орундары менен камсыз кылуу үчүн быйыл 17 миллион сомдук курулуш иштерин жүргүзмөкчү. Райондун борборунан алыс тоо койнунан орун алган айылда соода түйүн жайгашкан 2 кабаттуу жаңы имарат курулат жана ал жергиликтүү бюджеттен каржыланат. Айыл өкмөтүнөн билдиришкендей, курулуш долбоору толугу менен бүтүп, тиешелүү экспертизалардан өттү. Эми куруучу компанияларды тандап алуу үчүн тендерге берилет. Имарат бүтүп, ишке берилсе, болжол менен 30 киши жумуш менен камсыз болмокчу.
Эскерте кетсек, Терек-Сай айыл аймагы — Чаткал районунун борборунан 110 чакырым алыста жайгашып, 5 миңден ашуун калк жашайт. Терек-Сайдын айланасын тоо-таш курчап тургандыктан жергиликтүү жашоочулар дыйканчылык кыла албайт. Терек-Сай аймагында алтын кенин иштеткен компания бар, элдин көпчүлүгү ошол өндүрүштө эмгектенет. Тоо-кен компанияларынан түшкөн каражат жергиликтүү бюджеттин негизги кирешесин түзүп, ал каражаттын жардамы менен айыл аймагы дотациядан чыккан. Кенден түшкөн каражаттын эсебинен айыл аймакгында жаңы социалдык курулуштар салынууда.
Жергиликтүү калктын бала бакчага болгон муктаждыгы да чечилген. Жергиликтүү бюджетинин эсебинен 32 миллион сомго жаңы 100 орундуу бакча имараты курулган. Заманбап бала бакча керектүү эмеректер толук камсыздалды. Бакчанын пайдаланууга берилиши менен он чакты адам жумуштуу болду.