Сузак райондук маданият бөлүмүндө жарым жылдан бери жетекчи тандалып алына элек. Ар кайсы талапкерди кызматка сунуш кылган маданият кызматкерлери да өз ара араздашууда. Ал эми райондук бийлик тандалып алынган талапкер менен иштешүүгө даярдыгын билдирет. Бул кызмат талашкан ызы-чууга маданият министрлиги менен райондун акими качан чекит коёт?
Сузак райондук маданият бөлүмүнүн башчысы жарым жыл мурда жумуштан кеткен. Андан бери анын ордуна башка жетекчи дайындала элек, бирок талапкерлер арбын. Маданият министрлиги жарыялаган биринчи сынакка төрт талапкер катышып, бири да өткөн эмес. Экинчи сынакка алты талапкер катышкан, анда бир талапкер жеңүүчү болду.
Маданият кызматкерлеринин айтымында, райондук маданият бөлүмүн жетектөө үчүн талапкер кесипкөй адис жана маданият тармагында тажрыйбасы болуусу шарт. Алар экинчи сынактан жеңип чыккан Умсунай Кадыркулованын жетекчи болуп иштешине каршылык билдирип, жогорку органдарга кайрылуу жасашкан. Ошонун негизинде райондун акими сынактан жеңип чыккан талапкерди дайындоо боюнча Маданият, маалымат жана туризм министрине кат жөнөтүүдөн баш тарткан.
Мурда Сузак райондук билим берүү бөлүмүнө жетекчи кадр тандоо боюнча да көптөгөн интригалар болуп келсе, эми мындай ызы-чуу райондук маданият бөлүмүндө улантылууда.
Учурда Сузак райондук маданият бөлүмүндө чыгармачыл 13 киши иштесе, алар айына 5000мин сомго чейин эмгек акы алышат. Ал эми Сузак райондук маданият бөлүмүндөгү ызы-чуу жараткан бул кызмат талаш кандай чечилерин убакыт көрсөтөт.